повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
– Эсимде, Толгонай. Сен ошондо мага кайрылып, мындай дегенсиң: «Жер, жан жараткан жер, бизди көтөрүп жаткан жер, сен бизге таалай бербесең эмнеге жер болуп орнойсуң да, биз эмнеге дүйнөгө жаралабыз! Биз сенин балдарыңбыз, жер, тилектеш болгун, ак тилегибизге жеткиргин!» – деп айткансың, Толгонай.
– Ооба, ошентип айткам. Күн чыгарда көзүмдү ачсам, Субанкулум жанымда жок. Ал эчак эле орок оруп жүрүптүр. Качан турганын билбейм, тимеле кыйратып салыптыр: ачылган аңызда боо-боо түшүп жаткан эле буудай.
– «Ай, Субанкул, бул эмнең?» – десем, алаканы менен терин арчый берип: «Сени уктасын дедим элем» – деп, күлүп койду. Мен кара күчкө эле таарына түштүм: «Кечээги айткандарың кайда, ушунуң да теңчиликпи?» Ушинтсем, орогун таштай салып, жүгүрүп келди да, мени кучактап алып, колуна көтөрүп: «Көзүңдөн айланайын, Токон, көзүңдөн болоюнум, теңбиз, мындан ары жаман-жакшынын баарына теңбиз!» Ал ошентип мени колунан түшүрбөй, эркелетип бир нерселерди айтып жатты, мен болсом кыткылыктап эле күлө бердим. Бир убакытта карасам, мени көтөргөн бойдон Субанкул дөңсөөгө жүгүрүп чыкты да, кылтыйып баш баккан күнгө кайрылып: «Эй, күн, көрдүңбү? Көрдүңбү, менин жубайымды! Мына, мынакей, көрүп ал, көрүндүгүңдү бер, бергин сүйүнчүңдү аябай!» – деп кыйкырды. Тамашасыбы, чыныбы билбейм, мен ошондо ыйлап жибердим, тек анчейин, жүрөгүмдө оргуган кубанычка аптыгып ыйладым.
– Кой, Толгонай, азыр ыйлаганың болбос. Ал ый башка болчу, адамдын өмүрүндө ал бир гана жолу боло турган ый. Эми эмнеге ыйлайсың? Антпе, же тилегиңерге жетпей калдыңар беле? Айтчы чынынды, силерчелик ким бактылуу болду эле?
– Аның чын. Жаңы заманда Субанкул экөөбүз эмгегибиз менен жетилдик. Билесиң го, жаз-күз дебей кетмен колдон түшчү эмес. Мээнетибиз кайтты – үйлүү-жайлуу болдук, мал да күттүк. Тилегибизге жетип, үч уулдуу болдук. Ооба, удаалаш үч уулдуу болдук. Азыр кээде санаа чегип отуруп, ушундай бир адам ойлобос жаман ойго кетем: эмне үчүн жыл маалы өтүп эле койчо төрөй бердим экен? Элдикиндей болуп араларынан үч-төрт жылдан өткөндө, балким, андай кырсыктан сырткары болушар беле деп да кетем. Же туулбай коюшса деле эмне болмок эле! О, бооруңарды жегирлер, айланып-кагылып кетейиндерим, сөзүмдү күнөө көрбөгүлө, кечиргиле, кечиргиле энеңерди! Ичим өрттөнүп, өлүп бара жаткандагы кебим да!.. Кантейин, кантейин...
– Толгонай, эсиңе кел. Сөзүңдү кайра алгын. Ал балдарга шек келтирбе. Аларды мен тырмактайынан көрүп-билип жүрдүм го. Алардын басып кеткен издери көзгө көрүнбөгөнү менен, менин көкүрөгүмө кат болуп сакталып калган, Толгонай. Ал үч бир тууган силердин балдарыңар экенин баягыда, Субанкул ушул жерге биринчи жолу трактор айдап келгенде билдим.
– Ооба, ооба, так ошондо Субанкул ошол жылы кышы менен суунун аркы өйүзүндөгү чоң кыштакка тракторчунун курсуна барып-келип үйронүп жүрдү. Анда тракторду ким билсин. Субанкул үйгө кечигип келгенде, кайдагы бир болбогон баланын жумушуна убараланып жүросүң, мурунку эле бригадирлигиң жакшы эмес беле, эл катары эле оокатыңды кылсаңчы деп, урушуп да кетер элем. Антсем кайра күлүп койчу: «Тракторду сен оюнчук көрүп жүрөсүң го. Шашпа али, Токон, жазында айдап келгенде билерсиң» – дээр эле. Сырттан тоңуп келген түрүн көрүп, койчу эми деп, кайра аяп кетчүмүн. Көрсө, Субанкул билип жүргөн экен. Тракторчулардын окуусуна айылдан сабаттуу эч ким чыкпай калганда, Субанкул өзү мен барам, сабатсыздыгымды да жоём деп, бригадирликтен бошонуп алган. Ал кезде Касым менен Майсалбек мектепке окуп калган болчу, мугалим ошолор. Кечинде үй-ичибиз менен алекпиз. Субанкул жерге боортоктоп жатып алып, жазуусун үйронгөндө, үч уулу үч жагынан ыкташып, ата минтип жаз, калемди минтип карма, колуңду калтыратпа, түз жаз, – деп кужулдашып жатар эле. Кетмен чапкандан бетер Субанкул кара терге түшүп кете турган. Чыдай албай күлкүм келчү: «Койсоңорчу, балдар, атаңарды жүдөтпөй, молдо кылмак белеңер аны. Субанкул, жаныңды мынча кыйнабай, же молдолукту, же тракторду үйрөнсөңчү!» – десем, үшкүрүп жиберчү: «Сеники өттү го. Тракторду үйрөнүш үчүн анча-мынча молдолук керек турбайбы. Тамаша кылбачы!» Айтор, ушинтип жүрүп, акыры көздөгөнүнө жетти.