повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Эрте жазда топурак тоборсуп көпчүй[2] келгенде, айылдын сыртында күркүрөгөн дабыш чыгып, алда-кайдан үрккөн жылкы көчөнү как жара, таноолорунан бышкырышып, тобу менен дүрбүп өттү. Бул эмне болуп кетти деп, эшикке чуркап чыксам, чарбактарды этектеп трактор келе жаткан экен. Капкара чоюн машина түтүнүн бурулдатып, арбайган дөңгөлөктөрү менен жер чапчып, улам көчөгө жакындап, дүрүлдөп келе берди. Анын жанында жүргөн элди көрсөң, кары-жашы дебей, бүт айыл чуулдап, чапкылашып жүрүшөт. Эл менен кошо мен дагы жүгүрүп жеттим. Карасам үч уулум үчөө тең бирин-бири карманышып, трактор айдаган атасынын жанында келе жатышат. Түрлөрүн көрсөң жоо сайып келгендей, көздөрү чырактай жайнап, жүздөрүнөн нур төгүлөт. Деги бир ыраазы болуп, дегдеңдеп мактанып келе жатышкан экен. Алар ошол күнү эртең менен эле көпүрөгө чуркап кетишкен болчу, көрсө ал чунактар трактор тоскону кетишиптир, мага да айтышпайт, жибербей коёбу дешсе керек. Балдар үчүн эсим чыгып, алда эмне болуп кетеби деп:

– Касым, Майсалбек, Жайнак, силердиби! Түшкүлө! – деп, кыйкырсам, трактордун дүрүлдөгөнүнөн өз үнүмдү өзүм укпай калдым. Субанкул менин эмне дегенимди түшүндү окшойт, коркпо дегенчелик күлмүңдөп, колун булгап койду. Ал дагы кубанычы маңдайына батпай, сыймыктанып келе жатыптыр. Субанкул ошондо жапжаш эле экен, кара мурут жигит чагы. Ботом, балдардын атасына ушунчалык окшош экендигин ошондо көрсөм болобу. Тимеле төртөө тең бир тууган дээрлик. Өзгөчө Касым менен Майсалбек куду эле Субанкулдун өзү, куюп койгондой, айныбайт. Кичүүм, Жайнагым болсо, мага окшошураак сары тултук эмес беле.

Трактор ошо бойдон айылга токтобой, түз эле сыртка чыгып кетти. Баарыбыз тең аттуу, жөө болуп, калбай ээрчип келе жатабыз, кызыкканыбыз – жерди кантип айдаар экен? Соконун үч катар тиштери кыртышка сүңгүп кирип, жердин тереңинен толкун айдагандай, айгыржал чымдарды жапыра оодарып жүрүп кеткенде, элдин баары чуулдап, «бали-бали!» – дешип, кетенчиктеп кошкурган аттарды камчыга ала дагы да трактордун артынан дүрбүп жөнөп калышты. Эмне болуп көпчүлүктөн бөлүнүп калганымды билбейм, бир убакытта карасам, жалгыз өзүм эле калыптырмын. Трактор узагандан узап бара жатты, а мен болсом тек гана артынан карап жалдырап туруптурмун. Бирок, ошондо жер үстүндө менден бактылуу эч ким болгон эмес чыгар! Сүйүнчүм экиге бөлүнүп: же Субанкулдун айылга биринчи жолу трактор айдап келгенине сүйүнөрүмдү билбей, же уландарымдын ушинтип көзгө көрүнүп, жетилип калгандарына сүйүнөрүмдү билбей, жалына бердим: «Жанаша турган карааныңардан айланайындарым! Ылайым атаңардай эле киши болсоңор, ыраазымын, ыраазымын ошондо тагдырыма!» – деп турдум.

– Ооба, Толгонай, эне болуп, энелик үзүрдүн эң сонун мезгили сен үчүн ошондо башталган. Сен анда баралыңа жетип, толуп турган күчтүү аялсың. Жумушту да жаштардан калышпай, кыйын иштечү элең.

– Ден соолук болсо, иштегенге эмне жетсин. Андан калса, чын эле телегейим тегиз болгон экен. Бирге өскөн теректердей болушуп уулдарым эр жетип, ар кимиси өз жолдорун жолдоп калышкан. Касым атасынан үлгү алдыбы, трактор айдайм деп жүрүп, трактор айдап, анан комбайнчылыкты үйрөнүп чыкты. Бир жай комбайнда штурвальный болуп, тээ аркы өйүздөгү «Кайыңды» колхозунда иштеп жүрдү. Кийинки жылы кайра өзүбүздүн айылга комбайнчы болуп дайындалып келген. Эне кургурга балдарынын баары бирдей ысык эмеспи. Ошентсе да, ортончум, Майсалбегим, менен көбүрөөк сыймыктанар элем. Мүмкүн, сагынып жүргөндүктөн болуш керек: уясынан эрте учкан балапандай, Майсалбегим үйдөн эрте кетпедиби. Ал башынан эле мектепте жакшы окучу эмес беле. Ии, китепке өчүн ай, китеп дегенде жантыгынан жата калар эле. Ушинтип жүрүп, мектепти бүтүрөр замат, мугалимдик окууга, шаарга кетпедиби. Берки кичүүм, Жайнак болсо, өтө бир шайыр, ачыкайрым жигит болуп өстү. Үйгө токтоо деген жок эле го анда. Комсомолдун секретарымын деп, жаштар кайда болсо ошондо: жыйналыш, оюн, ыр, кереге газет – ошолор менен эле алек. Кээде жиним келип: «Эй, безарман, кыягыңды, төшөнчүңдү алып, биротоло колхоздун мекемесине көчүп кирип алсаңчы. Үй-жайдын сага кереги деле жок турбайбы!» – десем, Субанкул уулуна болуша кетер эле. «Ачуу этпе, апасы, көпчүлүктүн жумушу. Анчейин жүргөн болсо мен деле тизгинин тартып коёр элем» – дей турган. Субанкул ал кезде бригадирлик жумушуна кайра келген болучу. Тракторду анда жаштар айдап калышпады беле.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.