повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
Жаштар гана эмес, нары жакта туруп, бул тамашага биз да аябай кандык, күлүп боорубуз жок. Ошондогу асмандын ыраңы ай! Ошондогу күндүн жаркырашы ай, ошондогу эгиндин дандуусу ай, ошондогу элдин күлкүсү ай!
– Ооба, ооба, Толгонай. Ал күнү так ушундай болгон. Сен ал күнү таалай дегенди дагы да тереңирээк түшүнүп, мага сырыңды айткансың, Толгонай.
– Мен азыр да ошону айтмакмын. Мен азыр да ал түшүнүгүмдөн кайтпаймын. Мен азыр да ал күнкүнү түгөнгүс жомоктой айтам.
Аздан кийин орокчулар жумушуна киришип, аңызда иш кызып, саратан чырылдап, күн кайнады. Бирок эртең мененкиден калган кубаныч улам жүрөктө талпынып, көңүлүмдү өстүрүп, салкын желдей сергитип турду. Ошол күнү болгондун баарысы мен үчүн болгондой, атайлап таалайыма жасалгандай сезилип жатты. Көзүм көргөн, кулагым уккандын баардыгы дүйнөнүн, жашоонун көркүн ачып рахаттандырды. Шынгыраган ороктор, шуудурап жыгылган буудайлар, жагымдуу үн алышып жатса, нары жакта Касымдын комбайны, кирген суудай күркүрөп, «Оп майданын» жаңычасын ырдагандай, эгинди жапырып чаап жатты. Комбайнда турган Касым, шаркыратмадай куюлган буудайга алакандарын тосуп, толо кочуш данды бетине алып келип жыттаганда, өзүм да семире түштүм: жарыктык дандын жытындай асыл жыт эмнеде болсун! – «Э-эй, арабакеч, бол эрте! – деп, Касым тоонун башынан үн салгандай кыйкырды эле, тактай араба жетип келип, комбайн токтой калганда, Алиман: «Суусун жеткире коёюнчу!» – деп карапаны алып, Касымга жүгүрдү. Аңызды аралап, кызыл жоолук, ак көйнөк Алиман чуркап бара жатканда, колунда кармаганы карапа эмес, жүрөгүн тартуу кылып көтөрүп бара жаткандай, сүйгөн жарына берилгендик анын бүт кыймылынан көрүнүп турду. «Баса, Субанкул да суусаган чыгар» – деген ой менен, жанжакамы карасам, көрүнбөйт. Кайдан көрүнсүн, орок башталары менен бригадирде тыным болчу беле. Эртеден кечке аттан түшпөй, талаада чапкылап жүргөнү жүргөн да.
Кечке жуук орокчуларга деген жаны буудайдын наны да даяр болду. Жаӊы нандан эң биринчи иретте орокчулар ооз тийиш илгертен салт эмеспи. Ал нанды өгүнү биз аңыздардын четинен оргон боолорду токмоктоп даярдашкан болчу. Жаңы буудайдын нанынан ооз тийгенде, ар качан касиеттүү даам татыгандай болом, өңү кара болгону менен, камыры суюк жуурулгандай, жаңы нан анча-мынча жашыгыраак болгону менен анын дүмбүл даамына, күн, жер, түтүн жыттанган жытына эмне тең келсин!
Карды ачкан орокчулар арыктын боюна жыйналып келишкенде, күн эгиндин үстүнө кочкул от ойнотуп, ылдый түшүп келген болчу. Ал күнкү жарык кеч көпкө чейин иңирге жол бербечүдөй болуп турду. Биз үй-бүлөбүз менен алачыктын сыртынан орун алдык. Субанкул ана-мына жетип келмек эле, Жайнак болсо адатынча дагы жок, агасынын велосипедин минип, кызыл үйгө[5] баракча илмекчимин деп, шашып кеткен. Алиман жоолугун жерге жая салып, үйдөн алып келген алмаларды чачып таштады да, кеселерге ачыма куйду. Арыктагы сууга колун жууп, комбайнын токтоткон Касым да келип отурду. Чарчаңкы кыймыл менен нан туурап жатып ал:
«Ысык эле бойдон экен. Ал, апа, жаңы буудайдын нанынан биринчи ооз тийгин», – деди.
– Быссымылда, – деп, нандан алдым да, чайнап жатып, кандайдыр бир жаңы даам, жаңы жыт сездим. Ал жыт – комбайнчынын колунун жыты эле – саман, кара май, темир жыттанган колдордун жыты. Нандын ар бир туурамы ушундай керосин жыттанып жатты, бирок андай таттуу нан жеп көрбөгөн элем, анткени, ал нанды уулумдун эмгекчил колдору туурап берген, анткени, ал нан көпчүлүктүн, ушул жанаша отурган элдин тапкан наны эле. Ошол учурда мен эне деген эмне экенин, анын таалайы, мисалы, буудайдын өнүп чыккан сабагы болсо – түп тамыры жер менен байланышкандай, элдин, көпчүлүктүн бак-таалайынан ажырагыс экенин ойлондум. Ооба, мен азыр да ушул ойдо бекмин. Мейли, керт башыма эмнелер түшпөдү... Эл-журт бар экен – турмуш да бар...
Айтор, Субанкулду күтүп отургуча кеч кирип кетти. Жаштар тигиндей суу боюна барышып, жар үстүно алоолонгон от жагышып, ырдап жатышты. Алардын ичинде кыяк тартып, үн созгон Жайнактын добушу кулакка тааныш да: «Үнүңдөн болоюнум, жаш чагыңда ырдай бер, теңтуштар менен салган обон пейилди тазартып, адамды адамга жакындатат эмеспи» – деп угуп отурдум. Энемин да, ошол саатта да ойлогонум – балдар, алардын келечеги. Касым го – өзүнчө болуп калды, – деп ичимден түгөлдөп жаттым, жаз чыгары менен келинчеги экөө бөлүнүп, үй-жай күтүп кетишет. Иштермандыгы – дал эле атасынын өзү, караңгы түшсө да, комбайн, трактордун чырактарын балбылдатып, дале талаада эгин чаап жүрөт. Алиман да жанында, иш арада бир минут бирге болушса да, кымбат эмеспи. Майсалбегимди ойлогондо, сагынганымдан жашый түштүм. Өткөн жумада кат жазып жибериптир, быйылкы жайда үйгө келалбасмын, пионер лагерине жетекчи болуп Ысык-Көлгө жөнөп жатам деген болчу. Мейли, сүйгөн иши ошол экен, кайда жүрсө да, аман болсун деп, тилеп жаттым.