повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Биз ушинтип сүйлөшүп турган түн, көрсө, дүйнөнүн эң каргашалуу түнү экен...

 

II

– Башыңды өйдө көтөр, Толгонай, кайрат кыл.

– Жарайт. Андан башка чарам барбы. Эсиңдеби, айланайын тууган жер, ошол күнкү?

– Мен эчтекени унутпаймын, Толгонай. Жарык дүйнө орногондон бери, кылымдар тагы баары менде. Китепке сыйбаган, адамдын эсинен чыгып жоголгон тарыхтын баары менде. Сенин да баштан өткөргөн тагдырың жүрөгүмдө. Сүйлөй бер, сүйлө, Толгонай, сүйлө пендем, бүгүн кулак сенде!

– Ох, эмнени айтайын. Ошонун эртесинде, күн чыгалекте орок оруп, жумушка кириштик. Ал күнү биз чоң сайдын үстүндөгү жар бойлогон аңызга түштүк. Жаңы эле орок шилтеп, кызып келе жатат элек, суунун аркы маңдайында чаап келе жаткан атчан көрүндү. Тимеле артынан куугун түшкөндөй, камышты, бадалды аралай, ат жалына жата калган неме, суунун жээгиндеги таштакка жете келди да, аттын оозун тартпай түз урду. Бул ким болуп кетти, төмөндөгү көпүрөгө салбай, мынча эмне шашылды деп карап калдык. Атчан орус жигит экен. Жээрде айгырды камчылап, ал сууга сала бергенде, баарыбыз тең дал болуп туруп калдык: дайра киргенде бул жерден эч ким даап өтчү эмес, ат түгүл төөнү агызып кете турган ташкын жүрүп жатса, өлалбай жүргөн неме го? «Ай, жолдош, токто, кайт артыңа!!» – дегиче болбой, кетенчиктеген айгырды тик тургуза камчы шыбап, жанагы атчан сууга урду. Ал бир нерселерди кыйкырып, бизге кол булгалады, бирок дайранын шарынан эчтеке угулган жок. Күлдүрөп, көбүктөнө өркөчтөнгөн суу көз ачып жумганча, атчанды алып жөнөдү. Кулагын жапырган айгырдын башы толкундар арасынан бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй, ат жалын эки колдоп карманган кишинин шапкесин башынан жулуп кетип, өжөрлөнгөн дайра адамды агызып бара жатканы менен, агымдын өз күчүн пайдаланып, атчан кыйгачтай жүрүп отуруп, акырындап жээкке жакындай берди. Ал тээ төмөн тегирмендин тушунан өтө берип, суудан чыкканда, баарыбыз тең жеңилдене дем алдык. Кээ бирлер – азамат, жигит экен дешсе, кай бирлери бул – соо эмес, мас болуп кутуруп жүргөн неме дешти.

Тегирмендин жанында эгин чаап жүргөн Касымдын комбайны жым болуп токтоп калганда, мен ага анча деле назар салган жокмун: дагы бир жери бузулган чыгар, иш үстүндө ар кандай боло берет эмеспи. Өйдө карабай орок тарта бердим, аңгыча жанымда жүргөн Алиман: «Эне!» – деп, ачуу чаңырды. Мындай карасам, орогун колунан түшүрүп, келиним кан-сөлү жок купкуу болуп турган экен. Жылан чаккан экен деп, «кокуй, апамдын баласы, эмне болду?» – деп жанына жетип бардым. Алиман унчуккан жок. Анын алайган көздөрү тиктеген тарапты карай бергенимде, тула боюм дүр эте түштү. Комбайндын жанында алда кандай кыйкырыктар, туш-туш жактан буудайды аралап жүгүрүп келе жаткан эл, атчан, кээ бирлери арабада тик туруп, камчыны үйүрө салып-уруп келе жатышат. «Кокуй, энеке! – деп кыйкырган Алиман, комбайнды көздөй жулунуп жүгүрдү. «Ой, булар соо эмеско! Комбайндын бычагына илинип, майып болгон го!» – деген сөздөр, кулагыма шак дей түштү. «Бол, кеттик!» –  дегенде, орокчулар жабыла чуркашты. «Кудай сакта! Кудай сакта!» – деп, алардын артынан жүгүрүп келе жатып, арыктан секире бергенимде, бет алдымдан кетип, кайра тура калып, кайра жүгүрдүм. Ой, ошондогу жан далбасым ай! Буудайдын арасына өрт кеткенсип, үстүмдөгү көйнөгүм, бүткөн боюм, чачымдын түбүнө чейин жалбырттап, өрттөнүп келе жатам. Асмандагы сокур күн, чел баскандай апапак, бирде беш, бирде он күн болуп көзгө чагылышып, башым айланкөчөк. Жетпей жыгылат экемин, токтогула деп кыйкырайын десем, дабышым чыкпайт.

Ушинтип комбайнга жүгүрүп жеткенимде, додолонгон кишилер чуулдашып, кийим-кечеси туташ суу, энтиккен жээрде айгырды жылоодон кармап турган бирөөнү курчашып турушкан экен. «Мындай болгула, коё бергиле мени!» – деп, топту бузуп киргенимде, комбайндын жанында турган Касым менен Алиманды көрүп, калтыраган колдорумду сундура, балама жүткүндүм. Касым мени көздөй утурлап, боюмду тосуп калды да: «Апа, согуш чыкты!» – деди. «Согуш? Согуш дейсиңби?» – бул сөздү мен эч убакытта укпагандай, анын маанисине түшүнбөгөндөй, дагы да кайталап сурадым. «Ооба, апа, согуш башталды» – деди Касым. Эмне үчүн согуш? Кантип согуш?» –  бул суук кабардын артында эмнелер жатканды дале аң-сезимиме жете бербегендей, «согуш, согуш дейсиңби?» –  деп шыбырап жатып, жанатан берки жүрөгүмө камалган коркунучка демим кыстыгып, ыйлап жибердим. Мени көрүп башка аялдар да чуулдап коё беришти.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.