повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

«Эй, катындар, токтоткула азыр! Баскыла үнүӊөрдү!» – деп кимдир бирөө кыйкырып калды. Ошенткенде, андан акыл күткөнсүп, баарыбыз унчукпай калдык. Талаа ичи тымтырс боло түштү. Ошол үп этпеген, тынчтыкта алда ким үшкүрүп койду: «Согушка кетет экенбиз да!» Анын сөзүнө эч ким жооп кайтарбады. Жымжырттык ого бетер демин катып, сайда күркүрөгөн дайранын шары кулакка дайын угулду. Чогулуп турган элди айландыра карап, Касым өзүнчө ой бөлүшкөндөй кобурап койду: «Эми эртерээк эгин-тегинди жыйнап алыш керек, болбосо кар астында калат». Анан бир аз унчукпай туруп, бир убакытта жардамчысына катуу буюрду: Эмне карап турасың, жүргүз моторду! Силерчи, силер эмне карап турасыңар, орокчулар! Жетишпей калсак, азабын өзүңөр эле тартасыңар. Тургула, урушта туруш жок!».

Эл козголо түштү. Баятан бери башын салаңдатып турган чабарман ошондо гана өйдө карады. Жапжаш орус жигит экен, сууланган чачы маңдайына чакчелекей жармашып, көгүлтүр көздөрү, кудай билет, өмүрүндө биринчи жолу ошончолук санаа чеккен чыгар. Адамдын из түшө элек тун жүзүндө чукул келген эсейгендик дароо эле билинет экен. Ал катуу күрсүнүп алды да, жанында жайдак атын минип турган жигитке кыргызча сүйлөп кайрылды. «Жолдош, сен азыр айылга чаап барып, башкарма, сельсовет, бригаддарды таап, токтолбостон райкомго жөнөшсүн дегин, жарайбы? Мен дагы эки колхозго барышым керек». Чабарман жээрде айгырга минип, мындай бастырарда, жанагы биздин айылдык жигит: «Ой, дос, токтой тур! – деп бери чакырды. – Шапкең агып кетиптир. Ме, менин калпагымды кийип ал: күн өтүп кетпесин», – деди.

Жана дайраны жалдап өткөн жаныбар жээрде айгыр, эликтей суналып, жолго түшкөндө, артынан коюу чаң бурулдап, чабармандын карааны бат эле көрүнбөй калды. Аны узата карап турган эл, тегиз ар кандай ойго кеткенби, комбайн менен трактордун моторлору бирдей от алып бирдей дүрүлдөй түшкөндө, кишилер чочуп кетип, бирин-бири жалт карашты.

Ушул минуттан тартып, жаңы турмуш, согуш турмушу башталбадыбы...

– Ооба, Толгонай, ошол чабармандын дүбүртү али да сууй электей кулагыма угулуп, аттын туяктары тийген издер берч болуп денемде сакталып калды.

– Э-э, жарыктык жер, айта берсе экөөбүздүкү түгөнөбү. Билесиң го, күн кандай үп тартып, ысып келди ошондо: жандуу-жансыздын баарын куйкалап жибербедиби. Эгин да ошол жылы тирелип калган экен, деги бир уч-кыйыры жок, төрт-беш күндүн арасында тегиз бышып чыкпадыбы. Эмне деген байлык эле. Шашкан иш, курусун, орулган буудайды боолап алууга чамабыз келбей, ошол бойдон арабаларга самсаалата жүктөп, канчасы ысырап болду. Ал го мейли, ичим ачыганда элге ачыды. Күнүгө четинен аскерге чакырылганы кетип жатты, калгандары кара жанды карч уруп, түшкү ысык дебей, демиккен түнкү үп дебей, талаада, кырманда, суй жыгылганча иштешип жатышты. Ошондо Касым, алда байкуш балам ай, бүтпөгөндүн баарысын бүтүрө тургансып, күнү-түнү комбайндын үстүнөн түшпөй, эгин чапканы чапкан. Ал өзү гана эмес, анын комбайны да жандуу немедей каардана күркүрөп, кайнаган чаӊдын ичинде бир аңыздан экинчи аңызга жапыра кирип, буудайды шалап оруп жатты. Касымым болсо, комбайндын үстүндө учууга чамынган бүркүттөй, бет алдына көз айырбай тигилип, дагы канчасы калды, канчасын оруп жетишем дегендей, турганы-турган. Ошол күндөрү ал капкара болуп күйүп кетти. Көрсөң эсиң чыгат: эриндери как жарылып, жаактары шимирилип, сакал-мурут жыш басып кеткен. «Ушинтип жүрүп эмне болор экенсиң балам, ысык өтүп, комбайндан кулап түшөр бекенсиң? – деп ичимден сызам, бирок айтууга оозум барбайт. Дүйнө эмне болуп бара жатканын көрүп турбаймынбы.

Арадан көп өтпөй Касымга да кезек келди. Ал күнү түшкө жакын комбайнга жүгүрүп кеткен Алиман, бир убакытта ылдый карап, томсоруп келди. «Повестка келиптир» – деди ал араң сүйлөп. «Качан?» «Жана сельсоветтен жеткирип беришиптир». Уулумдун акыры бир күнү көп катары аскерге кетерин билип эле жүргөм, ошентсе да, бул кабарды укканда муундарым бошой түштү, эмне үчүндүр орок тарткан эки колум сыздап кетти. Орокту колумдан түшүрүп, жерге отурдум. «Андай экен, ал анда эмне кылып жүрөт, камданбайбы?» – дедим мен дирилдеген эриндериме ээ болалбай. «Кечке барам деди го. Мени үйгө барып даярдангын деди. Мен кете берейин, эне. Атама айтып коюңуз. Берки кичине бала кайда жүрдү экен...», «Айтылар. Сен барагой, Алиман. Камыр көптүрүп тур. Мен да азыр барам». Алиман кеткенден кийин да, көпкө чейин ордумдан туралбай, шалдырап отурдум. Башымдан шыпырылып түшкөн жоолугумду көтөрүп алууга алым келбеди. Жерди тиктеп отурсам, кумурскалар жол салып, нары-бери жүгүрүшүп, дан ташып, саман сүйрөп, аракеттенип жүрүшкөн экен. Эмне үчүн антип ойлогонумду билбейм, кумурскалардын ушинтип эчтекеден бейкапар эмгектенип жүргөндөрүнө да, адам болуп туруп, көз арттым. Капырай, ушундай да ой келет экен го.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.