повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
Аңгыча арабасын айдап Жайнак жетип келди. Ал ошондо станцияга эгин ташып каттап жүргөн. Агасынын аскерге кетерин билип келген окшойт, арабадан секирип түшүп: «Жүрөгой апа, үйгө баралы» – деп, мени колтуктап арабага түшүрдү. Ушул аз эле убакыттын ичинде кичүү балам таанылгыс өзгөрүлгөндөй болду. Баягы шайырсынган бала кыялы жок, кадимки көптү көргөн немедей токтоо болуп калыптыр. Жайнактын түрүн көрүп, аны кандайдыр өгүнкү чабарман орус жигитке окшотуп кеттим. Ооба, мунун да көзүндө ошондой ой тарткан эсейгендик сезилип жатты. Көптүн башына күн түшсө, адамдын баары эле бирдей турбайбы дедим мен ичимден. Аны ойлонуп келе жатып, берки Майсалбегимден кабар келбей калганын эстеп, дагы да жүрөгүм сызыла түштү: «Ал эмне болду анда? Аскерге алып кеттиби, же кандай? Куш тилиндей кагазга дарегин билдирип койсо болбойбу, чунак бала. Уруксат берсе, үйгө эле келбейби, эми эмненин окуусу. Ата-энени эстебейт окшойт го, сыртта жүрүп таш боор болуп калганбы?» – деп ар кайсынысынын санаасын бир тартып, арабада келе жаттым. «Э, Жайнак, – дедим мен, сен станцияга каттап жүрөсүң го, деги кандай, уруштун токтолор түрү барбы?». «Жок, апа, – деди ал ошондо. – Азырынча иш начар. Немистер майыштырып келе жатат. Биздикилер эми ошолорду токтотуп, мизин бир кайырып алса, кубаттана түшөр элек. Сен, апа, аркы-теркини ойлой бербечи, көп менен көрөрбүз...». А-а, садагаң болоюнум, ал мени жооткондогусу. Көзүмдү жумуп, кулагымды бассам да, кантип эле ойлобой коймокмун.
Үйгө келсем, Алиманым бир жактан шолоктоп, камырын чала жуурган бойдон отуруптур. «Сен эмне элден башкача бекенсиң, элдин баары эле аскерге жөнөп жатпайбы. Мынча эмне бошодуң, шоруң кайнагыр!» – деп катуу айтайын дедим да, кайра, койчу, жаш немени иренжитпейинчи, ичи сууп калбасын деп тим койдум. Же, ошондо эле катуу айтсам болмок беле? Касым кеч бешимден өтүп, күн батканда үйгө келди. Ал короого кирип келери менен, Алиман жагып жаткан отун таштап, жүгүрүп барып мойнуна асылды да: «Сенден ажырабаймын! Сенден ажырабай өлөм! – деп буркурап ыйлады. Касым комбайндан түшкөн бойдон, чаң, кир болуп жетип келген экен. «Кирмин, Алиман. Коё турчу азыраак, самыныңды алып кел, чоң сууга барып жуунайын» – деди эле, Алиман мени жалт-жалт караганынан ийменгенин сезе коюп, суу алып кел деп, колуна чака кармата койдум. Алар ошондо ай чыккандан кийин, кеч кайтышты. Үйдөгү жумуштарды Жайнак экөөбүз бүтүрдүк. Түн ортосуна жакын Субанкул да келип жетти. Кайда жүрөт десем, көрсө, күндүз эле тоого чаап кетип, өзүбүздүн сары жоргону жылкыдан кармап келиптир. Окшогон[6] жорго эле. Айылдагы кыз-келиндердин: «Астыңдагы сар жорго, салдырасың жолжолго» – дегендери ошол эмеспи. Уулу аскерге жөнөп жатканда, бир күн болсо да, жоргосун минип калсын десе керек атасы.
Эртеси багымдатта айылдан аттанып, военкоматка жөнөп калдык. Ошондо ири алды менен калың аскер алынбадыбы. Туш-туш жактан кошулуп, кара жолдо чубаган араба, элди көрсөң, сан жетпейт. Алды Чоң-Капчыгайга кире берип, аягы алда кайда. Ал эми райондо жыйналган эл көчөгө батпайт. Атчан, арабачан, катын, бала-бакыра. Ар кимиси өз жакынын тегеректеп, жанынан карыш кетишпейт. Бирок, көп деген оңой эмес да, «Көп чогулса көл болот» – деген ырас экен. Ошол тополоңдуу жыйында да, майданга жөнөп жатып, кайраты мыкты эр азаматтар бек сүйлөп, бек басып, ал түгүл, ырдап, бийлеп, кыяк тартып, көпчүлүктүн көңүлүн улап жатышты. Орусча, кыргызча ыр аралашып, бир ооздон чыккан «Катюша» – дегендери баарыбызга таанымал болду. «Катюша» – кыздын аты экен да, ошол кездеги жаштардын сүйгөнү экен да...
Военкоматтын короосуна батпай, аскерге чакыртылгандарды чоң көчөнүн ортосуна катар-катар тизип, ар бирин аттарынан чакыра баштаганда, чогулган калк тегиз тынчтанып, сестейе түштү.
Мындай карасам, согушка кетип бара жаткандар тандалгандай не бир солкулдаган, чырактай жигиттер экен. Улам аты чыкканы менмин деп, биз жакты жалт-жалт карашат. «Субанкулов Касым» – дегенде ичим ысый түшүп, тамагым буулду. «Менмин» – деди Касым. Алиман ошол учурда колумду сыга кармап: «Энеке» – деп шыбырап жиберди. Аныкын деле билип турам, билген менен чарам кайсы: көптүн кереги кыстаганда элден сырткары ким турат. Алда, Алиманым ай, ошого көзү жетип эле турса да, сүйгөнүнө мындай жакын, мындай ысык ынакты көрө албадым. Алимандын коштошконун азыр эстесем, азыр жанымды садага чапкым келет. Ал күнү биз айылга кайтып келдик, анткени, аскерлерди бир күнү өтүп жөнөтөт экен дешти. Колхозубуз чоң жолго жакын эмеспи – мында зарыкпай үйгө бара тургула, кетип бара жатып тие кетем деп, Касым болбой койду. Алимандын мине жүргөнүнө Субанкулдун атын таштап, биз арабага түшүп кеттик. Жайнак да райондо калган болчу – ал арабасы менен аскерлерди ташып кетиш үчүн дайындалган.