повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Түндөп аңгыраган үйгө келип, жатпай ыйлап отурсам, Субанкул чай куюп жатып, мени теске салды. Ошондогу айтканын түк унутпаймын: «Экөөбүз ким элек, Толгонай. Мына ушул эл, ушул журт менен киши болдук. Жакшылыгын көрдүк, эми жамандыгына туш келгенде, ар кимибиз өз башыбыздын убайын тартып, бөксөрө берсек, биздин эмнебиз адам? Эртең бек болгун. Алиман экөөбүз көргөндүн бирин да көргөн жок, ал ыйласа – жөнү башка. Сени эне дейт. Билип койгун, согуш ушинтип күчөй берсе, мен да кетем. Майсалбектин жашы да келип турат, керек экен бирибиз калбайбыз. Ушуга, Толгонай, эмитен көнө бергин...».

Кийинки күнү түш оой аскерлерди станцияга жөнөтүп калган экен. Касым менен Алиман жол арбытып, озунуп келишти. Үйүңө тийе кетип коштошуп чыккын деп, Касымга уруксат берилиптир. Алимандын эки көзү көнөктөй, жол катары эле ыйлап келсе керек. Касым сыр алдырбаганы менен, ал деле кейиштүү үшкүрөт. Алимандын көз жашы, анын жалдырап эле турган түрү Касымга катуу тийип ошенттиби, же чын эле ошондой кеп айтылдыбы, айтор, аттан түшөр замат Касым: «Силер станцияга узатабыз деп убара болбогула, ата, балким, мен кайтып да калармын тракторчу, комбайнчыларды бошото турган болуп жатат. Приказ келип жетсе, станциядан үйүңөргө кайтарабыз дешти» – деди. Эми ойлосом, Алиманды аяп, бизди аяп, жөн эле айткан сөзү экен. Станциябыз да күнчүлүк алыс эмеспи, кайра келерде биз үчүн ал – бүтпөгөн жол болорун да эске алды окшойт. Адегенде мен ушул сөзгө ишенип да калдым, үмүт кургур адам менен тең жашайт турбайбы. Бирок, мындай чыкканда, Касым муну атайлап айтканын билдим. Баарыбыз тең эле билдик окшойт.

Артта келе жаткан жүргүнчүлөрдүн алдын ала, айылдан чыгып, чоң жолду көздөй Касымды узатып бара жатканыбызда, талаада иштегендер бүт эле коштошкону жүгүрүп келишти. Араба айдаган, орок оргон, кырман бастыргандар калган жок. Касымдын комбайны да ушу арада эгин чаап жүргөн экен. Комбайнды токтотуп, аны менен бирге иштегендер да келип жетишти.

– Туура айтасың, Толгонай. Адамдын комбайн менен коштошконун, мен көрбөгөндүн баарын көргөн жер, ошондо биринчи жолу көрдүм.

– Ооба, кутмандуу талаам, уста майданга кетерде балкасы менен коштошот дейт. Касым да өз кесибинин устасы эмес беле. Айылдаштары менен коштошуп жатып, комбайн жанаша жерге келип токтогондо, Касым чоң жолду көздөй бир карап алды. Кызыл желекти көтөрүп, арабачан, аттуу келе жаткандардын алды бурулуштан жаңы эле көрүнө берген. «Ата, кармай турчу» –  деп, Субанкулга аттын тизгинин бере салып, Касым комбайнга басып барды да, аны айландыра карап туруп, бир убакытта үстүнө жүгүрүп чыкты. «Айда, Эшенкул! Айдагын баягыдай!» – деп, трактористке кыйкырды. Угулар-угулбас иштеп турган моторлор, баардык кубатынча күркүрөй берип, шакылдап кыймыл алган комбайн, артынан саман, топон бурганактатып, буудайды жапыра аймап, эгин үстүнө толкун айдады. Ошол учурда менин көзүмө ошондой көрүндүбү, ал анчейин гана комбайн эмес, канатын жайып, жер бети менен сызган алп куш өндүү туюлду. Штурвалды бекем кармаган Касым, бетине соккон ысык шамалга жыргап, көкүрөгүн керип күлүп жатты. Тракторист экөө алда эмнелерди кыйкырып, үн алышып, улам ылдамдата, аңыздын башынан кайра ала салдырып келе жатканда, карап турган эл моокусу кангандай, баш ийкеп карап турушту. Алиман да ошондо азыр ажырашарын унуткандай, көздөрү жайнап, өзүнчө эле сыймыктанып, кубанып турган экен. Баарынан да алиги Айша кошунабыздын баласы, анда он үч – он төрттөгү Бекташ, ошол жылы комбайнда саман тартчу, кагылып кетейиним, комбайндын үстүндө туруп Касым менен кучакташып коштошсо болобу. Касым аны колуна көтөрүп, бети-башын өпкүлөп, эми сен үйрөнгүн дегенчелик, штурвалды баланын колуна карматып, ордуна калган жардамчысы менен коштошту да, комбайндан түшө келди. Сай-сөөгүм сыздап, Субанкулдун түндөгү айткапынан гана араң эле тиштенип турдум. Жолду карасам, аскерге жөнөөчүлөр айылдын тушунан өтө берип, кылкылдап жетип келген экен.

Ушинтип, Касымды жөнөтүп турган эл, баарыбыз коштоштук. Ай, Алиманым ай, аян көрдүң белец, улуу-кичүүдөн да тартынбай, эмне үчүн ушунча боздоп асылдың? «Кош эми, Алиман, мен кайра келем, көрөсүң го, эртең эле бошонуп келем, ыйлабачы мынча, мен келем, күткүн мени!» – деп, Касым аттанайын деп улам үзөңгүнү кармаганда, Алиман кайра эле барып, мойнуна асылып, кетирбей жаш балача колунан сүйрөп, коё турчу деп ыйлай берди. «Эмесе балам, тигиндей жол боюна жеткирип кел, – деди Субанкул келинине. – Биз ушунда калалы. Жолдоштору узап кетпесин. Касым, бери карачы!» Алар бир аз бирин-бири унчукпай тигилип карап турушту да, «Түшүндүнбү?» – деди Субанкул. «Түшүндүм, ата!» – деди Касым. «Эмесе жөнө!». Субанкул атына минип, кырманды көздөй чаап кетти. Мени менен коштошкондо, Касым: «Майсалбектен кат келсе, адресин салып жибергиле» – деп айтты. Атын жетелей, Касым менен Алиман кол кармашып, чон жолго жете барганча карап турдум. Адегенде Алиман үзөӊгүнү кармана жүгүрүп, анан ат үстүнөн аялынын маңдайын акыркы жолу өөп, Касым сары жоргонун башын коё бергенде, төгүлгөн жаандай болгон жаныбардын чаӊы ыраактап кеткенче, Алиман кол булгалап эле жүгүрө берди.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.