повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Ал түнү экөөбүз тең уктаган жокпуз. Алиман өзүнчө ой жүгүрттүбү, кээде-кээде катуу үшкүрүп коюп жатты. Мен болсом көзүмдү жумсам да, Алимандын бүгүнкү кылган жакшылыгына көңүлүм көлдөп, өткөн күндөр көз алдыма тартылып турду. Бир туруп Алимандын баягыда гүлкайырларды комбайндын тепкичтерине алып барып коё салганын эстеп жаттым. Бир туруп, Касым аскерге жөнөрдө, аны атка мингизбей улам мойнуна асылып, жаш балача колунан тарткылаганын эстедим. Бир туруп станцияга ашыга жол жүрүп бара жатканда, жабалактаган аппак кар Алимандын жоолугуна, маңдай чачына, жакасына күрпөңдөлө жыйналып, анын тамылжыган жүзүнө көрк берип. сулуулаганы эске түшөт. Бир туруп, мени көздой кучагын жая жүткүнүп: «Энекебай, жесирбиз, окшошкон жесирбиз!» деп, бакырганы угулгансыйт. Бир туруп, кызгалдак жайнаган кысыр аңыз менен кара жоолукчан Алимандын чоң жолду көздөй качканы эске түшүп жатты. Койчу, ушинтип отуруп, эң акырында жанагы көкбөрүчү чабан менен кой айдашып, ээрчип, кетип бара жатканы заматта көз алдыма келе калды. «Кош, энеке! Жаман көрбө, кеткеним ушул. Кайыр кош, энекебай!» – десе, артынан кол булгалап, жар бойлоп жүгүрүп: «Кош, чырагым! Кош, гүл сүйгөн келиним, кош маңдайыма сыйбаган чолпонум! Аман бол, багың ачылсын, этегиң көгөрсүн, аман бол, кайыр кош! Ай, жигит, баламды кор кылба! Каргайм, каргышым тиет!» – деп жаттым. Көзүмө толуп, ашкан жаш ысык салаа болуп, жаактарымда сыдырылып, жаздыкка тамчылап жатты. Ыйлаганымды Алиман угуп койбосо экен деп, оозумду басып чүмконө бердим.

Эртеси да Алиман эч жакка чыккан жок. Ошондон кийин алиги чабан көрүнбөй калды. Коюн айдап кетсе керек. Алимандын сузураак түрүн көрүп, ошондо катуу кейидим. Көңүлү болсо, кете эле бербейби, байкуш бала, мага күйгөндө эмне чыкты? Бир топко чейин арсар жүрүп, кийин бул иш эсинен чыгып кеткенсиди.

Ушуну менен эрте жазда жанагы чабан кайра пайда болду. Коюн айдап, чоң сайда жүргөнүн сырттан байкап калдым. Ошол күндөрү Алиман кеч кирери менен эле кетип, эл тегиз жатканча сыртта жүрчү. Мен эмне дейт элем, өзү билет да. Чын эле мен эмне демекмин, кантмекмин, айтчы, жан боордош талаам? Эсиңдеби баягы шойкон түн, эртеси сага келип ыйлаганым...

– Коё тур, Толгонай. Сен ал түндү шойкон деп айтпа. Ал түндүн терс жагы да, оң жагы да болгон чыгар. Жан жаралган түнгө тил тийгизбечи, Толгонай.

– Сөзүмдү кайра алайын, Жер-Энем. Күйгөндөгү кебим да. Күйбөгөндө эмне болду элем. Ал түнү Алиманды көпкө чейин күтүп отурдум. Айыл тегиз жатса да, мен эмне үчүндүр чырак өчүрбөй, купуя санаа тартып, алда эмнеден коркуп, терезеге тигилип, шырп эткен дабыштарга кулак түрүп, чыйрыгып отурдум. Тышта ай тийип, анда-санда булут көчүп, жазгы аба тынып турду. Бир тамда жалгыз өзүм отурганымдан үшүгөнсүп, ичикке орондум. Түн ортосуна жакын көзүм илинип кеткен экен, капилеттен чочуп кетип, башымды өйдө кылсам, эшикти ачып, Алиман кирип келе жаткан экен. Мас экен. Кызылдай мас. Айрылган көйнөгүнүн жакасы жалжайып, эти көрүнүп, чачы бет алдынча чачылып, көзүнүн каректери балбылдайт. Алимандын мас болгонун өмүрү биринчи көрүшүм. Эмне дээримди билбей, ордумдан турууга алым да келбеди. Алиман босогодон араң аттап кирди да, жыгылып кете жаздап, мешти барып кармап туруп калды. Анан мешти карманган бойдон теңселе берип: «Ха!» – деп, жаман күлүмсүрөдү. «Эмне карайсың! – деди ал, башын чайкап. Эмне карайсың мени? Ооба, мен масмын. Ооба, мен арак ичтим. Ичпегенде эмне кылам? Мен ичпегенде ким ичет яа? Эмне унчукпайсың? Менин түрүмдөн коркуп турасыңбы?» Унчугалбадым. Келинимдин ушундай абалга жеткенине жүрөгүм сыздап, өлүп кете жаздадым. Алиман дагы бир аз теңселип, башын салаңдатып турду да, бир убакта, акырын шыбырады: «Эне. Сен эчтекени билбейсиң. А мен болсом... Мен... Мен бүгүн... Касым аскерге жөнөр күнү кечинде сууга барбадык беле, чоң сайга... Эмесе так ошол жерде» – деп келе жатып, чачын кош колдоп чеңгелдеп: «Мен ит болдум! Эне, энекебай!» – деген кыйкырык жүрөгүнөн атырылып, өзү кийизге бет алдынан кулады да, тыбырчылап, башын жерге ургулап, бакырып ыйлады. Ордумдан ыргып туруп, учкан куштай жанына жетип бардым. Башын өйдө кылып, көкүрөгүмө кыстым: «Ыйлабачы, Алиман, ыйлабачы. Эмне болду сага, айтчы деги? Капа болдуңбу? Же бирөө бир нерсе дедиби сени? Айтчы мага. Же мага таарындыңбы? Таарынсаң, айт, ичте тутканыңдын баарын айт, угайын...» «Жо, жо эне, энекебай, байкушумай, жалгызым ай, эчтекени билбейсиң да, билгенде да колуңдан эмне келет эле, алда, кокуяй, алда кокуяй!» – деп, кандайдыр бир өзүнө гана белгилүү арман күүсүн чегип, эч бир токтоналбай, мени кучактап алып, солкулдап ыйлап жатты. Көпкө чейин боздоду. Анан акырын бастап барып тынчыды да, уктап кетти. Уйку арасынан да кээде жаш балача бышактап, онтоп жатты. Уктаганым жок. «Эмне болду келиним? Кантем эми?» – деп таң атырдым.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.