повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Эртеси ордунан турганда, уялып мени карай албады, – сүйлөгөн да жок. Жумушка чыгып бара жатканыбызда гана: «Кечирип кой мени, эне» – деп койду.

Ушуну менен арадан эки-үч ай өтүп, жайында, баягы качкын Жекшенкулдун сурагы болду. Ал согуштан кийин элге баталбай, үйүнө уурданып келип-кетип жүргөн экен. Бирок казакта турган жеринде дагы эле тынч оокатын кылбай, алып-сатарлык жүргүзүп, кой уурдап, колго түшүп калыптыр. Тергөөдө анын мурунку кылмыштары билинип калып, биздин айылга суракка алып келишкен экен. Сельсоветтин чабарманы мени да күбө болосуң деп чакырып келиптир. Көчөдө келе жатсам, Алиман кетменин көтөрүп жумуштан келе жаткан экен. Илкий басып, элден бөлүнгөндөй, жалгыз өзү келе жатыптыр. Түрү да кандайдыр капалуу, көзү алайып, арыктап калыптыр. Ошол жайда бети да темгилденип кеткен эле. Боорум ооруп  кетти. Эми үйгө барып дагы жалгыз отурбасын деген ой менен: «Жүрчү, балам, мекемеге кошо кайрыла кетели. Үйгө бирге баралы», – дедим. Ошентсем: «Жо, эне, мага эмне бар анда. Башым ооруп турат, үйгө эле кетейин» – деди. «Мейлиң, – дедим. – Жата тур кыйналбай. Уйду өзүм тосуп алам».

Мекеменин жанында туюк жабылган машина туруптур. Күбөгө чакырылган, жумуштан келе жатып кайрыла кеткен бир топ кишилер ачык терезенин жанында сөз угуп, кулак салып турушуптур. Мен да ошолорго кошулуп калдым. Жекшенкулду көрбөгөнүмө далай жыл болгон, тултуюп, тимеле семиз. Күржүйгөн ийиндери этке толуп, көзүн кабактын астына катып, үлүрөйүп отурган экен. Саап отурган жалгыз уйларыбызды сокого кошуп, ачкадан өлүп бара жатканыбызда тапкан-тергенибизди колдон талашкан ушул ит эмес беле. Менин кудай кошкон жарым, уул-балдарым фронтто кан кечип, алышып жүргөндө, бул неме элден артыксынып, кара башын ала качып жүргөн. Эми карасан, биздин айылдык бир аксакал кишинин сөзүн бөлүп, каяша айткысы бар. «Ошол да кеп бекен, фронтто өлгөндүн өз ажалы өзүндө. Мага анын кандай тиешеси бар?» – дейт. – Ууру дейсиң, көзүңөр менен көрүп, колуңар менен кармаган жериңер жок. Үстүмдөн жүз айткыла – куру сөз. Факты керек». Муну укканда каным кайнап кетти. «Жаныңды жебе, имансыз! Факты эле керекпи сага, мен факты!» – деп терезеден кыйкырып калдым.

«Апа, бери кириңиз. Бери кирип сүйлөңүз» – деди ордунан тура калган тергөөчү.

Кирип бардым да, түз эле сүйлөдүм. «Ооба, биз сени колубуз менен тутуп алган жокпуз, сенин артыңдан түшүп кармоого чолобуз да тийген эмес. Биз анда жер тырмактап фронтко нан бергенбиз. Биз анда машак терип балдарды бакканбыз. А сен анда кошко байланган аттарды айдай качып, элдин кочуштап жыйнаган үрөнүн жула качып, бала-бакыранын насибин түп тамырынан курутуп, кол салгансың. Демек, сен ошону менен фронттогу солдаттардын колунан нанын тартып алгансың. Артыңдан жете барып: «Токто! Мен билем сени, Жекшенкул. Токто!» – дегенимде, кайрыла калып мени аткансың!» –  деп, жүрөктө кайнаган сөздүн баарын айта бердим. Ошондо айт, тартынбай айткын дегендей, Айша кошунамдын томсоргон түрү, анын бетинен аккан боп-боз жаш, ошол боп-боз салаа жаштай болуп төгүлгөн асмандагы саманчынын жолу, көз алдыма келип турду. «Факты деп заң-закүнгө таянып, кутулсаң кутулуп кетерсиң. Бирок билип койгун, эл-журттун азап-тозогунан безип, анын өлүм-житимин ийин тирешип көтөрбөгөнүң үчүн, адам сынынан чыгып, өмүрү жек көрүмчү болуп өтөсүң. Сага факты да, жаза да ушул» – дедим.

Мен сүйлөп бүткөндө, тергөөчү: «Рахмат, сизге апа. Эми бошсуз. Үйүңүзгө бара бериңиз» – деди.

Мекемеден чыгып келе жатсам, Жекшенкулдун аялы эшикти тосуп калды. Жиниккен немедей эле келип бир тийип, кыйкырды: «Өлүгүңдү көрөйүн, как баш. Ак жүрөк болом деп, кайсы жакшылык көрдүң. Андай ак жүрөк экенсиң келиндин ичин кантесиң! Ии, ал кайдан экен? Үйүңдө боозуган шермендеңди көрбөй, эмне карап жүрөсүң? Окшошкон шерменделер!»

Жүрөгүм шуу этип, токтоло түштү. Ооба, ооба, бул катындын айтканы ырас эле. Мурда бүдөмүк шекшип, жаныма жакын жуутпай алыс айдаган күмөн нерселер заматта айкын-ачык боло калды. Аңгыча, эшикте турган кишилер: «Бас жаагыңды, өлөсүң!» – дешип, Жекшенкулдун аялын жакалап калышты. «Тийбегиле!» – дедим. «Кол тийгизбегиле!»  – деп, унчукпай басып кеттим.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.