повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Жай аягында, Алимандын ошондо беш-алты айлык боюнда бар кези, эртең менен уйду бадага кошоюн деп көчөгө айдап чыктым. Уйчуман бала үнү коңгуроодой болгон он эки-он үчтөгү жетим бала эле. Ошол күнү ал көчөнүн башынан эле алда-эмнелерди шаңдуу кыйкырып, жаңыдан ойгонуп келе жаткан айылды күн тийгендей козгоду. Биздин үйлөрдүн тушуна жеткенде, уйларын «Өш-өштөп» келе жатып: «Токон-апа!» – деп мага да жарк этип кайрылды. – Токон-апа, сүйүнчү! Жоробек акемдин келини төрөдү, сүйүнчү!» – деди.

– «Ии, айланайын, болсун, болсун. Качан төрөдү?».

– «Таңга маал».

– «Кызбы, эркекпи?» «Кыз. Атын Торгой коёбуз дешти. Токон-апа. Таӊга маал төрөлгөн торгой дешти».

– «Эӊ жакшы болуптур, балам, өмүрлүү адам болсун» – дедим.

Бирөөнүн жарык дүйнөгө келгенине өзүнчө эле кубанып, ошол чоң кубанычын ар кимге бөлүштүрүп, кабар салып жүргөн уйчуман баланын сөзү делебемди козгоп кетти. Кандайдыр бир таза, ысык сезим жүрөгүмө жыйналып келип, дарбазадан кирип келе жатканымда, бассам-турсам да дайым көңүлдүн мизинде турган нерсени кантип эсимден чыгарып жибергенимди билбейм: «Алиман, сүйүнчү! Жоробектин келини төрөптүр. Уктуңбу? Айы-күнү жетип жүрдү эле, бечара аман-эсен»... – деп айтып келе жатып Алиманды көргөндө, оозума таш капкандай болдум. Тамдын дубалына сүйөнүп, шалдайып турган экен. Акырын гана башын чайкап, ээрдин кесе тиштеп, бозоруп туруптур. «Мен төрөгөндө эч ким минтип сүйүнчүлөп кабар салбайтко» – деген ой кеткенби, же дагы башка жаман нерселерди ойлодубу, ким билсин. Өзүмдүн олдоксонума ушунчалык кыжалат болуп, бетим кызара өрттөнүп, эмне кыларымды билбей, унчугалбай эле кемегенин жанына отура калып, тезек калай баштадым. Бетимдин кызарганы саал сууй түшкөндө, кайрылып карасам, дале ошол бойдон бозоруп туруптур. Каңырыгым түтөп кетти. «Бир жериң ооруп турабы?» – дедим, жанына басып барып. «Жо, эне, тек анчейин» – деп койду. «Оорусаң үйгө жата турсаңчы, кыйналбай». «Кыйналган деле жерим жок, эне. Тамеки тизүүнүн эмне оордугу бар эле, барайын» – деп, ийнелерин колтугуна кысып, чыгып кетти. Мынча болгондон кийин ачыгын эле айтайын эми. «Корунба балам, уялба. Мунун эч кандай уяты жок. Бул да турмуштун бир сонун нерсеси. Кимдин кандай төрөгөнү кеп бекен. Төрөгөн эненин баары бирдей, айырмасы жок. Туулган баланын баары бирдей, айырмасы жок. Дүйнөгө келген ар бир наристе баардык адамзаттын баласы, демек, ал менин да балам. Сен төрөсөң, ал мага бөлөк-бөтөн болбойт, өз баламдай алпечтеп багам. Түшүнгүн ушуну. Капаңды жазып, көңүлдүү жүргүн» деп, мурунтан камдаган сөздөрүмдү чымырканып айтайын деген ой менен, артынан жүгүрүп, көчөгө чыктым. «Ай Алиман, коё тур. Бери токто» – десем, укмаксанга салып басып кетти.

«Таарынып калды шекилдүү» – деген ой күнү бою көңүлүмдү иренжитти. Аялдар менен тамеки жулукта жүрүп, ар кайсынын башын бир ойлоп: «Мейли эми, бүгүн кечинде айтайын. Минтип жүргөнүбүз жарабас» – деп, өзүмдү бышыктап алдым. Бирок ал ой-пикиримди айтууга туура келбеди. Кечинде жумуштан кийин үйгө келсем, Алиман жок. Ана келет, мына келет деп күтүп отуруп чочудум. Эмне балакет болду. Көчөгө чыгып издейинчи деген кыял менен үйдөн чыгып бара жатсам, огород тараптан чөп көтөрүп Бекташ келди. Бекташ анда колхоздун арабасын шатырата айдап, эр-жигит болуп калган. Ал унчукпай келип, чөптү уйдун акырына таштады да, мени жалооруй карап койду. «Токон-апа, энем мени издебесин деп Алиман айтып кетти. Кайыңдыдагы төркүнүмө кетем деди». Муун-жүүнүм шалдырап, босогого отурдум. «Качан кетти?» «Жана. Түштөн кийин. Көчөдөн бир машина өтүп бара жаткан экен ошого түшүп кетти». Заманам куурулуп унчукпай отурсам, Бекташ садагасы: «Кабинага түшүп кетти, апа. Коркпой эле коюңуз. Шопуру дурус неме экен» – деп койду. Бекташты өзүм да жакшы көрчү элем, ого бетер ичим жылый түштү. «Ии, бечарам, киши болот экенсиң» – дедим ичимден. Бала билинбей эле чоңоёт экен да. Кадыресе эр жетип, солдоюп, мүнөзү токтоо, мандайы жарык жигит болуптур. Көзүмө ошондо көрүндү. Арыктан суу көтөрүп келип, Бекташ эшик алдына суу септи. «Далисти салкындатып шыпырып коёюн. Апам сиздин чайынызды сагынып калдым дейт. Азыр келет» – деп, өзүнчө убараланып самоор коюп жатты.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.