повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Өткүн тып басылып, алыстап кеткенде, бул дагы тез эле өтүп кетет турбайбы дегендей кыял менен, узап жаткан жаандын артынан муңканычтуу карап, алыска көз жүгүртүп, жаандын бастап бара жаткан күүсүнө кулак салып, Алиман катуу үшкүрдү. Байкушум ай, Касымды эстеди окшойт ошондо. Алиман мени көрө салып, күлүп жиберди да: «Жаандын нымы менен жүгөрүнү себе салалы!» – деп, үйгө чуркап кетти.

Жибитилген, бадырайган жүгөрүлөрдөн Алиман чоң чеңгелдеп алып: «Эне, ушул жүгөрү дүмбүл болгуча кичине бала аман-эсен кайтып келсин!»  деп, саамалык үрөндү огородго чачып жиберди. Алимандын ошондогу түрү эч бир көз алдымдан кетпейт. Булут койнунан булт этип, жаңыдан төрөлгөндөй, кызыл эт күн тийгенде, жаандан кийинки нымдуу кара топурак менен жылаңайлак басып, кадам сайын, алтын чачыла чачкандай айдоого дан шилтеп, бул касиеттүү эмгекти жакшы тилек, жакшы үмүткө багыштап, Алиманым жүгөрү эмес, жакшылык сээп жүрдү. «Көрөсүң го, эне, менин айтканым келет. Буюрса, кичине балага дүмбүлдү өзүм отко кактап, бышырып берем. Баягыда дүмбүлдү менден талашып жечү эле го. Эсиңдеби, бир жолу ысык сотону ала качам деп, койнуна салып жибергенде, ичи күйүп калбады беле. Калак, калак деп ичин басып, секирип жүрсө, мен жинди немедей: «Чала сага! Чала! деп күлө бериптирмин. Эсиңдеби?» – деп, Алиман мени да күлдүрүп жатты.

 

VI

– Мейли эми, ошонусуна да рахмат! Жүгөрү бир эмес, эки жолу, үч жолу дүмбүл болду, бирок Жайнагыбыз кайтып келген жок, эч кандай дареги да чыккан жок. Алиман кийин айыпкер немедей унчукпай да калды өзү...

Ал орто жаз айланып, кыш өтүп, турмуш өз агымы менен кете берди. Эл оокаттанып, колхоз ирденип, өткөн кеткендин кээри аз-аздан унутулуп, согуштун изи жукарды. Алиман экөөбүз баштагыдай эле колхоздо иштеп жүрдүк. Бригадирликти мен балдар фронттон кайтып келер замат өткөрүп бергем: «Силер жокто үч жыл эптеп иштеп турдум, эми карыдым-арыдым, балдар, ишти өзүңөр колго алгыла» – дедим. Ошондогу жаштар кээ бирде, азыр да мени «бригадир-апа» дешет. Сыйлашат окшойт...

Заман тынчтанганы менен, Алиман экөөбүздүн санаабыз тынган жок. Сыртыбыздан жашырып, сыр билдирбеген болобуз, бирок чынында ар качан көңүлдөн кетпеген иш менин да, анын да жүрөгүн өйүп жүрдү. Мындай карасаң, маңдай-тескей отуруп алып эле, кана эми ар кимибиз өз жолубузду жолдойлу, өз турмушубузду көрөлү дей тургандай эле ачык сөз. Ооба, жөнү ошол. Бирок биз ошенталбай койдук. Менден кеттиби, Алимандан кеттиби, анын толуп жаткан себеби бар, эми айтканда эмне. А балким, биздин эч кандай күнөөбүз да жок чыгар. Нечен-нечен жолу арман-муңумду айтып, сага келчү элем го, Мекен-Талаам...

– Келчүсүң, Толгонай, ооба. Санаа басып, кантем келинимди, кантем? Убал сообун кантем деп, ыйлачусуң. Нечен жолу келсең да, ошондо мен сага акыл бералган жокмун, Толгонай. Арадан далай жыл оттү, сен минтип картайып отурасың, бирок азыр да сени актап же болбосо каралап эчтеке айталбаймын, Толгонай.

– Ким билет. Ушуга келгенде мен өзүмдү кечиралбасмын. Келиним Алиман эмес, башка аял болсо, мүнөзү башка, мамилеси башка, адамгерчилиги башка, жүргөн-турганы башка неме болсо, көп кечиктирбей эле, кой эми, балам, качаңга эле жесир болуп отурат элең. Жаш башыңды кор кылбай, бирөого тийип кеткин дээр элем. Бирок Алиманга айталган жокмун. Эгерде айтсам, адам затынын кандайдыр бир асыл дүйнөсүн бүлдүрүп, кандайдыр бир ак нерсени булгап коё тургансып батыналбай жүрдүм. Чын эле: Касым өлдү –  сен эми кеткин, керегиң жок, башка бирөөгө тийип кеткин деп оозум барат беле? Сөздү кандай гана жумшактабагын, түпкү мааниси ушул да. Эс-акылы бар келин эмеспи, өзү айтар деп да бир чети шашылган жокмун. Ал эми Алиман болсо, алда байкушум ай, мынча, боорукер болуп жаралганын карачы. Мени аяп, кыялбай жүрдү окшойт. Ошонусуна карабай, менден кетпесин деп, бир күнү Кайыңдыдагы агалары жол жүрүп келип калган экен, ыраазылыгымды берем деп, аларга оюмду түшүндүрдүм. Ошентсем, тигилерди кагып: мени менен ишиңер болбосун, кетемби, кетпейимби, өзүм билем, кийлигишпегиле деп коюптур. Жөн эле турбай деп өкүнүп да калдым өзүм. Менин уялганымды билип, Алиман ошондо ортобузда кандайдыр бир сөз аралап өткөнүн сездирген да жок. Ичимден абдан ыраазы болдум. Мына үшүнтүп бир бирибизди аяп, бир бирибизди кыялбай жүрүп, Жайнак келип калабы деп үмүткө алданып жүрүп, эң акыры андан да түңүлүп, кийин анын убактысы өткөн соң, кеч болуп калды. Ооба, Жер-Энем, ыймандай сырымды айтам, өзүң билесиң го ал окуяны.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.