повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Алиман сүйлөп бүткөндө, көпкө унчукпай отурдук. Майдын орто чени беле ошондо. Тээ алда кайда, мелтилдеген ырааккы кыйырда ак-ала булут түрмөктөлүп, анда-санда күн күлдүрөп, шамал желдеп турду. Ошол жаркыраган багытта жазгы нөшөр төгүп турса керек. Күн шооласына чагылышкан жаандын салалары сымаптай кубулуп, бирде тоого, бирде ойго көчүп, дүйнө жүзүн жууп келе жатты. Ошол алыстыктан жаандын салкын шапатасын шамал айдап, леп-леп этип жанымды сергитти. Алиманга мен эчтеке деп айткан жокмун. Бирок менин айтарым тетиги жаркыраган жаандай таза сөздөр эле. Караӊгылаган, кансыраган жаныма жарык нур тийгендей, бүт жан дилим менен сага айттым, улуу Жер. Ушундай адамдарды жаратканыңа рахмат, сага, Жер, – дедим. Дүйнөнүн тазалыгына, адамдын тазалыгына рахмат дедим. Тээ тиги ак-ала булутуңа, жаркыраган жааныңа рахмат дедим. Жаан жаайт, эгин өсөт, эл күн көрөт, мен да алар менен кошо жашайм дедим. Буларды айтканым – Алиман мени аяп, урматтаганы үчүн гана эмес, мени жалгыз таштабайм дегени үчүн эмес, жок, бир кишинин көр оокаты кайда өтпөйт дейсиң, мен сүйүнгөндө, мен сыймыктанганда, башкага, адамда болгон улуу нерсеге сыйындым. Согуш адамды түнт кылат, таш боор, өзүмчүл кылат, айбан кылат деп ким айтат? Жок, согуш, кырк жыл кыргын түшүрсөң да, нечендердин ажалына жетип, өрттөп, кыйратып, жексен кылсаң да, адамды сен багынтып басынта албайсың. Баардык күткөн жакшылыгынан өзү ажыраса да, адам кандай болбосун, башка бирөөгө жакшылык көрсөтсөм дейт, аны сүйөп, таясам дейт, аны аз болсо да бактылуу кылсам дейт.

Менин Алиманым адам да! Караңгы түндө парашют байланып, душмандардын ордосуна самолёттон секирип түшкөн Жайнак кабарсыз, дарексиз жок болду дегенине карабай, аны өлбөйт, аны аман деп, аны сөзсүз кайтып келет деп ишенгени, тилегени ким үчүн? Дүйнө анча адилетсиз эмес деп, бел байлаганы ким үчүн? Алимандын чын жүрөгүнөн айткандарына мен да ишенип, ырас эле Жайнак тирүү болуп жүрбөсүн, андай экен кайтып келсе да ажеп эмес деп, жаш балача үмүттөнгөнсүп калдым. Мен ушинтип ойлонуп отурганымда, Алиман огородго таштап кеткен соко-унааларыбызды эстеп: «Баса, огородду айдап бүтпөй калбадыкпы, жүр, эне, эртерээк, жер кургап кетпесин, – деп, шаштырып калды.

Чарбакка келсек, өгүздөр сокону сүйрөгөн бойдон, алда качан арыкты жээктеп оттоп жүрүшүптүр. Алиман аларды кайрып келди да, сокону кайра борозго салдык. Кишинин көңүлү деген кызык нерсе го. Бирпастын ортосунда канат байлап, алып учат эмеспи. Айткан сөздөрү, кылган аракети өз көңүлүнө туура келсе керек, Алиман баягы согуштан мурунку калыбына кайрылып келгендей, жаркылдап күлгөнү, сүйлөгөнү жылдызын ачып, жарашып турду. Бешмантын нары жакка чечип ыргытып жиберип, ак көйнөгүнүн этек жеңин түрүнүп, башындагы жоолукчасын чекеге түшүрө тартынып, кара-тору жүзү нурланып, үнүн бек чыгарып: «Ала-баш өгүз, цоп! Цоп, цобе! Кайры, кайры, чолок куйрук. Цоп, цобе!» – деп, узун шапалак камчыны шартылдата чимирип, өзүнчө эле чебеленип жүрдү. Алда, Алиманым ай, көрсө, мени бошобосун, турмушка, ишке алаксып, тиричилик кылсын дегени турбайбы. Соконун туткасын карманып келе жатканымда, артына кайрыла калып: «Эне, сокону жеңилирээк бас, таштак үстүнө чыгып кетпесин!» – деп баштап жүрдү. Дагы эки-үч имерим айдоо калганда, жаан да желдирип жетип келди. Шаңдуу төгүлгөн өткүн экен. Алаканын шак коюп, камчыланып келгендей, күү менен тийген тентек өткүн айыл арасына оюн салып, бүлүк түшүрдү. Канаттарын далбактатып какылыктаган тооктор туш-тушка корголоп, аялдар жайылган кирлерин ала качып, күчүктөр, балдар көчөдө кубалашып:

«Өткүн, өткүн өтүп кет,

Кара суудан кечип кет»

 дешип, жарышып жүрүштү. Суу болобуз, кокуй, үйгө кире туралы десем, Алиман: «Эчтеке эмес, эне, бүтүрүп коёлу!» – деп, секелек кыздай, жаандын кытыгылаганына каткыра күлүп, өгүздөрдү токтотпой айдай берди. Келинимдин бул жыргалына мен да баттым. «Мүнөзүңдөн айланайыным, өткүр жаандай жаркылдаган түрүңдөн айланайыным, кылык-жоругуңдан болоюнум! Кандай ырыстуу жубай болмок элең! Алда, дүйнө ай, алда, дүйнө ай!» – деп, жүрөгүм элжиреп, Алимандын сүйкүмдүүлүгүнө тойбодум. Кийин ойлосом, анын бул жоругу да мага арналган турбайбы, менин көңүлүм ачылсын деген турбайбы. Алиман улам алакандарын, бетин жаанга тосуп: «Эне, бери карачы! Кандай сонун жаан! Кандай таза жаан! Быйыл эгин мол болот! Цоп, цобе, жаан, төгө бер берекеңди, төгө бер! – деп жамгырды, өгүздөрдү камчы менен чапкылап, тамашалап жатты. Ошондо өзү кандай сулуу экенин, сууланган көйнөгү этине жармашып, мүчөсү кандай сындуу экенин, көздөрү кандай жайнаганын сезген да эмес чыгар. Алда убалыңа жеткен, согуш ай!

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.