повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
– Силердин үнүңөрдү мен уктум, Толгонай, «Алиман! Айланайын каралдым! Көзүңдү ач, көзүңдү ач!» – деп сен зар какшап жаттың. Жаңы төрөлгөн бала, көлдүн кылаасында жалгыз калган аңырдай, ыңаалап боздоп, эмчек сурап жатты окшойт. Бул иш таңга жуук болду, жамгыр карга айланып, себелей баштаганда.
– Ооба, көпүрөгө жете бербей кайра тартып келе жатканыбызда, таң сөгүлдү. Бозоргон асмандын бети сурдана ачылып, куланөөк жарыкта жуп-жумшак аппак кар каалгый учуп, себелеп жатты. Айланада бир да үн, бир да жан жок. Дүйнө тегиз тым-тырс, тегиз тынчтыкта жаткан экен. Табигаттын ошол чарчаңкы бейкутунда жай кылдырап биздин араба келе жатты. Бекташ арабада отурган калыбында башын өйдө көтөрбөй, жол катары шолоктоп келди. Аттар араң басып, жал-куйругуна кар жыйналып, арабаны тарталбай болдурап келе жатышты. Баланы чапаныма ороп, мен жанаша жерде жөө басып келе жаткам.
Ушинтип согуш эң акыркы өчүн да алып тынды. Ошол күнкү баскан жол турмушумда эң оор жол болду го. «Тү, сенин бетиңе, дүйнө! – дедим. – Кечтим сенден, кечтим. Жашагым келбейт! Минтип өмүр сүргөн чакты, бүгүндөн калбай өлөм!» – деп, ниетим бузулуп, турмуштан безип келе жаттым. Мен ушинтип келе жатканда, чапанымдагы бала, тирүү жандай, улам кыбырап коюп, улам үн чыгарып, ыңаалап ыйлап жатты. Анын денеси жүрөгүмдүн астында улам жылуу тартып, боорума жакындай берди. Же кыз, же эркек экенин да билген жокмун. Алда байкушум ай, адегенден эле энеңди жоктоп калдың го деп, ого бетер буркурап ыйладым. Ошол күйүт, арман, ыйдын арасынан кандайдыр бир бүдөмүк ой туулду: «Өмүр таптакыр эле түгөнүп калбаптыр го. Аягында кичинекей тирүү жан калыптыр го. Турмуш менен дагы кармашып көрсөк кантет». Анан туруп кайра ойлоном: «Эненин уузунан бир оозанбаган неме мал болот дейсиңби. Канчага созуп баралат дейсиң» – деп, күмөн санайм. Ага да көнбөй: «Кудай, эми ушул наристенин аманчылыгын бер!» – деп тилейм. Койчу, ушинтип түркүн ой, түркүн санаа менен алпурушуп, таң аппак атканда айылга жете бардык. Кар дале, үкүнүн жүнүндөй жуп-жумшак болуп, бирине бири ээрчишип, каалгый айланчыктап, жаап турду. Айылга кире бериштеги баягы жаңы көчө дегенибиз көзүмө алда канча үрөйү суук, аянычтуу көрүндү. Ушунда там жай салып, бак тигип, очор-бачар чарба күтүп, күн көрөбүз дегендердин мындан жети жыл мурун баштаган иштери илгери жылбай, артка кетип, алгачкы аракеттеринин изи гана калган. Үңкүйгөн урандылар арасында – куурай, тикенек, адырайган ээндик. Кар гана жабалактап себелеп, жыртык-кемтигин жашырып жаап жатты. Касымдардын чарбагын карасам, Алиман экөөнүн үмүт-тилегине орнотулган эстеликтей – үйүлгөн дөбө таш, алда качан топурак болуп бүткөн кирпичтердин унутулуп жатканы сай-сөөгүмдү какшатып жиберди. «А-а, каралдым, тилегиңерге жетпей калдыңар го» – деп, арабада жаткан Алимандын түрүн карасам, өңү ак-куба тартып, дүйнөнүн баардык жаман жакшысына ыраазы болгондой тынчып, көзү жумулган. Бетине түшкөн кар эрибей башы козголгондо жан-жанына шыпырылып түшүп жатты.
Көчөгө кирип келген экенбиз, айланайын Бекташ, кадыресе эркек сыяктанып, арабадан секирип түштү да, өмүрүндө биринчи жолу ый баштап: «Боорумай! Боорумай!» деп, айыл тынчтыгын бузуп жиберди.
Туш-туштан эл жүгүрүп, ыйлап-боздоп жетип келген Айша: «Баланы мага бер эми» деп алды да, чапанына ороп, үйүнө көтөрүп кетти.
Бир күн өтүп, Алиманды бейитке койдук. Аял болсом да, мүрзөнүн башына салттан сырткары өзүм бардым, келинимди өз колум менен койдум, түбөлүккө коштоштум. Ал күнү да жылдызданган кар жаап турду. Үйүлгөн кара топурак тез эле аппак дөбө болуп жатып калды. Жазында, ошол жылы, мүрзөсүнө гүл эгип салдым. Ошондон бери жылда гүл сээп өстүрөм, эстелигим, эрмегим ошол. Алиманым гүл сүйгөн келин эмес беле...
Ушуну менен не болду, не койду, Жанболотту эчкинин сүтү менен багып чоңойтподумбу. Ал экөөбүз көрбөгөн азаптын бири да калган жок. Айтор, ичер суу бар экен, аман калды, мына эми он эки жаштагы кези. Айланып келип, карманар туткам, көрөр күнүм ушул болуп калды. Анысына да чоң каниет этем, жакамды карманам. Баса, баягы доктур жигит, эми атактуу киши болуп калбадыбы, жолуккан сайын азыр да сурап калат: « Кандай, апа, уулуң чоңоюп жатабы?» – дейт. «Кудайга шүгүр, жигит болуп калды» – дейм. Анда ал жылмайып тиктеп калат: «Ошент, апа, жакшы адам кылып өстүргүн» – дейт. Жанболот маалына жетеринде катуу тумоолоп, бир күнү карасам, эриндери көгөрүп, көзү агына айланып, шайы кетип бара жатат. Эсим чыгып, ошол жерден эле ала жүгүрдүм. Анда да түндө. Доктурга тезирээк жетейин деп, кыштын күнү чоң сууну кечип өтпөдүмбү. Кийим-кечем туташ суу, калчылдап жетип барсам, доктур жаңыдан келген жаш бала экен. Коркуп кетти: «Эмне кылып суу кечип жүрөсүз, жарыктык? Мунун ата-энеси кайда?». «Атасы да мен, энеси да мен. Балам, ушунумду аман сактап кал. Бул өлсө, мени тирүүлөй көмө бергиле. Жашабайм» – дедим.