повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Түнү менен жанынан чыкпай дарылап жатты. Мага да кургак кийим, дары берип алдын алды, бирок эртең менен этим ысып, кан жөтөлүп жыгылдым. Алоолонгон туман ичинде күйүп бара жаткансып, эс-учумду билбей жатканда, доктур улам келип, салкын алаканы менен чекемди сыйпалап: «Апа, уулуң жакшы болуп калды. Бошобо, моюн бербе!» – деп, кайраттандырып жатты. «Андай болсо өлбөйм» – деп шыбырап коём, өлбөй тирүү калганым да ушул болду дейм...

– Уулуң өспүрүм жетип калыптыр, Толгонай. Быйыл орок маалында ушул арада чуркап жүргөн экен, Алиманга окшоштуруп тааныдым.

– Ооба, кутмандуу талаам, апасына окшош экени чын. Бирок эчтекени билбейт да. Атам – фронтто өлгөн дейт, апамдын – мүрзөсү болсо айыл четинде деп коёт. Быйыл жайында бир кызык окуя болду. Окуудан бошоп таркаган күндөрү, Касымдын баягы-баягы велосипеди бар эмес беле, жыйырма жылдан бери сарайда казыкка илинүү турган. Жанболот ошону эшикке алып чыгып оцдоп жатыптыр. Бала да: эчаккы неме дат басып жарамдан чыгып калган болчу. Антсем, Бекташ да ошого кийлигишип алыптыр. Кошо оңдошуп жүрөт. Абдан убара болушту. Жанболотту Бекташ башынан эле өз баласындай көрөт эмеспи. Кокус болсо, мектепке да барып мугалимдер менен сүйлөшөт. Азыр үчтүн атасы, оор-салмактуу, мыкты киши болбодубу. Көптөн бери комбайн айдап жүрбөйбү. Айша болсо өлгөн. Моюндашымдан ажырап, ошондо бир өксүдүм.

Айтор, бир күнү карасам, карала-торала болуп Жанболотум велосипед жетелеп калыптыр. «Эне, карачы, атамдын велосипеди кандай сонун болуп калды» – дейт. Каңырыгым түтөп, селее түштүм. Антсем, мактана карап: «О-о, мен кыйын тээп калдым эне. Карап тур азыр!» – деп, велосипеддин ээрине бою жетпей, бир жак капталына кыйшая жармашып, ийрелең-ийрелең этип, быягына ооп, тыягына ооп тепкенде жыгылат экен деп коркуп кетип: «Түш, кокуй, жыгыласың!» – десем, кайра күчөп кетип, ылдамдатам деп велосипеди менен кошо тоголонду. Катуу жыгылды. «Кокуй, каяктагы жорукту баштадың. Өлөт экенсиң!» – деп алдастап жетип бардым. Жерден өйдө көтөрүп, бети-башын аарчыдым. Ошентсем, нары жакта Бекташ карап туруптур. Тек анчейин гана карап тургандай. Унчукпады. Мен да унчукпадым. Ичибизден түшүндүк.

Ошондон көп өтпөй эгиндер быша баштады да, бир күнү кечинде Бекташ келип: «Жанболотуңду комбайнга жардамчы кылып алайын дедим элем» – дейт. «Жараса ала гой», – дедим.

Айтарын айтып алып, эки күндөн кийин ичим түтпөй, баламды көрөйүн деп бардым.

Каптап келе жаткан малдай демигип, керимсел жүрүп турса да, бышыкчылык маалына эмне жетсин, чиркин! Дыйкандын жыл бою маңдай-терин шыпырып, кылган мээнетинин жыйынтыгы так ошол учурда төгүлүп келет эмеспи. Байлыгы колуна сыйбай, марттыгы ичине батпай, жерден тапкан гүлазыгы канча бир адамзатка артылып, дыйкан дүйнөнү жан сактатат.

Дан жыттанган, шыраалжын жыттанган, айланайын дыйкан талаам, жайкалган эгиндерицди көрүп, кумардан чыкпадым беле! Тээ саргарган ыраакта бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй атчан чаап келе жатса, дүйнөнүн кеңдигин ошондо билет экенсиң.

Жанболот комбайнда саман тартып жүргөн экен, мени көрө коюп: «Эне, эне!» – деп, мен мындамын дегенчелик, мактанып кыйкырды. Калдайып штурвалдын жанында турган Бекташ колун көтөрүп башын ийкеп койду.

Арыктын боюна, талдын көлөкөсүнө отуруп кечке чейин карап отурдум. Жол чаңдаткан машинелер улам келип-кетип, кызылды кырманга ташып жатышты.

Күүгүм кирерде комбайнчылар дем алганы келишти. Бекташтын жанында корчоюп басып келген Жанболот, анда да сөзгө келе бербей, тигилерди туурап, мойну-башын арыктагы сууга жууду да, ала келген түйүнчөгүмдү көрө коюп: «Эне, алма алып келдиңби?» – деп сүйүнүп кетти.

«Алып келдим»  десем, жүгүрүп мойнумдан кучактап өпкүлөдү. Бекташ бырс күлүп жиберди: «Баятан бери ошентпейсиңби анан. Мейлиң, эми, бүгүн эркелеп ал энеңе» – деп жатты.

Сүйрөтмө тактай үйдүн түбүнө отуруп чай ичтик. Жаңы эле жабылган ысык нан экен. Жанболот кадыресе кишиче нан туурап: «Ал, эне» – деди. Бир сындырым нан алып тиштегенимде, Касымдын колунун жытындай, комбайнчынын кара май колу жыттанган нан оозума тыгыла түштү. Ооба, ооба, так ошондой –  керосин, күн, саман жыттанган дүмбүл нан экен. Көз жашым менен кошо күрмөп жибердим. «Нан өлбөйт экен го! – дедим ичимден. – Турмуш өлбөйт экен го, эмгек өлбөйт экен го!».

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.