Казат Акматов

Архат (экинчи бөлүм)

Казат Акматов

 - Ойи-и!

«Ойи» дебе. Чымыркан.

-Даярданыңыздар! Аздан кийин алыстан Кайлас тоосу көрүнөт! Сол тарапка караңыздар! Тигине! Тээ алыскы седеп мөнгүлүү ыйык чоку. Бийиктиги 6714 метр. Кайлас тоосу ааламдын төрт тарабына төрт кыры менен тупатуура жайгашкан да андан төрт улуу дайра агып чыгат. Ал төрт дайра Индия, Кытай, Европа, Сибирди көздөй агылат. Кайлас тоосу табийгат өзү жараткан пирамида жана анын бетинде эбегейсиз зор крест бар. Тибеттин борбору Лхаса шаарынан Кайласка дейре машина менен төрт күндүк жол...

- Өлгүдөй алыс турбайбы?

Таштан Адилеттин сөзүнө жооп бербестен баш ийкеп койду.

-Балдар ойноп жүрөт! -деди бир аздан кийин Адилет кубанып, таяк бут ойноп жүрүшөт. Ойи-и, узун экен таяктары. Карасаң, байке, боёп алышат турбайбы. Бизде боёбойт ээ?

- Быякта боёкту жошодон алышат. Карабайсыңбы, жери бүт кызыл жошо менен сары чопо. А тээтиги топоздорду көрдүңбү?

- Ошол топоздорбу?

- Топозсуз буларда жашоо жок. Негизги малы ошол. Суук жер да.

- Кыргыздарга окшош дегенсиң ээ?

- Кебетелерин карабайсыңбы. Монголоиддер. Булар кытай антротибине кирбейт. Өздөрүн «бодул» деп аташат. Булардын ичиндеги «качы», «тангыт» деген уруулары байыркы түрк диалектинде сүйлөшөт. «Теңир», «Манас», «Көжө» деген сыяктуу сөздөрү бар...

Урматтуу саякатчылар! Алдыңыздарда Тибеттин борбору Лхаса шаары. Дениз деңгээлинен 3650 метр бийиктикте, Лхаса тоо этегинде, Жуучу суусунун боюнда жайгашкан. Калкынын саны 82 миң адам...

Автобустун ичиндегилердин бардыгы терезелерге жабышып, шаардын эң бийик төрүндөгү, тоого кынай салынган, Тибеттин Далай-ламасы жашап, иштеген Потала дворецин карап жатышты. Дворец өзүнчө эле аска зоого окшойт.

 

***

 

Лхастагы негизги билим борборлорунун бири болгон Жахан храмынын өкүлү биртопко кечигип келбей атты. Таштан болсо өз атын англисче жазып төшүнө илип алган. Адилет экөө автобустан түшкөн соң рюкзактарын жерге коюп көпкө турушту. Автобекет биртоп эле кыжы-кыйма. Туристерди топ-тобу менен бөлүшүп алып, жай-жайларына алып кетип жатышты. Акырындап отуруп эл суюлду да, үстү жабык бекеттин алдында тибеттиктер жана аларга кебетеси окшош эки кыргыз гана калгансыды.

- Иттери сапсагай экен ээ? -деди Адилет улам келип колун тиктеген күчүккө нан үзүп ыргытып.

- Суук да.

Таштан кабатыр боло баштаган. Дал ошол тушта «Таш-тан!» деген туура жак тан үн чыкты. Карай салса шөлбүрөгөн саргыч чапанчан, жеңи жок чыттамалуу, бетинин отунда кара тагы бар жаш жигит. «Ом! Мани падме хум!» деди жаш монах бираз эңкейип. Андан кийин англисче сүйлөп кетти.

- Жүргүлө. Убакытты кетирбейли. Мен ансыз да кечигип келдим, анүчүн кечирим сурайм.

Жахан храмы Поталанын сол жагында, көп алыс эмес апайтөштө жайгашкан экен. Храмды тегерете салынган үстү жалпак кичинекей там үйлөр, дүкөндөр, камоктор. Көчөлөр болсо көбүнесе таштан тизилген, Поталаны көздөй кеткен гана бир чоңураак көчө асфальт сыяктанат.

Таштандарды калдыраган эски «фольсфаген» менен тосуп алган саргыч чапанчан жаш монахтын аты Нгаван Дей болуп чыкты. Таштан экөө сүйлөшүп баратышып күлүп калышты:

-Кыргызча сенин ысымың Нгаван Бешинчи болот, - деди Таштан аны ийинден кысып. Же болбосо Нгаван Жума. «Жума» деген биздин календардын исламча бешинчи күнүнүн аты. Андан кийин Таштан Адилетке бурулду:

- Булар жуманын кайсыл күнү туулса ошол күн ысымына кошулат экен.

Жахан храмынын түбүндөгү сырты эскиче, бирок ичи европалашкан мейманканада бир түнөгөндүн эртеси Адилетти ээрчитип Таштан окуу храмына алпарды. Храмдын дарбазасы бек, электр коңгуроосу жок. Ал жерде дагы эки-үч бала турган экен. Кыязы бири монгол же бурят өндөнөт. Калган экөө индуска окшойт. Айтор дарбазаны ачайын деген жан жок. Таштан колунун сырты менен кайрадан каккылады да, күтүп турду. Аңгыча чоочун балдар Адилетти жат көз менен тооруй карашып, үстү-башына, кийген киймине таңыркап жатышты. Бүгүн ал кыргыздын ак калпагын, кара чийбаркыт костюм-шымын кийип алган. Бугунда болсо кытайдын ак кедасы. Кейптерине караганда балдардын курагы бирдей.

12.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.