Казат Акматов

Архат (экинчи бөлүм)

Казат Акматов

 Монах кетээр менен обору ачкан Адилет бир капталына жыгылды да, буттары сунулгуча эле калай табактагы тамакты кашык менен жей баштады. Эмне деген тамак экени да көрүнбөйт. Айтору майга көөлөгөн талканга окшоп атты. «Цампа» деп монахтын айтканын эстеп калган. Дагы бир карапада сүт куюлган коюу, даамдуу чай бар экен.

-Эмне кылып атасың? -деди караңгыда жанына келген агасы Таштан таңыркап.

- Тамак жеп.

- Кетесиңби мени менен?

-- Кетпейсиң ушерге жатып уктасаң болот дейт.

 - Тфу!

Адилеттин буга чейин жашап өткөн он бир жылдык өмүрүндөгү таңкалычтуу бул түн кадыр түнбү, же андай эмеспи азырынча белгисиз. Кадыр түн деген адамдын тагдыры, бактысы ачыла турган түн эмеспи. Алыскы кыргыз жеринен таалай издеп, окуу, билим издеп келген бир бармактай бала каардуу Тибет тоолорунун миң коктусунун биринде, жападан жалгыз, ээн жерде түн күзөтүп жатты. Баланы сыздан аман алып кала турган нерсе эле бул жердин топурагы эле. Андан башка эч ылаажы жок. Бийик тоолуу Тибеттин кургак чопосунда ным жок, топурагы жайлата какшып, куу жыгачтай какыйып калат экен. Ошентсе да бала күнү кечке отурган жеринен ит жатак издеп, саал чункурураак орун таап жамбашына кыңайды. Эрте жаздын ызгаары бети-башын сайгылап, колдору үшүп, дордоюп чыкты.

Адилеттин көзү илинип кеткен эле, бирок ошол эле замат храмды ойготкон кернейдин үнү бапылдап ийди. Чочуп кетип көзүн ачса, таң атып калыптыр. Адилет кайда, эмнеге жатканын билбей, саамга таңыркады. Андан соң шаша-буша туруп, дал кечээки поруму менен малдаш уруп храмга тигилди. Бул жерде таң кадим Алатоодогудай атат тура. Күн кылайып нурларын тээ алыскы муз чокулардан бери чачыратып, аздан кийин төрт кабат Жахан храмынын айнек терезелери көздү уялта өрттөнүп күйүп чыкты.

Адилет храмдын ойгонгонуна таңыркайт. Ал адегенде уктап жаткан шаар сыяктуу мемиреп, андан соң терең дем чыгарып, улугунуп кыймылдай баштады.

Анда-мында кыбыр эткен кыймылдар, бир тигил, бир бул терезеден көрүнгөн монахтардын чачы кырылган соксойгон баштары, бир маалда жыбыраган тирликтин белгисин берип келип анан кадимки, күндүзгү кым-куут башталып кетти.

Адилет көз алдындагы көрүнүшкө алаксыйт, бирок ошого болбой тизелери, муундары кайрадан сыздап, кайрадан денеси уюп зылыйат. Күн көтөрүлгөн кезде храмдын дарбазасы улам-улам ачылып топ-тобу менен монахтар кайдадыр жөө кетип жатышты. Аңгыча Адилет курдуу балдар кубалашып, түртүшүп тебишип, бериде соксоюп жалгыз отурган чоочунга кум-таш ыргытып, бейбаштанып, түшүнүксүз тилде сөгүп да кетип атышты.

Экинчи күнү кеч негедир бат эле кирип келгенсийт. Бат эле карарып асманда дал кечээкидей балбылдап жылдыздар толо. Бүгүн түш ченде Адилет курсагы ачканын аябай сезген, башы айланып, эси оогон авалга жетип анан кайра тарткан.

Азыр болсо ошол абалга кайрадан келди. Таштан байкеси кечээкидей жанына келсе көзүнөн жаш атып кетчүдөй. Андан же тамак сурайбы же «кетем, окубайм» деп ордунан тура качабы, айтору мындай кордук-сыноого чыдаш мүмкүн болбой баратты. Адилет мындан ары эми чыдамсыздык менен байкесин гана күтө баштады. Монахтардан да, храмдан да үмүтү үзүлгөнсүдү. Алар тээ кыргыз өлкөсүнөн бери темселеп келген жалгыз талапкерди унутуп эле коюшса керек. Кимге кимдин кереги бар бул турмушта?! Каякка арсаң баягы эле мамайдын көрү! Кайдыгерлик!

Түн ортолоп калган кезде дарбаза «кыы-ыйч» этип жай ачылды эле Адилеттин нервдери дүр дей түштү капыстан. Көрсө мынабул маңдайындагы кочкул күрөң дарбазанын үнү дал баягы, Бишкектеги «Үч кудук» аттуу көп кабат үйлөрдүн короосундагы эски, дат баскан селкинчектин үнүнүн өзү турбайбы!!! Дал өзү!

Түнкү караңгыда Адилеттин көздөрү алайып, кулактары тикчийип, жүрөгү лакылдап чыкты. Дагы бир жолу дарбазанын үнүн уккусу келет, бирок темир каалгалар кыймылсыз, ачылган бойдон калган. Андан чыккан бир караан Адилетке жакындап келди:

- Уулум, түңүлбө, биз сени унуткан жокпуз. Көп балдар экинчи түнкү кечте сынакты көтөрө албай туруп кетишет. Азыр болсо кеч ооп, саат түнкү он бир болуп калды. Ошону эсинен чыгарба, — деди кечээки эле курку моюн монах бүгүн аябай ыраазы болгон жумшак үнү менен. Анан ал Адилетке кечээги кечте берген тамактын дал өзүн кайталап берди да кетип калды.

12.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.