Казат Акматов
Архат (экинчи бөлүм)
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Катманду. Жер шарындагы асманга эң жакын өлкө делген Непалдын борбору 8-майда «касиеттүү Будданын бул дүйнөдөн кечкен» күнүн белгилеп жаткан болчу. Бүтүндөй Индокитай континенти бул майрамын шаан-шөкөтсүз, ыр-бийсиз, суз белгилөөгө тийиш. Диний зыяпаттар негизинен монастырлардын кулак мурунду кескен тынч, күңүрт жарык, али муздак бөлмөлөрүндө.
Самолёт аэродромдун эң алыскы четине токтоп, жүргүнчүлөрдү ошол жактан автобустарга салып келишти да аэропорттун дал эшигинин оозуна такап түшүрдү. Бардык жерде кокардалуу кара күрөң берет кийген солдаттар. Жүргүнчүлөрдү бура бастырбай, «тирүү коридорлор» менен чубатып, бажы кабиналарына шыкап киргизүүдө.
Адилет аркасына көтөргөн оор рюкзагын улам копшоп коюп, Таштандын артында. Баланын самолёт менен биринчи ирет жол жүрүшү. Ошол үчүн ал учуунун бардык ымыйанын, өзгөчө реактивдүү лайнердин жерден көтөрүлүп, анан кайра конгондогу добушун бүткөн бою менен кантип эсине тутуп калганын азыр жадымында кайталап келатты. Компьютердин экранында өзү канча жолу планета аралык кораблдерди учуруп айдап жылдыздарды аралады, бирок ошонун баары биригип келип самолётко бир жолу чындап түшкөнчөлүк болбойт экен.
- Кулагымдын тунганы ачылбай атат, — деди ал бажы астында кезекте зарыгып турганчакты.
- Ачылат. Башынды чалкалатып, терең дем алып тур.
- Туристтер көп экен, ээ?
- Сен экөөбүз да ушуларга окшошбуз: спорт костюм, кроссовка, рюкзак.
- Топуларыбыз башка, - деди Адилет өзүнүн башындагы ак кийизден жасалган жука топусун көрсөтүп күлүп.
Ансыз да кезек күткөндөр экөөнүн топусуна кызыгып карап атышкан. Алардын баары эле кыязы европалыктар. Агылжындар, немистер бойлору тартайып, сөөк-саактары каржайып, Аялдары саал азыраак, эркектери көбүрөөк. Көбүнесе кара көз айнек, анан шортучандар.
- Ушулардын баары Тибетке барабы? - деди Адилет.
- Менимче Тибетке экөөбүз эле барабыз.
Таштан чынында эле ошондой деп ойлогон. Анткени Тибет өткөндөгү Кытай баскынынан кийин отуз жыл камалып атып, араңдан зорго эркиндик алган соң чекараларын катуу жапкан, туристтердин агымын кескин токтоткон деп түшүнчү. Анын үстүнө туристтер кумурскадай каптаган, тебелеп-тепсеген кайсы гана өлкөнүн эмне касиети, эмне деген ыйык сырлары калмакчы?
Тилекке каршы андай эмес экен. Таштан менен Адилет отурган «Катманду - Лхаса» деген автобуска дал баягы чолок шым, кара көзайнекчендер топурап толуп алышты. Бир гана жакшы жери алар өз-өз топторуна бөлүнүп, гиддери бар, анан көбүнчө англисче сүйлөшөт экен. Сүйлөгөндө да кенедей кысылып коюшпай арылдашып, күлгөндө автобусту жаңырта шаракташат. Самолётто тыптынч келишкен немелер азыр тимеле ээн талаага чыккандай. Ошондон улам Адилет аларды жактырбай, ал түгүл жүзүн терезеге бурган бойдон автобустун ичин карабай отурду
Сөздүн чыны Адилет өз өлкөсүн деле анчалык аралап көрө элек кези. Ошон үчүн Тибеттин седептен бүткөнсүгөн ак мөнгүлүү тоолору, кара шагыл куюлган адыр-бөксөлөрү, анда-мында бир көрүнгөн жапыз дарактар, жолду бойлоп аккан жеңдей суу көзүнө алданемедей көрүнөт. Автобус бирде жонго чыгып, бирде ойго түшүп, жүгүнүн оордугунан кадимкидей жан үрөп баратты.
- Хе-хе! Балдар ойноп жүрөт! – деди Адилет бир кезде терең ойго чөмүлүп отурган агасын жеңден тартып. Автобус кичинекей кыштакчанын жанынан өтүп бараткан экен. Өтө эле жупуну кийинген жылаңбаш, жылаңаяк балдар асманга кагаз жылаан учуруп жүрүшөт.
- Али Тибетке жете элекпиз, - деп агасы баланын кулагына шыбырады.
Самолётто отуруп жолдо ката Адилетке көп кызык нерселерди айтып, түшүндүрүп берем деген убадасын Таштан агасы таптакыр унуткан. Себеби, мындан үч эле саат мурун Бишкек аэропортунда болуп өткөн окуя, окуядан да мурун аэропорттун медпунктунун креслосунда ыйлаган бойдон отуруп кала берген Жылдыздын кайгылуу элеси анын бүткүл эси дартын тузактап, бир чети кубантса, бир чети бушайман кылып келатты. Болгон иш жаңы эле никеге турган жары Жылдызга байланыштуу эле.
Тибеттеги илимий командировкасынан Таштан кайтып келгиче никеге туруп алышканын эчкимге жарыя кылбай туралы деп чечишкен болчу. Ошондой болгон соң аэропортко барып Адилетти узатканы барган ата-энесине деле азырынча көрүнбөй, Таштандын жолдошторун дүүлүктүрбөй коё туралы деп Жылдыз үйүндө кала берген. Ошол үйүнөн чыгып жаткандагы ый-күлкүсү аралаш ысык коштошуу деле жетишмек. Бирок ошого карабай, Таштан, жеңеси Айзада менен иниси Адилет үчөө аэропортко келишсе үйүндө калган Жылдыз алардан мурда жетип, алдыларынан тосуп турат.