Казат Акматов

Архат (экинчи бөлүм)

Казат Акматов

«Жылдыз эжей?» деп келинди эң оболу Адилет көрө койду. Экинчи кабаттагы парапеттен эңкейип карап турган экен. Таштан көргөн көзүнө ишенбей, артымда калды деп элестетип келаткан Жылдыздын карааны алдында турса кадимкидей нес. «Мен азыр!» деп ал Адилет менен жеңеси экөөнү алдыга жиберип ийди да, экинчи кабатка кетчү узун тепкич менен чуркап Жылдызына жетти. Караса никелүү жа рынын жүзү жошолоп жашка толгон. Экөө кучакташып көпкө турушту. Жылдыз өрөпкүп такыр басылбайт. Таштан көпкө сооротту. Кубанычтын, сүйүүнүн ыйы эмеспи деп өзүнүн да мууну бошоп, ичи элжиреди. Өткөн-кеткендер менен иште ри болбой өбүшүп да жатышты. Акыры Таштанды убакыт эсине келтирди окшойт. «Болду, ыйлаба, токтот көз жашыңды» деп Жылдызды шаштыра баштады эле, келин токтой албай өрөпкүп, жүрөгүн баса кыйналып чыкты. Аңгычакты жанда рына Адилет чуркап келди: «Регистрация бүтүп калды» – деди ал апасы айткан сөздү Таштанга угузуп. Таштандын шаштысы кетип, Жылдызды кучагынан чы гарса өңү купкуу. Кой болбойт деп ал аялын колтуктан ала жетелеп медпунктуу көздөй шашылды. Бир жагынан эжейин Адилет жөлөп алган.

 «Карвололдун» бир таблеткасын ичкен соң Жылдыз креслого келип мунайым отурду да:

- Кечигесинер, тез жөнөгүлө, - деп Таштан менен Адилетке күчтөп жылмайган болду, бирок көз жашы дагы эле төгүлөт. Таштан тизелей калып анын каректерине тигилди: «Бул ый эмне деген ый, жакшылыка элеби, же артында дагы бир шойкому бар ыйбы», - дегенсип шекшинип да жиберди ичинде.

 - Кой, жакшы баргыла, -деди Жылдыз алсыз үн менен.

 -Жетээр менен телефон чалам, -деди Таштан башка эч сөз таба албай.

Мына азыр Таштандын бүткүл эсакылын көптөн күткөн Тибет өлкөсү ээлебе стен, Жылдыздын, жаңы эле үйлөнгөн жубайынын капыстан аэропортко келип бир башкача өрөпкүп ыйлаганы, ошондон мурду-башы дордойуп шишип, ээн жерде жалгыз кала бергени бүтүндөй ээлеп алган. «Көз жаш бирде жакшылыкка, бирде жамандыкка».

 Аңгычакты микрофон кыр-кыр этип автобустун асты жагынан кайсы бир гид аялдын үнү жаңырды:

 - Биз жер бетиндеги эң табышмактуу, жаратылыштын жана адамзаттын эң улуу сырларын катып жаткан, мындан эки миң жыл мурун иудей Иисус келип олуялыктын, пайгамбарлыктын сабагын алган Шамбала өлкөсүнө карай жол тартып баратабыз. Өзүңөрдү сыймыктуубуз деп эсептесеңер болот, анткени өткөн кылымдын ортосуна дейре Тибетке бир дагы чет өлкөлүк туристин бугу басып кирчү эмес. Бүгүн болсо сиздерди адам рухунун эзелтен бери катылып жаткан улуу ачылыштары, биздин доорго чейин белгисиз адамдар, сыйкыр күчтөр салып жана жашап кеткен монастырлар менен храмдар, жер астындагы шаарлар, ыйык көлдөр, касиеттүү дайралар күтүп жатат. Дүйнөнүн рухани борбору болгон Кайлас тоосуна чыгасыздар, жер астындагы қасиеттүү Манасавар көлүнө жүз чайыйсыздар... Ал көлдү ыйык Будда өзү эм кылсан.

- Кадимки эле биздин Манас атанын көлүбү? - деди Адилет Таштанга мойнун созуп.

- Мен ошону изилдеп көрөйүн деп баратпаймбы.

 - Качан барабыз ал көлгө. Эртеңби?

- Кийинчерээк. Адегенде окууга өтүшүн керек. Өтөсүңбү-жокпу кеп ошондо

- Өтпөй калсамчы?

 - Атан анда апанды соём дебедиби.

- Айта берет ал. Кыйкырып эле коёт...

- Кыйкырып эле койбойт! Сен өтүшүн керек, Адилет. Ансыз болбойт. Бир гана коркконум - сенин үйдөн алган билимиң быяка канчалык туура келет? Мага айткандарына караганда астрономия, астрология, биология, анан медицина негизги сабактар болот окшойт. Андан башка окууларын булар азыр сага айтышпайт. Кийин билесиң кийин окуйсуң эгер сыноодон өтсөн

 - Сабактары биздикиндей эле турбайбы.

 - Көп айырмасы бар. Мисалы, астрологияны окубайт да бизде. Медитация, левитация, көзү ачыктык, олуялык, сыйкырчылык деген касиеттерге үйрөтөт.

 - Ошонун баарынабы? болду.

- Аны өздөрү тандайт. Кеп сенде, Адик. Суроолоруна жооп бере алсаң эле Кандай суроолор, айтып койбойсуңбу.

-Билсем айтат элем го. Ар кандай суроолордун баарын бере беришет дейт. Алты күн катар сынак бересин билдиңби?

12.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.