Казат Акматов
Архат (экинчи бөлүм)
- О! - деди бир кезде монах сөөмөйүн көтөрүп, анан дароо Адилетке жүзүн бурду,
- Сириус багымында төрөлгөн бала турбайбы! Аты мынакей: «Мани Ясо!». Өтө ыйык аттардын бири! Көтөрө аласынбы?
Тибетче берген суроого Адилет түшүнө алган жок. Ошон үчүн унчукпай жылмайып койду. «Мани Ясо!» деди ал өзүнүн жаңы атын ичинен кайталап. «Мани Ясо».
- Тамак жей турган жайынды көрсөтөм. Андан кийин окуу ордуна барасын.
Дей эми Мани Ясону андан ары ээрчитип жөнөдү. Бала бу сапар эң эле оңтойсуз басып баратты. Биринчиден чачы жок, экинчиден кийген кийимдери балбырайт, шөлбүрөйт, кадим жылаңач кетип бараткансыйт. Жан-жакада тургандардын бардыгы бу кайдан келген шумдук деп тиктегенсийт. Болгондо да идиш аяк, буюм-теримдерин бир пакетке салып көтөрүп алган. Анысы баскан сайын кылдырт-кылдырт этет. Акыры жүрүп эң башталгыч классты таап келишти. Ичинде жапыз столдор, анан отура турган эки кабат калың жаздыктар. Он чактыдай бала бир нерсе жазып отурушат. Алды жакта кара такта илинип, мугалим болсо балдардын арт жагында нары-бери басып жүргөн экен.
«Мани Ясо» деди Адилет мугалимге кол куушуруп, бирок мугалим ханзуча сүйлөп туруп алды. Көрсө бу кытай тилинде уюшулган башталгыч класс экен. Мани Ясо англис тилинде сурайт, мугалим түшүнбөйт. Дей болсо баланы эшиктен киргизе коюп эле жылт койгон. Мугалим ошого жини келип атты окшойт. Ханзуча бек-бек сүйлөнүп, акырында чоочун баланы ээрчитип барып өз классын таап берди. Ал жерде көбүнчө индус балдар отурганын байкады Мани Ясо. Кара-кызыл жүздүү, шуру боолуу кызыл топучан мугалим да индус окшоду. Англис тилин көмөкөйлөп жумшак сүйлөп, жаңы балага бир топко орун тандады.
- Алды жакабы же артка отурганды каалайсызбы? - деди ал Мани Ясого жылмайып.
- Ортого отурсам болобу? - деди бала.
- Окей! Сиздин орточул экениңизди байкадым. Отуруңуз. Бизде орун көп. Болгону, азырынча алты бала бир класста окуйсуңар.
Мани Ясо ортоңку катардагы эң четки орунга барып орун алды.
- Бүгүнчө сиз менен иштей албайм. Тим гана угуп отуруңуз. Эмне түшүнгөнүңүздү эртең айтып бересиз.
Ушинтип айткандан кийин мугалим Мани Ясодон алыстап кетти да, экинчи жанына келген жок. Сабак астролатриянын негиздери боюнча эле.
***
Жахан храмынын иш күнү түн ортосунда башталат. Мани Ясо окуган классты «англистер» деп коюшат экен, ошол алты бала чогуусу менен бир бөлмөгө жата турган болушкан. Билген балдардын айтымында бул жер храмдагы эң суук бөлмө, себеби дубалдары таш, асты да таш, шыбы гана эмне экени белгисиз. Кытайдын аскери жата турган темир керебеттин үстүнө үч жаздыкты катар тизип туруп жеңил төшөк жамынып жаткан адам чынында эле оңойлук менен жылый турган эмес. Ошентсе да Мани Ясо качан уктап кеткени эсинде жок, бир маалда, капкараңгы түндө капталына тийген муштан улам ойгонуп кетти.
- Тез тургун, табынуу залына! - деди класстын эң улуусу сыяктанган индус баланын үнү чайылдап. Андан ары кимди-ким көрдү, дүбүр-дабыр болушуп алтоо алты жерде уйкулуу көздөрү менен кийине башташты.
Берки балдардын айтуусу менен Мани Ясо да ич кийимсиз жылаңач жаткан. Анткени ошондо гана денеге жыт-жыбыр жолобой таза болот экен. Тибеттин таза, кургак авасынын касиети мына ушунда. Балдар үчүнчүдөн биринчи кабатка дабырап түшүп бараткан элдерге кошулуп чоң табынуу залына киришти. Залдын жыты аңкып, жүздөгөн табын чөйчөктөрдөгү күйгөн жыпар чөптөрдүн түтүнү шыпка көтөрүлүп, дубалды бойлой катар турган ыйыктардын айкелдери билинээр-билинбес ыргалып тургансыйт.
Мани Ясонун аракети эле өз балдарынан адашып калбоодо. Монахтар менен окуучулар болсо ар ким өз-өз ордун мурдатан билгендиктен шарт-шарт өтүп барып жаздыктарга малдаш уруп отурууда. Узун залдын башынан аягына созулган беш алты катар эл бетме-бет болушуп жайгашууда.
Ошол тушта Мани Ясонун жанында индус мугалими Гуру Тилак капыстан пайда болду да, чыканактан жөлөдү.
- «Адегенде табын, андан кийин билим ал» дейт бизде. Бирок, сиз азырынча классташтарыңыздын катарында унчукпай отура бериңиз. Кулагыңыз көнсүн. Гимндердин жана табын тексттерин жаттаган соң ырга кошуласыз. Мани Ясо Гуру айткандай үнсүз отуруп, залдагы өтө сүрдүү гүүлдөгөн биринчи табынуу Гимнин угуп, денеси дүркүрөдү. Көбүнесе кырмызы кызыл чапанчан жүздөгөн эркектердин күчтүү добушу табынуу залын титиретип, айнек терезелерди жарып кетчүдөй. Музыкалык аспаптар менен барабандын коштоосундагы Гимндин сүрү, анын жалгыз бир адамдын ички дүйнөсүнө жасаган зор басымы түндүн бир оокумунда ого бетер сыйкыр чалып, ого бетер жүрөктөрдү толкундатат.