Казат Акматов

Архат (экинчи бөлүм)

Казат Акматов

- Мен атаңа сенин түшүндү айта барсам болобу?

Адилеттен жооп болгон жок, бала уктап кеткен.

 

***

 

Жахан храмы сербейип алдына келген кыргыз баласын бүгүн башкача карап тургандай. «Келдиңби, уулум? Биротоло башынды байладыңбы? «Өмүр айлампасынын» эң ылдыйкы тепкичине бут коюп, анын бийик чокусуна дейре чыгууга ниетинди биротоло бердиңби, уулум Адилет?» дегенсийт.

Адилет да бүгүн башка бала эле. Кийген кийими эле эмес, анын бүгүн дээрлик ич дүйнөсү өзгөрүлүп, бала өзүн учу-кыйырсыз чоң деңиздин жээгине келип тургандай сүрдөдү.

Храмдын короосун ал мурда кирип баратканда үстүртөн эле көз жүгүртүп өтүп кетчү. Бүгүн болсо ар бир көрүнүшүнө көз токтотуп, таңыркап карап атты. Баарынан бараандуусу кире бериштеги субурган эле. Бул бийик монумент - лама ишениминин, анын негизги формуласы болгон «Өмүр айлампасынын» символу болчу. Адилет, албетте азырынча субургандын тышкы көрүнүшүнө гана кызыгып өттү. Бир караганда эстелик адамдын тулкун элестетет.

Храмга дейре бүгүн Адилетти Таштан узатып келген. Анткени бул күн инисинин сырткы дүйнөдөгү, мындайча айтканда, акыркы күнү эле. Баланын калган өмүрү дээрлик храмдын ичинде өтмөк. Ал быякта канча жыл окуп, ким болуп, качан кайра элине кайтат? Мунун баарына Таштан эч кимден так жооп ала алган жок. Алышка да мүмкүн эмес экен.

 - Адилет, мен бүгүн түштө телефондон Бишкек менен сүйлөшөм. Ата-энене эмне айтайын?

- Салам.

 -Жылдыз менен да сүйлөшөм, –деди Таштан алдыдагы кубанычын балага жарыя кылгысы келип

 -Жылдыз эжеге да салам. Адилет Таштандын көзүнө орто жашап калган адам сыяктуу көрүнүп кетти.

 

***

 

Адилет бүгүн биринчи жолу байкады храмдын сырты төрт бурч сыяктуу көрүнгөнү менен ички коридорлору көбүнчө айланма, жарым айланма экен. Ошолордун бири менен Дей аны ээрчитип отуруп чакан бөлмөгө алып келди.

-Нетук, бул балага бүгүн жаңы ат берилет. Ошон үчүн бир тал чачын калтырбай ал. дады. Чачтарач бош отурган экен, дароо тура келди да, Адилетти төбө чачтан тутамдады.

 - Кандай сонун чач экен! Муну кескенде колум бир кубанат дейсиң! Отур, кулунум! Көзүңдү чылк жум!

Нетук тилин сунуп алып, чоң кара кайчы менен кой кырккансып ишке киришти. Кайчысы мокок экен, улам чачын жулган сайын Адилет онтолоп ийип, башын качырат.

 -Сага жакпай атамынбы, кулунум. Аз калды го! Көрсө эч кандай аз калбаптыр. Бир сыйра оортопондоп кыркып алган соң Нетук баланын башына ысык суудан жаба куйду эле, Адилет чаңырып ийе жаздады.

- Мен сага эч жамандык кылганым жок, кулунум! Кайдан келгенсиң өзүң?

Адилет башын ийнине катып жооп берген жок.

- Кайдан келдиң дейм?! Нетук Баланы кулактан алды.

- Кыргызстандан. Аа-ай!

-Ошондой десең. Бизде мындай чимкирик бала жок эле дейм да. Бирок Кыргызстан дегенди билбейт экем.

Чачты жибитип алып Нетук эми мастерок сыяктуу үч бурчтук устара менен кырып кирди. Мурдунан киңкилдеп ырдап, баланы тегеренип, өзүнчө эле моокуму канып иштеп атты.

- Мынакей! -деди бир кезде ал. Башың бышкан коондой болуп калды. Бирок мен коонду кинодон эле көргөм. Силерде коон деген болобу?

-Болот, - деди Адилет алаканы менен башын сыйпалап.

 Адилет өйдө туруп, чачтарачтын күзгүсүнө каранды эле өзүнүн кебетесин көрө коюп беттери капыстан дуу дей түштү. Андан соң ушул храмда кумурскадай кыбырап жүргөн миндеген адамдарга дароо опокшош болуп калганына таңыркап бир далайга күзгүдөн көзүн ала албай турду. Капкара чачтарын тасырайта алып салгандан кийин баланын музоо кирпик чоң көздөрү ого бетер алайып, каректери ого бетер терең чөгүп, ого бетер муңайым карап калгансыйт.

Баягы эле Дей Адилетти ээрчитип алып экинчи кабатка алып чыкты да, ичи китептерге толгон бир бөлмөгө киргизди.

- Лама Цу бул баланын атын таап келүүгө жиберди, - деди Дей бөлмөдө отурган монахка Адилет бөлмөгө кирбей ооздо калган эле, кызыкканынан акырын кирип ичкериге баш бакты. Сары көйнөкчөн монах бир чоң китепти барактап аткан экен. Китептеги астрологиялык маалыматтарды ал Дей берген кагаздагы жазууларга салыштырып карап атты.

12.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.