Казат Акматов

Архат (экинчи бөлүм)

Казат Акматов

- Мурда алдагы сеникиндей кроссовка кийүүгө улуксат жок болчу, азыр кийсе болот. Ошон үчүн бут кийим албайбыз. Акчан үнөм болот. Бирок топоз дун жумшак терисинен жасалган эки көлөч алууга туура келет, - деп Дей ко лундагы тизмени кармап алып Адилетке сүйлөп келатты.

- Көлөчтү табынууга барганда кийесиң Байпактан көп алыш керек. Ар күнү алмаштырып турасың

- Деги канча буюм алат экенбиз? - деп Таштан Дейдин колундагы кагазды алып үнүлдү, бирок түшүнгөн жок. Демек эмне, канча буюм алаарды Дей гана билет.

Базар деген базар. Дүйнөнүн кай бурчуна барбагын Индиянын түрлүү-түркүн коробкадагы чайлары, кездемелери, калган буюм-теримдин дээрлик бардыгы Кытайдыкы. Болгондо да Кыргызстандагыдай эмес, алда канча кооз, сапаттуу. Дей артка кылчайып тигил экөөнү карап коёт да, улам бир соода катарына өтүп токтойт. Эл көп, кыжы-кыйма. Ошолордун ар бир үчүнчүсү европалык, же америкалык туристтер. Бойлору узун, аркасындагы рюкзактары калдайып чоң болгондуктан элдин катарына сыйбай түртүшүп, жөөлөшүп, өздөрүнө да оңтойсуз, башкалардын да жинин келтиришүүдө. Дин кармап, ыйман тутуп, узун көйнөк, монах чапан кийип, денесин жылаңач көрсөтпөй, сыпаа жүргөн эл ичинде кыска шортучан, буттарынын жүнү сапсайган, аялдары жоон санына дейре жылаңач, көкүрөгү салаңдап ачык жүргөн чет өлкөлүктөр мына ушул Тибет көчөлөрүндө өзүлөрүн кандай сезээри белгисиз. Анысын эч кимге өзүлөрү, кудаякы, айтышпайт.

Дейдин дегеле таанышы көп экен. Улам бири менен учурашат, улам жоголуп кетип кайра көрүнөт. Акыры жүрүп тизмедегинин баарын алып бүтүштү. Ошо лордун ичинен Адилетке өзгөчө жакканы 108 таштуу теспе эле. 108 тибеттиктер үчүн ыйык сан. Анын эмне үчүн ыйык экенин касиеттүү Кайлас тоосуна баргандар гана билип түшүнө алат. А азыр болсо ар бир окуучунун колунда күмүш жипке тизилген каухар таштуу теспе ар дайым даяр жүрүшү парз. Ак таар чүпөрөктөн тигилген, бели бүйрү узун көйнөктөн үч жуп, бир тери көнөчөк, чай куйуп ичкенге карапа, сырдалган жыгач аяк, целлофан пакеттен бир нече жана күнүмдүк тирликке деп бычак, кашык, айры сатып алгандан кийин Дей чекесиндеги терин сүртүп

- Мына эми кайтсак болот, - деди.

- Тээтиги катарды көрө кетсек кантет?

Таштан алысыраактагы эки кабат имараттын кырында илинип турган реклампаннону көрсөттү. Анда жолборе, илбирстердин сүрөттөрү турган. Дей саатын адегенде өзү карап, анан Таштанга билегин сунду:

- Убакыт калган жок. Биз азыр өргө басабыз. Кырк мүнөт керек жеткиче!

Таштан Адилетти карады, бала болсо жан-жакада тамак талашып, ыркыраша кетип аткан иттерди карап турган. Андан арыраакта ээр токулуу топоздор, аттар, эшектер. Эң кызыгы ошондой эле ээр токулуу тойпойгон понилер. Болгондо да жүгөндөрүнө асемделип күмүштөн, жезден чөгөрүлгөн. Бишкектегидей эле бир же эки дөңгөлөктүү кол араба түрткөн өспүрүмдөр. Бирок анча көп эмес. Адилеттин дагы бир байкаганы гүлдөр эле. Базардын ар кайсы бурчунда жайнаган кооз гүлдөр эң көп сатылат экен. Көздүн жоосун алат.

 

***

 

Кечкурун Таштан менен Адилет мейманканага келишип, керебеттерине сулк жыгылышты. Кечке инисинин жанында жүрүп, бирок сурай албай калган Таштанда бир суроо бар эле:

- Адилет, - деди ал акырын аяр сүйлөп, - бул жактан окуштун шарты таптакыр башка экен. Кечээ ал жөнүндө сүйлөштүк эле. Анан кантип дароо макул болдун? Өзүң эле жалгыз чечип коёсуңбу? Ата-энең эмне дейт, Адилет бир топко үнсүз жатты да, анан күлүп жооп берди:

- Мен атам менен макулдаштым.

- Кантип?

- Айтайымбы?

- Айт деп сурап атам да! Мен агаңмын го. Же мени ага кылгың келбей калдыбы?

- Кхм. Түндө түшүмдө атамды көрдүм. Ал кырмызы чапан кийип, монахтардын ичинде отуруптур. Кадимкидей кечки табынууда Лотос порумунда отурат. Дал ушул Жахан храмында. Мен табынууга биринчи жолу барыптырмын. Атам мага карап көзүн кысат. «Бери, жаныма кел» дегенсип. Барайын десем бир монах менин жолумду тосуп коё бербейт. «Бул бала али бизде окуй элек», - дейт. Анда атам ордунан туруп келди да, колуман жетелеп барып жанына отургузуп алды. «Окуй элек болсо окуйт да!», — деди ал жолумду тоскон монахка акырайып. Ойгонуп кетсем түшүм экен. Бирок баары тең кадим өңүмдөгүдөй болду. Атам улуксат берди окшойт. Таштан инисинин айтканын таңыркап укту, бирок эмне жооп айтаарын билбей, керебетинде жата берди бир топко. «Иши кылып Бишкекке кайра баргысы жок» деди ичинен. «Анда эле мейли».

12.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.