Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

 

***

 

Джип «Тоуota» дагы бир күн кечке калдан-кулдаң этип отуруп акыры Манасаровар көлүнүн чатына апкелип токтоду.

- Бул касиеттүү көл деңиз деңгээлинен 4600 метр бийиктикте, тереңдиги 70 метрден ашат. Азыр биз тээтиги кырга чыгып карасак көл кадим сегиз жалбырактуу лотос гүлүн элестетет. Бул көл Брахма кудайдын жаны болгондуктан Будда өзү келип жээгинде жашап турган жана көлдүн суусуна дарылык касиет берген.

- Будда кай жеринде жашаган? - деди Софи чыдабай.

-Барабыз. Будда жашаган үңкүргө конобуз бүгүн. Көп кызыктар алдыда. Эч чочубаңыздар.

- Көлдүн аты эмнени билдирет?

Таштан бул суроону кечээ түнү кара сакал монахка да берген болчу. Ал «Манас» деген сөздүн эки маанисин айтып тим болгон. Ланки тилинде бул «адам» деген сөз. Ал эми тибеттеги качын тилинде «асман уулу» деген сөз.

- Көлдөн сонун бир жыт аңкып атат! - деп Софи тигил экөөнүн сөзүн бөлүп кетти. Тургид жигит аялга алаксый калды, бирок Таштанга жооп берди:

«Манасаровар» деген «касиеттүү көл» дегенди билгизет. Лама легендасына таянсак бул көлгө индус кудайы Шива жана анын аялы Парвати түшүшкөн. Ал эми өткөн эле кылымда дүйнө салган Индиянын улуу ишмери Махатми Гандинин күлү ушул көлдүн үстүнө да чачылган. Ооруп калганда Ганди келип көлдү айланып, андан кадимкидей дем-күч алчу экен.

Европалыктар адатынча чуркап барып көлгө колдорун салып, күмүш тамчыларды өйдө чачып ойношту эле, Таштан да аларга кошулду. Акыры караңгы киргенде Будда түнөгөн үңкүргө түшүп келишти. Эшик төрдөй жалпак ташка анын сүрөтү түшүрүлгөн экен. Үңкүрдү жердеген сары чапан, сары топучан монах келгендерди тосуп алды да, үңкүрдүн төрүнө бир, ортосуна жана ооз жагына бир май чырак жандырды. Жылуулук берчү меш бул жерде жок экен. Ошондуктан жүргүнчүлөр ар бири өзүнүн машинадагы уктоочу мүшөктөрүн апкелип жатышты. Таштан адегенде дароо эле үңкүрдүн ооз жагын ээледи. Тургид жигит сары чапанчан монах менен башка жайга кетишкен. Дал ошол кезде анан үнкүрдөгүлөр кулактары таңкаларлык чуулдап, денелери жепжеңил болуп, абага көтөрүлгөнсүп, башка бир энергетикалык деңгээлге өтүп кеткендей сезе башташты. Өзгөчө Таштан бушайман болду. Мүшөгүн туйук топчуланып, башын канча катса да болбой, кимдир бирөөлөр аны тегеректеп тыңшап тургансыйт. Таңаткыча Таштан дал ошол ахвалдан кутула албай кыйналды. Акыры качан экенин да билбейт, көзү илинип кеткен экен, бир маалда өзүнөн-өзү чочуп ойгонуп кетти эле, тирукмуш жандык дал үстүнөн тиктеп туруптур. Үрүл-бүрүлдө даана айра албай Таштан мүшөгүн ачмакка кыймыл этти эле, карап турган көздөр жылт этип заматта дабышсыз жок болду.

Эртең менен жүргүнчүлөр саксайышып, бир башкача түр менен бирин-бири шектүү карап ойгонушту. Көрсө Ранкин аялы экөө да же түш эмес, же өң эмес, айтору капкайдагы бир нерселерди көрө беришип абдан кыйналышыптыр. Сопсоо тынч уктаган эле Этьен экен.

Баласы мүшөктөн башын чыгараар менен Софи аны кучактап, бооруна кысып калды.

- Корккон жоксуңбу, уулум?

- Эң сонун уктадым, апа.

Анын атасы Томас болсо көпкө дейре үндөбөй, ээгин тизесине коюп отуруп, анан ордунан аран козголду.

- Ойя, үнкүр болбосоң коё кал, - деп койду анан ал сыртка чыгып баратып.

«Toyota» биртопко өрдөп барган кезде тургид жүргүнчүлөргө дагы бир көлдү көрсөттү. Манас көлүнөн кичирээк экен.

- Муну бизде «Чоң кара көл» деп айтат. Тескери энергия менен ууланган. Бул көлгө тантра-йогдор түшүп, жамандык жасоочу күч алышат. Алар үчүн адамдын өлүмү оюн-тамаша. Идиш-аяктарын өлгөндөрдүн баш сөөгүнөн жасашат. Зулум дук менен жамандык тантриктерге чоң рахат берет. Өзүлөрүнүн жакын кишиси өлсө түнкүсүн өлүктүн жанында коркпой отура беришет.

«Биздикиндей турбайбы» деп Таштан ичинен ойлоп койду. «Бизде деле боз үйдүн капшытына өлүктү жаткырып коюп үч күн, үч түн катары жанында кишилер отуруп кайтарышат», - деп айткысы келип, бирок кайра айныды. «Анда силер да «кара сыйкыр» баскан тантриктер турбайсыңарбы» деп күлүшсө олдоксон абалда калбайын деди окшойт.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.