Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Бир жакшы жери, Кора жолунда өтө бийик бел-белестер жок, көбүнесе түз басасың Ошон үчүн ушул жерге дейре түтөкпөй аман келген адам мындан ары түтөкпөйт. Бирок тургид айткандай капыстан ооруп жыгылгандар болбой койбойт.
Алардын жөнү да бар. Ал мындай. Бул жалганда бардык көрүнүштүн оң-терс, аккарасы болгон сыяктуу эле тибет легендаларында Кайлас тоосунда Будда эле эмес, анын карама каршысы Демчок да өз «кара сыйкырын» кармап турат. Ал кара сыйкыр адамга оң эмес, сол кол аркалуу өтөт. Ошон үчүн сол кол менен саламдашуу жарабаган сыяктуу эле, бардык нерсени оң кол менен кармаганда гана адам Демчоктун терс энергиясынан аман калат.
Сапар уланды. Тургиддин жумушунун эң оору дал ушул жерден башталат окшоду. Ал бирде топтун алдына өтүп, бирде артын кылчайып күтүп, өз кишилеринин басып келаткан ахвалын аябай жанталашып кароодо. Кимдир бирөө бутун ташка уруп алып же калпыс басып мүдүрүлсө тургид жанына учуп жетип колтуктан алат. Өзгөчө ал Софини саксактап келатты. Софи болсо уулуна карайт:
- Улуу Цезарь! - дейт Софи кичине эле бирдеме болсо Цезарга колун сунуп, Тургиддин бул Це-цар атын Софи «Цезарь» кылып алган.
Ошентип «Улуу Цезарь» менен Софи көбүнчө кол кармашып келе жатышат. Ар бир алты-жети чакырымда он, он-беш мүнөт тыныгуу. Тобунда аял же жаш бала жок салтаң туристтер эч бир токтобой, Ранкиндерди кууп өтүп кетип жатышты. Таштан да бир сапар ойлонду, ошолор менен алдыга кете берсемби деп. Анткени аял кошулган бул топ өтө эле жай баратты. Бирок «Цезарь» Таштанга улуксат бербеди. Томаста болсо үн да жок, сөз да жок. Кышылдап баса албай калган уулу Этьенге кез-кези кол кабыш кылып коюп келатат. Кайдан-жайдандыр муздак шамал ура баштады.
Коранын эрежеси боюнча тупатуура жол ортосуна келгенде ар бир адам өткөн турмушу менен кош айтышып, алдындагы жаңы өмүр, жаңы турмушка кадам коёт. Ошондуктан мына ушул кыянын белине жүргүнчү эскиден бир нерсесин таштап кетиш керек. Мейли эски кийим, же буюм болсун, ал түгүл тырмагын же бир тал чачын таштап кетсе да болот. Айланада ошондой акыр-чикирлер үйүлүп жатат. Алар аз келгенсип туш-туштун баары цивилизациянын кунарсыз белгиси - консерванын калайлары, пластмасса бөтөлкөлөр, целлофан пакеттер.
«Цезардын» тобу бул кааданы жасамакка рюкзактарын түшүрүп жатканда Софи байкоостон кыйкырып жиберди. Көрсө обочо барып бир таштын үстүнө отура калган экен. Таш болсо эң күчтүү энергетикалык касиетке ээ болгондуктан адамдын денесин ток сыяктуу уруптур.
- Кайлас тарапка жакын барба! - деп тургид Софини дароо бери жетелеп, башка жерге отургузду.
- Апа, ал эмне таш экен? -деп Этьен апасына жабышты.
- Отура калсам эле бүткөн боюм титиреп кетти. Ички органдарым үзүлүп кетеби дедим тимеле!
- Кайлас тоосуна эч убакта канаттуу куш жолобойт. Бүркүттөр алыстан айланып өтүшөт. Анткени ааламга бул тоодон чыгып кетип аткан энергетикалык толкундун күчү ошончолук. Тоого жарым чакырымдан жакын барууга болбойт.
- Анда эмне келдик бул жакка? - деди унчукпас Томас адатынча өкүнүчтүү жылмайып.
Кора, бул - Кайлас тоосунун өзүнө чыгуу эмес, аны айланып кана өтүү.
Силер эркектер барып тигил ташка отуруп көргүлө, эгер кааласаңар. Бирок көп отурууга болбойт.
- Мен да барам! – деди Этьен дароо жулунуп.
Ошентип Таштан, Этьен атасы үчөө барып ташка бир сыйрадан отуруп, кайра секирип турушту. Этьен ташты балалык оюнга айлантып, дагы бир нече жолу отурган соң атасы аны жетелеп кетти.
- Магниттик энергия бар экен, - деди Томас Таштанга бурулуп.
- Менимче бул магниттик эмес, геофизикалык башка кубулуш болуш керек. Анткени металлга эмес, адамдын денесине таасир этип атпайбы.
- Кана эмесе, даяр болсоңор чек арадан өтөлү да эң негизги ишаратты жасайлы!
- Ал эмне ишарат, Цезарь?
-Ал - тилек тилөө. Жаңы жээкке өтөөр менен кайрадан жерге отуруп, ар ким келечектеги өз тилегин ичинен үч кайталап айтыш керек. Кайластагы андан аркы кадамдарын адам ошол тилек менен басат.
- Вау! Эң негизги маселе ошондо! - деп Софи баласын кучактай алды да Тургидди ээрчип алдыга өтө аярлап, таман астын карап кадам таштады.