Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Акыры, ошол күнү түш ченде дагы бир жүз чакырымча эки, үч белести басып өтүшүп, андан соң кара шагылы куюлган чоң тоону айланган кезде Кайлас чокусу көзгө жарк этип чыга келди. Жалтыраган муз мөнгүлөр күн нуруна чагылышып тимеле өрт алгандай көздү уялтат. Алыстан караганда бир да аласы жок седептей болгон, башкалардан өтө айырмаланып турган, бир караганда боз үйгө окшош аппак тоо!

- Бийиктиги 6666 метр, - деп баштады тургид. - Кайлас тоосу жалгыз эле лама дининдегилер үчүн эмес, ошондой эле бүткүл буддисттер, индуисттер, жайнисттер, тибеттик бончулар үчүн ыйык тоо.

Ушул беш чоң диндеги миллиондогон адамдардын жана андан башка көп өлкөлөрдөгү философ, ойчулардын, гуманисттердин, жазуучулардын, теологдордун ишениминде Жер шарынын астралдык энергиясы Кайлас тоосунун тулкусу аркалуу ааламга чыгып, башка планеталар менен байланышып турат. Албетте Кайлас жалгыз эмес, жер үстүндө мындай окульттук точкалардан дагы отуз бири бар. Ошентсе да Кайлас тоосу өзгөчө орунда туруп, «Дүйнөнүн рух борбору», же болбосо Жер планетасынын огу катары бааланат. Пирамида порумундагы төрт кырлуу тоо ааламдын төрт тарабына түздөлүп, тупатуура жайгашкан жана ал тоодон төрт тарапка тең улуу дайра агып чыгат. Табигаттагы мындай акылга сыйгыс көрүнүш Жер шарынын башка жеринде жок.

Жүргүнчүлөр машинадан түшүп, бүгүн түнөй турган жайына кам урушту.

Анткени Кайласка жөө жүрүш эртеси таңда башталмак.

- Тоону толук бир тегеренип чыгыш үчүн 66 чакырым жол басыш керек, - деди тургид палатканы тигип бүткөндө, - Ошон үчүн катуу уктап, жакшы эс алыш керек.

- Ау! - деп онтолоду Софи, – бир күндө баса албайбыз го!

-Аракет кылабыз. Эгер кааласаңар жолдун орто ченинде түнөй турган үңкүр бар.

- Ал жерде канча градус суук?

- Тезек бар, меш бар.

- Эмне үчүн 66 чакырым. Кай жерде болсо ушул алты деген цифра.

- Алты же тогуз, - деп жооп берди тургид Таштандын суроосуна. Себеби

бул эки сандын Жер шарынын аралык өлчөмүндө биз али түшүнбөгөн мааниси бар. Айталык, Пасха аралы менен Кайлас тоосунун карама-каршы уюлдагы точкасынын ортосу 666 чакырым. Же болбосо Египет пирамидасы менен Англиядагы Стонхендж монументинин аралыгы 6666 чакырым. Дагы айтайын - Хеопсе пирамидасы менен Түндүк уюлдун ортосу да 6666 чакырым. Ошентип бул сан Жер шарынын төрттөн биринде эле тогуз жолу кайталанат. Мына ушунда кандай сыр жатат? Кокустукпу? Кокустук эмес ко

- Тибет легендалары бул сырды чече албайбы?

-Аны чечиш үчүн адамзат Шантамани ташын табыш керек. Ал таш азыркыча айтканда «таш файл». Файлда аалам менен жер шарынын, анан адамдын жаралышынын, өнүгүшүнүн программасы жазылган. Тибет легендасы боюнча Шантамани Кайлас тоосунун чөлкөмүндө катылган, бир нускасы балким Пасха аралында болушу ыктымал. Мына ошол ташты табууда 6 же 9 деген сандын мааниси зор деп айтылат.

- Ал ташты издегендер барбы? - деп унчукпаган Томас сөзгө аралашты.

- Албетте бар. Орустун саякатчысы Николай Рерих аялы, уулу үчөөлөп көп издешкен. Азыр да издегендер бар.

Эртеси күн нуру кылтыйаар менен жөө жүрүш башталды. Тургид адегенде ар кимдин кан басымын өлчөп чыкты, ден-соолугун, ал-ахвалын сурады. Түтөктүн дарысын, дагы башка керектүүлөрдү бүт рюкзактарга салдырып, өзү текшерип чыкты. Анткени Кайлас кабыл албай койсо жүрүштө бараткан адам кокусунан ооруп, зыянга да учураган учурлар болгон.

- Кайласты айланып басыш ритуалын Кора дейт. Кора адамдарды күнөөсүнөн арылтат. Тоону канчалык көп айланса ошончолук адамдын мээри, аурасы тазарат. Жолдо ката Будданын издери калган же анын сүрөтү түшкөн таш плиталар, андан башка да ыйык нерселер кездешет. Бирине да сол колунарды тийгизбегиле.

Эгер чыдабай баратсаңар оң колуңарды тийгизгиле. Ал эми соройуп бийик турган таш түркүктөргө жакын барууга болбойт. Эгер отуруп эс алгыңар келсе мага айткыла, мен кай жерде отурууга болоорун көрсөтүп берем.

Тургиддин ушундай алгачкы жолдомосунан кийин кичинекей топ жолго чыкты. Бул күнү алардан башка дагы төрт-беш топ бар экен. Бардыгы тең рюкзак көтөргөн, кроссовкачан, джинсы шымчан, жүн топучан, дүйнөнүн төрт бурчунан келген, бирок бири-бирине сырт кейпи окшош адамдар. Глобалдашуунун анык белгиси!

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.