Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

- Куш келипсиңер! Монах эң оболу Софинин колундагы жүктөрдү алды.

- Оу! Кыш турбайбы бул жерде. Канча градус суук?

-Жыйырма беш эле. -Монастырга кирип бараткан тургид босогодо илинген градусникти карап Софиге жооп берди.

Монастырда болгону эки бөлмө аман калган экен. Ошонун төркүсүнө Ранкиндер, оозгусуна калгандары жайгашты. Ортодо топоздун тезеги жагылган темир меш. Таш керебеттердин үстүндө ичине саман салынган матрастар. Калың кийим менен анын үстүнө жаткан адамдар үчүн темир мештин жылуулугунун барыжогу деле билинбейт. Анысы аз келгенсип монастырдын жыгач каалгасын жылуулап да коюшбаптыр. Кагжыраган жыгачтын жылчыктарынан асмандагы жылдыздар көрүнүп турат. Таштан дал ошол каалганын түбүнө, элдер небак уктагандан кийин келип кеч жаткан. Ага чейин ал нарыда өзүнчө бир булунда жашаган, алиги кара сакалчан монах менен аңгемелешип отурду.

Аспиранттын издегени эле өзүнүн илимине керектүү материалдар эмеспи. Аска тоонун арасында жалгыз күн көргөн бул монахтан Таштан көп деле бирдеме күткөн эмес. Анын үстүнө кулак-мурдун, колу башын бүт үшүк урган, жүдөгөн неме экен.

Бирок бул жерде да Тибеттеги эң негизги өзгөчөлүк! Канчалык итке минип жакыр жашаса да, кийими жыртык, курсагы ач болсо да, эли билимдүү, ар бир бойго жеткен улан-кыз лама дининин негизги теориялык илимин камтыган «Калачакра», «Канжур», «Танжур» китептерине терең сугарылган. Бир эле «Канжур», «Танжур» сериясы 112 томдон турат. Лама илими тибеттиктерге негизинен ааламдын түпкү жаратылышын чечмелеген жети улуу Мистерияны, Космостук дүйнөнүн баскычтарын, Планеталык адамзат же болбосо «Парабраман» окуусун, адамзаттын пайда болушун, бүгүнкүсүн, эртеңкисин, анан кайра жоголуп, кайра жаралышын, ааламдын түпсүздүгүн, мезгилдин чексиздигин, анан мына ошол эч качан сыры чечилбей турган улуу табышмактын адам акылына сыйбай тургандыгын, аны сыйдырыш үчүн улам кийин дүйнөгө жаралган адамзат эс-акылын улам өстүрүп, жогорулатып отуруш керектигин окутат. Ошол себептен Тибет окуусун өздөштүрүүдө бир адамдын өмүрү бар болгону океандан бир тамчы суу бөлүп алган сыяктуу.

Мына ушулар жөнүндө кара сакалчан монах айтып берип отурса Таштан үчүн өзүнчө эле таң каларлык жомоктой.

- Мурдагы совет өлкөсүнөн келипсиз. Андай болсо түшүнүктүү. Силер мета физиканы карандай танып чыккан адамдарсыңар. Материалисттерсиңер. Дүйнөнү өзүбүзчө түшүндүрөбүз дедиңер. Бирок силердин Дарвин да, Менделеев да, Эйнштейн да өздөрүнүн илимин биздин байыркы китептерден иликтеп алышканын билбейсиңер.

О, койсоңузчу, буга ишенүүгө болбойт ко!

- Албетте болбойт. Себеби силер дүйнөдөгү топтолгон илимдин он гана пайызын моюнга алып окуйсуңар, калганын бүт танып кетпединерби. Демек караңгы адамдарсыңар. Мойнунарга алгыла.

-Азыр окуй баштадык. Мына мен өз инимди апкелип Тибет мектебине бердим.

- Дурус, дурус. Бирок чыдап окуса болду иниңиз. Менин билишимче силерде медициналык институтту беш гана жыл окуйт. Ошол да билимби?

- Ха-ха-ха. Биз ошол беш жылды өтө көп көрүп чычалактап жүрөбүз. Кечиресиз, сизден Бон дини тууралуу сурасам негедир жооп бербей атасыз.

- Э, мейман. Ал бир кайгылуу кеп. Бон деген биздин Тибет элинин ламага чейинки рух ишеними. Ал дин эмес. Силер дүйнөлүк энергияны атомдогу протон менен нейтрондун тынымсыз кыймылы менен түшүндүргөн илимди ошол биздин бондон алгансыңар.

- Анда эмне, «бон» физикалык илимби?

- Ишеним. Бирок ал ишеним болгон менен дүйнөнү астралдык таанууга негизделген.

- Кечиресиз, бонду биз шаман доору деп эсептейбиз. Эмчи-домчу, бүбү бакшылыктын заманы эмеспи.

- Эң туура. Ошол сиз айткан окульт өнөрлөрдүн бардыгы материядагы атомдук кыймылдын ыргагын азайтуу, же көбөйтүү жолу менен аракет кылган. Ошол жол менен ооруларды дарымдаган.

- И-и-и, мени дал мына ошолор кызыктырат, эгер мүмкүн болсо....

-Жо-жо-жок. Биз Бондон биротоло ажырап, кол жууп калганбыз. Падмасамбхава баштаган буддачылар бир кезде күчтүүлүк кылып бизге өз динин таңуулап салган. Бонду «кара сыйкыр», ал эми будданы «ак сыйкыр» деп зордой берип, акыры эки ортодон лама дини пайда болуп, биз ошого биротоло ооп кеткенбиз. Кадырыңыз жан болсун, байыркы бон жөнүндө Лхастагы илим борборунда атайын бөлүм болсо керек, ошондон маалымат алсаңыз болоор.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.