Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
- Жок дегенде видеокамерага улуксат беришсе болмок. Момундай жапайы жаратылышты тартып алат элем, -деди Томас Таштанды сөзгө тарткысы келип.
- Бир чети бардыгын мейманканага таштаганыңар жакшы болду. Анткени жолдогу кытай посттору алып коймок. Кайра беришпейт алар.
- О, мама ми! Чын элеби?! Софи катуу таңкалды.
- Эмне үчүн кытай посттору? - деди Томас.
- Мин тогуз жүз элүүнчү жылы Тибетти капыстан басып алган боюнча кытайлардын армиясы кете элек.
-Менимче аларды кетсин деген ООНдун чечими бар го
- «Кетсин» эмес, Тибеттиктердин адам укугу бузулбасын деген мааниде. Аныкоммунисттер тоготобу.
Кайласка туура канча убакта жетебиз? - деди Софи тургидге кайрылып.
Айдоочунун жанында отурган Тибеттик жигит артка кылчайды:
-Үч күндө. Бирок жолдо эрикпейсиздер. Көп кызыктар бар.
- Мама ми!!! Ха-ха-ха!
Апасы ушинтип нерв болуп кыйкыра күлгөндө гана Этьен атасын жаман көзү менен бир карады. «Мына силерге!» деди окшойт ичинде. Ошону менен ал кайра айнекке бурулду, калгандар болсо таш жолдо шалдырттаган эски джипте үн катпай кыйлага дейре ойлонуп келатышты.
- Алдыны караңыздар. Жуучу суусу, төрт жолдун тоому. Сол жакка кеткен жол Уй провинциясына алпарат, түштүк жакта Сикким аймагы, оң жаккы жол биздин жол. Тээтиги көрүнгөн айыл Шо айылы. Андагы байыркы монастырды кытай коммунисттери талкалаган. Дегинкиси, алар Тибеттеги храмдар менен монастырлардын сексен пайызын бүт талкалашкан. Биздин он төртүнчү Далай-ламабыз Индияга качып кеткен, ошол боюнча келбейт. Биз эми аны Качкын-лама дейбиз.
- Качып жүрсө да Нобель сыйлыгы берилди го ага.
Тургид муну айткан Таштанга кайрылып кекээр жылмайып койду:
- Нобель сыйлыгын бергендердин тибет эли менен иши жок да, деди анан кошумчалап, - аларга популист гана керек.
-Капырай, ушунчалык артта калган өлкө экенсиңер. Айлананы карагылачы, тимеле байыркы таш доор! Софи муну айтып алды, бирок тургид таарынган жокпу дегенсип аны кирпик алдынан карап калды.
- Биз эч убакта байлыкка умтулбаган элбиз. Динибиз ошондой.
- Бирок адам өңдүү жашаш керек да!
- Эң сонун жашап атасыңыр деп бизге кытайлар дайыма эскертип турат.
- Кытайлар өзүлөрү Европанын деңгээлине жетип калды, - деди Томас сөзгө аралашып.
- Бизге дайыма Европаны мисал кылышат. Бирок биз аларга окшогубуз келбейт. Эгер окшогубуз келсе балким эмгиче аларды кууп жетмекпиз.
- Анан кимге окшогунар келет?
- Тибет эли эч бир элге окшогусу келбейт. Анткени биздин өзүбөздүн рух дүйнөбүз бар. Максатыбыз байлык топтоо эмес, ошол рух дүйнөбүздү өркүндөтүү, колдон келсе башка элдерге адилеттикти жайылтуу, адамдардын ыйманын ачуу Ламаларыбыздын бүткүл аракети ушунда.
- Силерди көзү ачыктардын өлкөсү деп коёт го?
- Ар бир адамда эки эмес үч көз бар. Бирок баары эле үчүнчү көзү менен дүйнөнү көрө бербейт. Биздин ламалар айрым кишилердин үчүнчү көзүн ачышат.
-Сиздики ачылганбы? - деди Софи тургидди сынагансып күлүп.
- Менде андай касиет жок. Ал үчүн Сириус планетасынын багымында төрөлүш керек.
- Сириус?! - Софи күйөөсүн жалт карады. Этьендин планетасы кайсы эле?!
- Ореон болсо керек эле. Өзү даана билиш керек. Этьен, сенин гороскобун кандай эле?
- Ореон, - деп айнекти караган бойдон күңк этти бала.
-Ошол такпы же так эмеспи?! - деп Софи чебелектей кетти. Анткени тургиддин айтканы башка болуп атат. Эгер уулунун жылдызы Сириус болбосо, анда бул жакка бекер келишиптир да! Аялдын кабатыр болуп кеткенин байкаган Таштан минтти:
-Чыгыштын гороскобу силердики менен дал келбейт да. Кабатыр болбоңуз.
- Чын эле, - деди Софи эсине келгендей тынып.
Андан ары тургид жигит Тибеттин жаратылышын кеп кыла баштады.
***
Бир күнү кечке жалаң бийикти көздөй өрдөп отуруп араң дегенде жүз чакырым жол баскан джип «Toyota» каш карайган кезде бийик тоодогу жарымы талкаланган бир эски монастырга келип токтоду. Монастырдын эшигинин үстүндө жалгыз лампочка күйүп турат жылтырап.
-Бүгүнкү жатагыбыз ушул жер, - деди тургид. - Монастырдын ичи жылуу, коркпогула.
Келгендерди тосуп алган монах жашы канчада экени билинбеген, сакалчан, шырымал шым, кийиз өтүкчөн адам экен.