Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Кезеги жеткенде Таштан да тешикке башын салып көрдү эле аза бою дүр этти. Тээ ылдый, тептекши кар баскан коктуда карайган эки адамдын карааны кыймылдап жүрөт. Каак деген карга, куук деген кузгун учуп жете алгыс терең коктунун түпкүрүндө эмне деген адамдар?!
- Иети, - деп түшүндүрдү тургид жигит, — киши кийиктер.
Топ сапарын узады. Бир топ баргандан кийин «Цезарь» Кайласты көздөй жакындап кеткен бир аяк жолго эч капарсыз кол жаңсады.
- Бул дагы Кайласты айлана турган жол. Бирок биздикинен жакыныраак барат тоого. «Кичи айлампа» деп аталат.
- Анда эмесе ошол жолго түшпөйлүкпү! – деп эки күндөн бери тургидге үйүрала түшкөн Этьен Це-царды колдон жулка кыйкырып калды.
- Чын эле ошентпейлиби! - атасы баласына кошумчалады.
- Шашылбагыла, – деди Цезар. Качан гана сырткы жолду он үч жолу басып өткөн соң ички жолго түшүүгө болот.
- Он үчпү?! - деп бакырды Этьен.
- Сиз чындап эле айтып атасызбы?! - Бул суроону берген Софинин өңү өзгөрө түшкөн болчу.
- Тургидке бир да сөздү жалган айтууга болбойт, - деди Це-цар, тигилердин катуу чочуганына таңыркап.
Томас да элейип «Цезарды» карап калган болчу.
- Силерге эмне болду, урматтуу сапарчылар?
Тургиддин бул суроосуна эчкимиси жооп бербей ичтеринен ачуулангансып турушту.
- Он үч айлампа деген болбогон кеп да! - деди кыйладан кийин Софи чыдабай.
- Аны ким, канча күндө басып өтмөк эле?!
Тургид ийнин куушургуча Томас да сөзгө аралашты:
- Ошол он үч жолу айланганда анан адамдын көзү ачылабы?
- О, көз ачылуу жөнүндө максат болсо, анда Тибет мектебин толук окуп бүткөндөн кийин келип, жүз сегиз жолу айланыш керек Кайласты. Ошондо да ар кимдин эле көзү ачыла бербейт.
- Тибет мектебин канча жыл окуш керек?
- Он, он беш жыл.
- Адам жинди болуп кетпейби?!
Софи бир зор тилегинен айрылгандай бети-башы бырышып ыйлап ийди.
Этьен гана балалык кылып бул капыстан башка түшкөн кайгыга муңайган жок.
- Мобул жерден таш кулатса болобу? -деди ал алдындагы бийик жарды тургидке көрсөтүп.
-Эч убакта таш кулатпа! Бизден ылдыйда да сен сыяктуу туристтер келатат.
Ошол дайыма эсиңде болсун.
Жогорку сөздөрдөн кийин Томас көз көрүнө шалдая түштү. Софи болсо көпкө дейре нерви козголуп тынчыбай атты.
- Сен ушуну ойлоп чыгарган! Бул жакка темселебей Сингапурга барып эс алганда болмок! - деди ал күйөөсүн заар көздөрү менен каарып.
Ошентип «Цезарь» алып бараткан топтун маанайы капыстан бузулуп калды.
Анткен менен бул үй-бүлө Тибетке келгендеги чыныгы максатын чогуу бараткандарга ачык айтпастан жашырып калды. Бир гана Этьен ата-энесине таарынып алды:
- Мени бул жакка сүйрөбөй эле койсоңор, досторум менен Альпыга кете бермекмин.
- Тибетти да көрүш керек, - деп койду Томас үй-бүлөсүн жошутмакка.
Сапардын мындан аркысы Ранкиндер үчүн максатсыз болуп калса да Цезар аны байкабаган киши болуп мурдагысындай жанталаша берди:
- Тагдыр буюрса, балким «Кичи айлампаны» да басып калаарсыңар. Ал жакта укмуштар мындан көп. Жанаша жаткан эки көл бар. Биринде тирүү, биринде өлүк суу. Андан тышкары 13 алтын эстеликти көрөсүңөр. Жер алдындагы ал коридорлорго мен лама дегендердин да баары кире бербейт.
Бара-бара тургид өзүнүн милдеттүү сөздөрүн көбүнесе Таштанга айта баштады. Себеби Ранкиндер тыңшабай калышты.
- Силер абдан акжолтой туристтер экенсиңер, – деп тургид тигилердин чөккөн көңүлүн көтөрүүгө аракет кыла баштады. - Анткени мына үч күндөн бери күн чайыттай ачык. А болбосо көпчүлүк келгендер Кайласты айланып жүрүп, тоонун өзүн бир сапар да көрбөй калышат. Анткени булут чулгап калат. Кээде жайдын күнү бапылдап кар жаайт. Бир жолу Лондондон келген жаш туристтерди мен жонума көтөрүп өткөм. Кар малтап баса албай калышкан. А бүгүн болсо Кайлас шаңкайып көрүнүп турбайбы. Тигинин ар бир кыры өз-өзүнчө, ортосунда болсо свастика белгиси кашкайып турат. Гитлер өзүнүн нацистик символун ушул свастикадан алган. Ал быяка нечен жолу экспедиция жиберген. Өлбөстүктүн амалын издеген.
Цезардын канчалык жан үрөгөнү Ранкиндер үчүн баары бир сыяктуу. Софи жерден башын албай, тургид көрсөткөн жакты карабай да келатат. Кайластын касиети ал үчүн кетип калган шекилдүү.