Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

 Чымчыктардын учуп кеткени Адилетке өтө оор тийди. Таштан байкеси эмне жоголду, бу да түшүнүксүз. Сынактын бүтөөр маалы белгисиз болгондон кийин минтип көгөрүп отура берүүнүн кереги барбы? Албетте жок! Же балким монахтар өзүлөрү токтотуп коёбу бу кыйноону? Балким Адилетти жараксыз деп тургу зуп жиберишээр? Атаганат ошентсе гана?! Бирок жараксыз болуп калышты кайра бир ойлоп Адилет коркуп кетти. Үйдө атасы Саламат күтүп атат. Жараксыз болуп барса анын күнү тууган турат. Таштан экөөнү тең шылдыңдап, тепкиге алып, баш көтөртпөй бакырып чочколоруна гана кошуп короого камап салмагы бар. Ал көзгө көрүнүп эле турган иш. Анан калса бул экөөнүн өтпөй, акчаны ада кылып, сандалып кайра барганы үчүн Саламат түз эле апасы Айзаданы басып жыгылат. Көгала койдой сабап да салышы ыктымал. Бир сапар сабаганы Адилеттин эсинде. Ошондо бала, эче жашта экенин азыр өзү да билбейт, айтору атасынын колундагы таякка жабышып чыкпай, апасына болушканы бар.

-О, инендурайын, керексиз! Тууган энең тиги болсо сенден кантип адам чыксын! - деп атасы бакырган болчу Адилетке. А эмне үчүн аны «керексиз» деп тилдегенин бала түшүнгөн эмес, азыр да түшүнбөйт. Бирок ошол сөз эсинде тыкыйып калыптыр.

Күн батып, күүгүм кирген ченде Адилет таптакыр кунарсыз ойлорго батып, ал түгүл «бүгүн түнү өлүп каламбы» деп шектене баштады. Мунун баарын Таштан агасы билиш керек эле да! Балким ал деле Адилеттин өлөөрүн билип тим койду бу. Кылаар айласы жокпу? Антпесе бир мерте келет эле го! Айтору...

Так ушу тушта дарбаза кайрадан кыйчылдай түштү. Адилет билип калган, бу беймарал кезде ачылбаш керек эле, эгер зарыл жумуш болбосо. Демек монахтардын бир иши чыккан, балким Адилеттин тагдыры...

- Уулум, бүгүнчө бошсуң Эртең күн чыгаар менен дарбазага кел, - деди жанында эч дабышсыз пайда болгон үн. Адилет сүйүнүп кетип обдулду эле малдаш урган буттары кыймылдабай тонкосунан кетип, эки колу менен жер таянып калды.

 

***

 

Мейманкананы эптеп таап келсе, Таштан агасы жаймажай китеп окуп керебетте жатат. Адилет бөлмөгө кирди да, өз керебетине бүкүлү жыгылды. Эч сөз айткысы жок. Үч күндөн берки көргөн эч кимге түшүнүксүз кордугуна, андан да мурун агасы аны акыркы эки түнү карабай таштап кеткени үчүн бүткүл ызасы чогулуп мына эми бир келди бейм, жаздыгын кучактап алып солуктап үнсүз ыйлап жиберди.

Ушундай болоорун агасы болжоп жаткан, инисине айтаар сөзү да даяр эле, бирок Таштан көпкө дейре чыдап унчуккан жок. Бугу бир аз чыкпаса Адилет айткан сөздү укпайт да, түшүнбөйт да эле. Акыры бала солуктап атып тыңды.

- Булар биринчи иретте сенин эркиндин күчтүүлүгүн сынашты. Эрк - Тибетке окуйм деп келген адамдын эң негизги сапаты экен. Ошон үчүн мени сага жоло тушкан жок. Атайын келип эскертишти. Барбаганыма таарынба. Андан көрө сени куттуктайм! Мындай көкмелтей экениңди мен да билген эмесмин, таң калдым, - деди Таштан Адилеттин жанына отуруп кежиге чачын уйпалап. Буюрса эртең мына бул жүдөткөн калың жалдан кутуласың

Эмнеге? - деди Адилет көпкө үнсүз жаткандан кийин жаздыктан башын көтөрбөгөн бойдон.

 - Менимче ишиң оңунда, иним. Жанараак келип аты жөнүндү, жердин кайсы точкасында туулганыңды, туулган жылынды, айынды, күнүңдү, саатыңды жазып кетишти. Баарын тактай келгеним жакшы болуптур. Эртең чачынды алат. Сага башка ат коёт. Мындан ары «Адилет» болбойсуң

- Койсончу, байке! - деп Адилет шишиген көздөрү менен жаздыктан башын көтөрүп, Таштанды карады.

 

***

 

Эртеси таң эртеңде Далай-ламанын резиденциясы делген Тибеттин эң негизги монастыры Потала жактан зыркырап ызгаар уруп калган экен. Тикелей баскан кишинин көзүнөн жаш агызып, бетинин отун тызылдатат.

«Кечээ, мурдагүнү мындай шамал болгондо өлмөк экем», - деди Адилет өзүнүн Жахан храмын көздөй бурулуп өргө чыга жөнөгөндө. Ал дарбазага жакындап калган кезде таңкы табынууга чакырган кернейдин үнү шамал менен кошо үзүк-созук зунулдады. Адилет билип калган, азыр бир паста храмдын ичи кым-куут болуп эл табынуучу залдарды көздөй жөнөшөт. Мындай беймаалда ага дарбаза ача турган бирөө чыгаары күмөн. Демек көпкө күтүүгө тура келет.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.