Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Адилет темир каалганы кичинекей таш менен тыкылдатып коюп оңтойсузданып турду. Бирок, бу сапар Адилеттин жолу болду окшойт, дарбаза тез эле шарт ачылып баягы тааныш үнү «кыый-ч» этти да, автобекетте буларды тосуп чыккан Нгаван Дей чыга келди.

- Кыргыз тууган, келиңиз, -деди ал өтө урмат менен. - Сиз жөнүндө жакшы сөз болду. Бүгүн сиз өтө атактуу, билимдүү ламага барып сынак бересиз.

- Кайсыл сабактан берем?

- Ал сиз менен жөн гана аңгемелешет. Ар кандай темада.

Адилет бат-бат баскан Дейди ээрчип баратып, храмдын короосунун ичин бир сыйра көрүшкө үлгүрүп, бирок негизги көңүлү храмга кире бериштеги узун таш дубалдардын үстүндө орнотулган кызыл-тазыл чимириктерге бөлүндү.

Чимириктер жыгач чөйчөк порумунда жасалып, ичинде май чырактар күйүп, биликтери үлпүлдөйт. Табынууга бараткан адамдар катар тизилген ондогон чими риктерди сөөмөй менен тегеретип кетип атышты. Алардан чыккан назик добуштар бири-бирине куюлушуп отуруп, кандайдыр бир моокум козгой турган музы калык күүгө айланып, храмдын дал кире беришин жаңыртып турду.

- Мынабул бөлмөгө кириңиз, - деди Дей Адилетти бир топ коридорлорду аралатып отуруп апкелген сон Чачы таза кырылган, тегерек бет, кең танолуу көздөрү бакыракай, кырмызы чапанчан Лама жапыз столдун астына буттарын сунуп отурган экен.

 - Мени туурап Лама Цуга салам бер, - деди да, Дей тизелей калып үч жолу жүгүндү. Бүткөн бою билинер-билинбес калтырак баскан Адилет аны туурады.

- Келиниз, Адилет уулум, - деди Лама Цу ордунан умтулуп.

Адилет сүрдөп барып Ламанын маңдайындагы калың жаздыкка бир жамбашын аяр койду.

- Малдаш уруп, түз отуруңуз, кыргыз уулум. Окууга эркиниз жетет көрүнөт. Туулган жылыңыз, аты-жөнүңүздү астрокалендарь боюнча эсептесек үчүнчү көзүңүздүн ачылышына мүмкүнчүлүк бар сыяктуу. Мындай касиет Сириус жылдызынын багымында туулган миллиондордун биринде гана болушу мүмкүн. Албетте эгер сиз аракет кылсаңыз. Лама жооп күткөнсүп Адилетти сынай карап жылмайды. Адилет эч нерсе түшүнбөгөндүктөн ийнин куушуруп жылмайды. Ошого карабастан бул эки адамдын бирине-бири жылдызы түшүп турду.

- Сиз ислам динин туткан адамсызбы? Мечитинерге намазга барасызбы?

- Жок. - Үйүңүздөн намаз окуйсузбу?

-Биздин үйдө эч ким намаз окубайт.

- Билем-билем, - Лама Цу ажарлана күлүп жиберди.

-Жашыңызга караганда сиз коммунистик динди да тутпай калдыңыз окшойт. Андай болсо эң жакшы. Сиз менен иштеш жеңил жана өзүңүз үчүн пайдалуу болот. Бирок бизде окуу татаал, кыйынчылык өтө көп. Миң бала келсе бирөө эле аягына чейин чыдай алат. Калгандары жөнөкөй гана тигил табын чимириктерди айланткан кызматчы болуп кала берет. Алардын көбүн акырында храмдан зордоп кетиришке мажбур болобуз. Бул сөздөрүңүздү түшүнүп атам дегенсип Адилет башын ийкегилеп отурду.

- Эгер бардыгына туруштук бере алсаңыз, а эң негизги биз берген сабактарды окуп түшүнө алсаңыз, билимиңизди тереңдете берип акыры көзү ачыктыкка, келечекти айткан олуялыкка, жылдыздар дүйнөсүнө саякатка чыгуучу левитациялык касиетке багыт беребиз. Аларды андан ары өздөштүрүш сиздин акылга жана темирдей бекем эркке жараша болот, уулум Адилет. Адамдардын арасынан улуу генийлер, таңкаларлык зор таланттар чыга берет. Ал үчүн анын жолун ачыш гана керек.

- Мен архаттын окуусун окугум келет, - деди Адилет Лама Цудан баштагыдай сүрдөбөй.

- Дал өзүн айттыңыз, уулум. Көзү ачылган ар бир лама архат даражасына татыктуу боло алат.

Лама Цу куш жаздыгына оңдонуп отурду да оңой да, татаал да суроолорун аралаштырып, кезеги менен Адилетке берип коюп, жообун кызыгып угуп отура берип акыры ошол күндү биротоло тамам кылды. Эң аягында ал мындай деди:

- Адилет уулум, ааламдагы гравитациялык коридорлор жөнүндөгү ойлорго бе рилип алыпсыз. Буга аябай кубандым. Сиз бизге чейин эле Сириус багымында төрөлгөн касиетиңиз бекер эмес экенин далилдей баштапсыз. Жолуңуз ачылсын. Кийин аябай күлөсүз. Адамдар азыр ушу тапта космосту техника менен багынтабыз деп жаш бала оюнчук жасагандай иш кылууда. А чынында гравитациялык коридорлор даяр. Эч кандай спутниксиз эле канчалаган адамдар асманга көтөрүлүп кетип жатышат. Бул жөнүндө дүйнөлүк басма сөз такай жазып атпайбы! Кеп ошол кайыптық касиетке ээ болушта. Издегениңизди биздин храмдын билиминен сөзсүз табасыз.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.