Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Адилет көз алдындагы көрүнүшкө алаксыйт, бирок ошого болбой тизелери, муундары кайрадан сыздап, кайрадан денеси уюп зылыйат. Күн көтөрүлгөн кезде храмдын дарбазасы улам-улам ачылып топ-тобу менен монахтар кайдадыр жөө кетип жатышты. Аңгыча Адилет курдуу балдар кубалашып, түртүшүп тебишип, бериде соксоюп жалгыз отурган чоочунга кум-таш ыргытып, бейбаштанып, түшүнүксүз тилде сөгүп да кетип атышты.

Экинчи күнү кеч негедир бат эле кирип келгенсийт. Бат эле карарып асманда дал кечээкидей балбылдап жылдыздар толо. Бүгүн түш ченде Адилет курсагы ачканын аябай сезген, башы айланып, эси оогон авалга жетип анан кайра тарткан.

Азыр болсо ошол абалга кайрадан келди. Таштан байкеси кечээкидей жанына келсе көзүнөн жаш атып кетчүдөй. Андан же тамак сурайбы же «кетем, окубайм» деп ордунан тура качабы, айтору мындай кордук-сыноого чыдаш мүмкүн болбой баратты. Адилет мындан ары эми чыдамсыздык менен байкесин гана күтө баштады. Монахтардан да, храмдан да үмүтү үзүлгөнсүдү. Алар тээ кыргыз өлкөсүнөн бери темселеп келген жалгыз талапкерди унутуп эле коюшса керек. Кимге кимдин кереги бар бул турмушта?! Каякка арсаң баягы эле мамайдын көрү! Кайдыгерлик!

Түн ортолоп калган кезде дарбаза «кыы-ыйч» этип жай ачылды эле Адилеттин нервдери дүр дей түштү капыстан. Көрсө мынабул маңдайындагы кочкул күрөң дарбазанын үнү дал баягы, Бишкектеги «Үч кудук» аттуу көп кабат үйлөрдүн короосундагы эски, дат баскан селкинчектин үнүнүн өзү турбайбы!!! Дал өзү!

Түнкү караңгыда Адилеттин көздөрү алайып, кулактары тикчийип, жүрөгү лакылдап чыкты. Дагы бир жолу дарбазанын үнүн уккусу келет, бирок темир каалгалар кыймылсыз, ачылган бойдон калган. Андан чыккан бир караан Адилетке жакындап келди:

- Уулум, түңүлбө, биз сени унуткан жокпуз. Көп балдар экинчи түнкү кечте сынакты көтөрө албай туруп кетишет. Азыр болсо кеч ооп, саат түнкү он бир болуп калды. Ошону эсинен чыгарба, — деди кечээки эле курку моюн монах бүгүн аябай ыраазы болгон жумшак үнү менен. Анан ал Адилетке кечээги кечте берген тамактын дал өзүн кайталап берди да кетип калды.

- Сынак канчага созуларын айта албайм, -деп койду ал кетип баратып. Монахтын акыркы сөздөрүн Адилет укпай да калды окшойт, дароо тамакка киришти.

Эгер «сынак канчага созулаарын билбейм» дегенди кулагы укса балким цампа кекиртегинен өтпөй калат беле? Айтору обору опсуз ачылган балага бүгүнкү талкан дүйнөдөгү эң таттуу даам болуп, үшүп-тоңгон денесин ысытып кирди.

Ал түнү Таштан эмнегедир инисине жологон жок. Адилет болсо баягы кичинекей чуңкурчасында бүрүшүп уктап жатты. Түшүнө Үч кудуктун селкинчеги кирип, бала улам күүлөгөн сайын андан кандайдыр бир созолонуп, муңайым чыккан дабыш жаңырат. Селкинчек таңаткыча «кыы-ыйч, куу-йч» этип тынбай үн салып, өспүрүмдүн аң-сезимин аралап, андан ары чексиз ааламга, алыскы жылдыздарга өтүп кетип жаткансыды.

Үчүнчү танда Адилет кимдир бирөөлөрдүн кужулдагынан улам ойгонду. Азга көзүн жуумп жатты да андан соң шашылыш ордунан турду. Даараткана курку моюн монах көрсөткөн жерде, бел кырчоого дейре эле тизилген таш короочо болчу. Ошого сендиректеп жетти да кайра келип баягы порумун алып отура кетти.

Көздөрүн ушалап-ушалап алып храмды, өзгөчө анын дарбазасын таңыркап карайт. Темир каалгалар асылып турчу илмектер дат баскан экен. Деле кайда болбосун мындай учурда темир-темирге сүрүлүп кыйчылдап калат го. Бирок опокшош добуш берген эки башка, бири селкинчек, бири дарбаза деги дүйнөдө болобу же жокпу ким билет. Адилет андайды күткөн эмес, бирок мына ушул жерден капыстан өз кулагы менен укту. Храмдын дарбазасы бүгүн Адилеттин көзүнө бир башкача көрүнүп, бир чети алаксыткан эрмеке айланды. Курку моюн монах айткан:

«Башка эч нерсени ойлобой, храм жөнүндө, окууң жөнүндө, ыйык Будда жөнүндө гана ойлонуп отур», - деп. Ал сөздөр үчүнчү күнү гана Адилеттин эсине түштү, бирок храм жөнүндө да, Будда жөнүндө да көпкө такай ойлоно албай убара болууда, анткени экөөнү тең өспүрүм али жакшы биле элек эле.

Түштөн кийин ага кайдандыр учуп келген, көзүнө таптааныш, кадимки таранчылар эрмек боло баштады. Тобунан жанбай, бир учуп, бир конгон боз чымчыктар Адилетти таанып аткансып чукул секирип, эч коркпой, атүгүл баланын көздөрүн кылчак карап: «Эмне отурасың? Кыргызстандан быякка эмне келдиң?» деген өңдүү «Окуганы келдим», - деди Адилет. Аздан кийин чымчыктар такыр эле үйүр алып, Адилет тамак жеген жердеги күкүм-сүкүмдөрдү терип жеп, анан рахмат айткан ше килде зырп коюп учуп кетишти.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.