Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Урматтуу саякатчылар! Алдыңыздарда Тибеттин борбору Лхаса шаары. Дениз деңгээлинен 3650 метр бийиктикте, Лхаса тоо этегинде, Жуучу суусунун боюнда жайгашкан. Калкынын саны 82 миң адам...
Автобустун ичиндегилердин бардыгы терезелерге жабышып, шаардын эң бийик төрүндөгү, тоого кынай салынган, Тибеттин Далай-ламасы жашап, иштеген Потала дворецин карап жатышты. Дворец өзүнчө эле аска зоого окшойт.
***
Лхастагы негизги билим борборлорунун бири болгон Жахан храмынын өкүлү биртопко кечигип келбей атты. Таштан болсо өз атын англисче жазып төшүнө илип алган. Адилет экөө автобустан түшкөн соң рюкзактарын жерге коюп көпкө турушту. Автобекет биртоп эле кыжы-кыйма. Туристерди топ-тобу менен бөлүшүп алып, жай-жайларына алып кетип жатышты. Акырындап отуруп эл суюлду да, үстү жабык бекеттин алдында тибеттиктер жана аларга кебетеси окшош эки кыргыз гана калгансыды.
- Иттери сапсагай экен ээ? -деди Адилет улам келип колун тиктеген күчүккө нан үзүп ыргытып.
- Суук да.
Таштан кабатыр боло баштаган. Дал ошол тушта «Таш-тан!» деген туура жак тан үн чыкты. Карай салса шөлбүрөгөн саргыч чапанчан, жеңи жок чыттамалуу, бетинин отунда кара тагы бар жаш жигит. «Ом! Мани падме хум!» деди жаш монах бираз эңкейип. Андан кийин англисче сүйлөп кетти.
- Жүргүлө. Убакытты кетирбейли. Мен ансыз да кечигип келдим, анүчүн кечирим сурайм.
Жахан храмы Поталанын сол жагында, көп алыс эмес апайтөштө жайгашкан экен. Храмды тегерете салынган үстү жалпак кичинекей там үйлөр, дүкөндөр, камоктор. Көчөлөр болсо көбүнесе таштан тизилген, Поталаны көздөй кеткен гана бир чоңураак көчө асфальт сыяктанат.
Таштандарды калдыраган эски «фольсфаген» менен тосуп алган саргыч чапанчан жаш монахтын аты Нгаван Дей болуп чыкты. Таштан экөө сүйлөшүп баратышып күлүп калышты:
-Кыргызча сенин ысымың Нгаван Бешинчи болот, - деди Таштан аны ийинден кысып. Же болбосо Нгаван Жума. «Жума» деген биздин календардын исламча бешинчи күнүнүн аты. Андан кийин Таштан Адилетке бурулду:
- Булар жуманын кайсыл күнү туулса ошол күн ысымына кошулат экен.
Жахан храмынын түбүндөгү сырты эскиче, бирок ичи европалашкан мейманканада бир түнөгөндүн эртеси Адилетти ээрчитип Таштан окуу храмына алпарды. Храмдын дарбазасы бек, электр коңгуроосу жок. Ал жерде дагы эки-үч бала турган экен. Кыязы бири монгол же бурят өндөнөт. Калган экөө индуска окшойт. Айтор дарбазаны ачайын деген жан жок. Таштан колунун сырты менен кайрадан каккылады да, күтүп турду. Аңгыча чоочун балдар Адилетти жат көз менен тооруй карашып, үстү-башына, кийген киймине таңыркап жатышты. Бүгүн ал кыргыздын ак калпагын, кара чийбаркыт костюм-шымын кийип алган. Бугунда болсо кытайдын ак кедасы. Кейптерине караганда балдардын курагы бирдей.
Аңгычакты дарбаза ачылып, чымкый сары чапанчан, апарык болгон курку моюн монах көрүндү. Үлүрөйгөн бүтүк көздөрүндө кубаныч да, кайгы да жок, келдиңби-кеттиңби да жок. Ал Таштанды карап да койбой, түз эле өспүрүм балдарга үңүлдү. Адилеттин бүгүн биринчи жолу келип турганын жаземдебей билди окшойт, тигил үчөөнү ичкери киргизип алды да, аты-жөнүн да, каяктан келгенин, дегеле эмнеге келгенин да лам деп сурабастан Адилетке чала-бучук англис тилинде мындай деп түшүндүрдү:
- Дарбазадан ары кырк кадам аттап барып малдаш уруп, «Лотос» порумунда храмды карап жерге отургунун Эки жакка алаксып же туруп кетсең анда храмга экинчи жолобойсуң Былк этпей күнү-түнү отур. Ойлогон ойлорун бүт быякка эмне үчүн келдин, ошол жөнүндө гана болуш керек.
- Канча убакыт отурат? -деди Таштан ичкери кирип бараткан монахка обдулуп
- Сиздин ишиңиз болбосун, - деди ал Таштанды карабастан. Дарбазаны жаап алды.
***
Адилет кечке дейре былк эткенден коркуп, храмды карап, малдаш уруп отур ду. Чаң аралаш желаргы улам келип бетке уруп кетет. Адегенде зыңкыйып түз отурган бели күүгүм тарта чыдамы кетип, ылдыйлап, бөгүп калды. Кырбуусуна кум, чаң толо баштаган ак калпагы улам кабагына түшөт, көздөрү ачышат. Улам кечтеген сайын ичи ийдилеп, курсагы ачат. Монахтардын сыноосу бүгүн кечке бүтөт го деген ой менен Таштан да балага жолобой, тамак жөнүндө кеп да кылбай, күнү кечке өз иштери менен жүрүп кечте келсе, Адилет баягы ордунда. Инисинин жанына барайын дейт, коркот. Адилет көз кыйыгы менен Таштанды көрдү, ыйлагысы да келе түштү, бирок чымырканды, үн каткан жок. Сынак мына-мына азыр бүтөт менен отура берип түн кирди. Таштан болсо ал арада мейманканага барып, тамактанып алып кайра келген. Бармактай жаш баланы ээн талаага отургузуп коюп таптакыр унутканбы бу монахтар! Бул эмне деген кыйноо?! Ушундай да болобу? Же күн мурун эскертишпейт! Бала болсо сыз жерде отурат! Таштандын жаалы келип, тыбырчылай баштады. Храмдын дарбазасын барып кагайын дейт, бирок күндүзгү монахтын мамилесине караганда булар Адилеттин өзү менен гана иши бардай. Эгер башка бирөө ортого киришсе чатак чыкчудай окшойт. Кантсе да эми чыдайын деген ойдо ал обочодогу дубалга далдаланып тура берди.