Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Асман бир кезде балбылдап жылдызга толуп чыкты. Тимеле колго түшө калчудай, бадырайган жапжакын жарык жылдыздар. Аларга кошул-ташыл болуп храмдын зор имаратынын миндеген терезелеринен электр жарыгы чачырады. Сөз чынынан бузулбайт, мына азыр Таштан көрүп турган түнкү керемет тигил монахтардын жаш балага кылган мамилесине таптакыр коошпой турду. Эч айыбы жок, окуйм деп келген балага кудайакы кылмышкердей мамиле!
Таштан чыдай албай нары-бери баса баштады. Адилеттин түнкү карааны эле сербейип былк этпейт. Жанына бир тушалуу эшек секирип келип кетти. Андан жок мурда окшойт жүгүрүп бараткан жолбун ит жыттагылап өткөн. Кечки шамал да ондурган баланы. Бирок Адилеттин ошонун баарына былк этип койбогону Таштанга шектүү боло баштады. Ал эми кадимкидей жини келип, храмдын темир дарбазасын утур-утур чолуп карай баштады.
Баланын ахвалын жок дегенде бир жолу билип коюшпайбы?! А балким аруусу кармап жүрөгү токтоп калгандыр! Антпесе кантип бир кың этип койбосун?!
Агасы антип эмне кылаарын билбей атканда Адилет сопсоо эле, бирок былк эте албай отурган. Бүткөн бою, өзгөчө уюп калган тизелери, буттары зылыйып, аз эле денесин козгосо көзүнөн от чачырайт. Жолбун ит келип жыттаганда ал боюн качырам деп барып муундары сыздагандан улам онтолоп ийе таштады. Андан көрөкчө тынч отура берген кордугу жеңилирээктей.
Түн ортосу болоюн деп калганда Таштан боюн токтото албай кетип, дубалдан дабышсыз аттап түштү да, Адилеттин жанына жетип барды.
-Кандайсың Адилет?
- Келатат, - деди иниси ага жооп кылып шыбырап. Таштан укпай калган экен, көрсө дарбаза ачылып эрбендеген бир караан келатыптыр. курку моюн Таштан жылт коюп караңгыга өтүп кетти. Кебетеси баягы, күндүзгү эле монах.
- Мынабу болсо тамакты ичкинин уулум. Эртең менен идиштерди алып кетем. Түнкүсүн болсо ордуңан козголууга, уктоого улуксат. Эртең менен кайрадан калыпта отурасың. Сен ойлобо, уулум, бул отурганынды бекер эле кыйноо деп. Азыр сага ошондой сезилиши мүмкүн. Мунун маанисин кийин түшүнөсүң. Башка эчтеке айтпайм.
Монах кетээр менен обору ачкан Адилет бир капталына жыгылды да, буттары сунулгуча эле калай табактагы тамакты кашык менен жей баштады. Эмне деген тамак экени да көрүнбөйт. Айтору майга көөлөгөн талканга окшоп атты. «Цампа» деп монахтын айтканын эстеп калган. Дагы бир карапада сүт куюлган коюу, даамдуу чай бар экен.
-Эмне кылып атасың? -деди караңгыда жанына келген агасы Таштан таңыркап.
- Тамак жеп.
- Кетесиңби мени менен?
-- Кетпейсиң ушерге жатып уктасаң болот дейт.
- Тфу!
Адилеттин буга чейин жашап өткөн он бир жылдык өмүрүндөгү таңкалычтуу бул түн кадыр түнбү, же андай эмеспи азырынча белгисиз. Кадыр түн деген адамдын тагдыры, бактысы ачыла турган түн эмеспи. Алыскы кыргыз жеринен таалай издеп, окуу, билим издеп келген бир бармактай бала каардуу Тибет тоолорунун миң коктусунун биринде, жападан жалгыз, ээн жерде түн күзөтүп жатты. Баланы сыздан аман алып кала турган нерсе эле бул жердин топурагы эле. Андан башка эч ылаажы жок. Бийик тоолуу Тибеттин кургак чопосунда ным жок, топурагы жайлата какшып, куу жыгачтай какыйып калат экен. Ошентсе да бала күнү кечке отурган жеринен ит жатак издеп, саал чункурураак орун таап жамбашына кыңайды. Эрте жаздын ызгаары бети-башын сайгылап, колдору үшүп, дордоюп чыкты.
Адилеттин көзү илинип кеткен эле, бирок ошол эле замат храмды ойготкон кернейдин үнү бапылдап ийди. Чочуп кетип көзүн ачса, таң атып калыптыр. Адилет кайда, эмнеге жатканын билбей, саамга таңыркады. Андан соң шаша-буша туруп, дал кечээки поруму менен малдаш уруп храмга тигилди. Бул жерде таң кадим Алатоодогудай атат тура. Күн кылайып нурларын тээ алыскы муз чокулардан бери чачыратып, аздан кийин төрт кабат Жахан храмынын айнек терезелери көздү уялта өрттөнүп күйүп чыкты.
Адилет храмдын ойгонгонуна таңыркайт. Ал адегенде уктап жаткан шаар сыяктуу мемиреп, андан соң терең дем чыгарып, улугунуп кыймылдай баштады.
Анда-мында кыбыр эткен кыймылдар, бир тигил, бир бул терезеден көрүнгөн монахтардын чачы кырылган соксойгон баштары, бир маалда жыбыраган тирликтин белгисин берип келип анан кадимки, күндүзгү кым-куут башталып кетти.