Казат Акматов: Архат
ОН ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
***
Акыркы бир нече жылдан бери Далай ламада дем алыш күн деген жок. Иши да, эс алуусу да, күнүмдүк өтүп жаткан турмушу да, үйбүлөсүнүн тирлиги да баарысы тең аралашып, эмнесине кайсыл экенин ажыраткан эч ким жок. Бир гана түнкү уйкусу болбосо калган убактысы бүтүндөй түйшүк, болгондо да баш аягы, бүтөөр чеги жок түйшүк. Бар болгону аялы гана анда-мында бир айтып калат, эс алсаңчы, курортко барсаңчы деп. Аны да Далай лама кулагынын сыртынан кетирет.
Кээде гана маанайы анча-мынча жарып турганда окуй турган гезитин же китебин колуна алып, «мына, мен эс алууга кетип баратам» деп аялына унчугат да туалетине кирип кетет.
Ошол он, он беш мүнөттүк эс алышына эле айласыздан каниет. Бирок, канча айткан менен болобу, адам чарчабай койбойт. Чарчады Далай лама. Өзгөчө Мани Ясону Ордосарайга алып алгандан бери карата өтүп жаткан күндөрү өтө эле очорулуп кетти. Биринчиден бул, башкаларга окшобогон, өтө ар тараптуу касиетке ээ болгон жигит менен күн сайын, кээде түнү менен ымалашып иштештин өзү эле Далай лама үчүн оңойго турбады. Баарынан да анын үчүнчү көзүнөн такай буйтап качып, жүзүнө тике бакпай, ойлогон оюн жашырып жүрүштүн өзү эле тирүүнүн тозогу экен. Жарты эле мүнөт ошолордун бирин жаземдеп койсоң бул оңбогон жигит ичиндеги сырсандыгыңды аңтарып салчудай. Ошондон улам көңүлү кирдеп калса аны менен иштеш кыйын болуп калат ко. А иштебей коёюн десе таптакыр болбойт. Иштебей койсо алиги жети азаматтын канткенде эсебин колуна карматат эле? Алар менен ачык да, тымызын да кармашып жүрүп өмүрүнүн көбү өтмөк. Чачы агарып, ден соолугунан ажырайт болчу. Ошондон улам Мани Ясо ал үчүн көктөн издегенин жерден тапкандай эле болбоду беле. А бирок, карабайсыңбы, турмуштун моминтип кыйчалыштап турганын. Жигит кара сыйкырынан таңганы аз келгенсип өзү качып жок. Жок эмес, табылды дейин десе колго тийбейт, кармашпайт. А Тибет болсо акыркы күндөрү өзүнчө эле түшүнүксүз районго айланды. «Жиндикана» дегиси келип турду Далай ламанын ниети. Бирок антүүгө оозу барбай турду - өзү башкарып турган өлкөнү антип айтыштан заарканды.
Бүгүн дем алыш күн эле, ошон үчүн ар кайсыны бир ойлогон Далай лама төшөгүнөн тургусу келбей көңүлсүз жатты. Демейде небереси жүгүрүп келе калчу эле ал дагы бүгүн эмнегедир жок. Аялы болсо өзүнүн уктоочу бөлмөсүндө эртеден бери күйпөндөп бир нерсе кылып жаткансыйт. Эмне экени билинбейт же. Бир маалда кабинеттеги «өзгөчө» телефону чырылдап калды. Далай ламанын тургусу келген жок. Кимдир бирөө алаар деп жата берди. Телефондун жагымсыз чырылдаган үнү көпкө дейре басылбаган соң канайым чыгып барып алды окшойт.
- ТККнын башчысы чалып атат! Алиги желмогуз баланы кармадык дейт! Аялы үстүнө кирип келип ошенткенде Далай лама башка бир терең ойдо жатса керек:
- Кимди?! - деди таңыркап,
- Кимди издеп аттыңар эле, ботом. Мани Ясону! - Аны он жолу кармашты! Жүз жолу камашты!
- Аны мага эмне кыйкырасың Өзүң барып сүйлөшчү ТККаң менен. Ошентип коюп аялы чыгып кетти. Кыязы анын да бул болуп жаткан шумдуктуу окуялардан жадаган түрү бар. Арийне, канайым жадаса жадагандыр, бирок кызын ойлогондо ичи кайрылып, жүрөгү сыздап, бул балакеттен жанетиндей Селенгди кантип кана ажыратаарын, же айыктырып алаарын билбейт.
- Чынбы?! - деди халатчан туруп барган Далай лама телефонго көңүлкош.
- Алып келатасыңарбы?! Каяктан кармадыңар? Кытайдын чегарасынанбы? Таңертеңдеби? Саат нечеде келесиңер? Кечки тогуздабы? Эмне дейт ал акмак?! Сүйлөбөй атабы. Мен өзүмдөмүн. Түз мага алып кириңиз. Өзүңүз кошо кириңиз. Уйкусу ачыла түшкөн Далай лама төшөгүнө кайра жатпастан кийине баштады эле аялы башбакты:
- Чын бекен кармагандары?
- Чын го дейм. Тигил кашка баштын энтигип сүйлөгөнүнө караганда.
- Ошол кашка башың жерге кирсин, - деп коюп аялы дагы чыгып кетти.
- Жуунуп-таранып, бир чөйчөк жүзүмдүн ширесин ичкенден кийин Далай лама эмнегедир үйүнө токтоно албай иш бөлмөсүнө басып барды. Кезметчи офицер телефондон жаңы эле Мани Ясонун кармалгандыгы жөнүндө кабарды алып жаткан экен. Оозгу бөлмөгө кирген Далай ламаны көргөндө ал трубканы кулагынан албастан ордунан ыргып турду да, эмне кылаарын билбей кайсаңдап калды.