Казат Акматов: Архат

ОН ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ

Казат Акматов: Архат

- Ал менин тагдырым, улуу урматтуу таксыр. Тагдырды кантип аттап өтүп кетүүгө болот?

 - Мен терең ишенем, сиздин тагдырыңыз Тибет элинин тагдыры менен ажырагыс деп ишенем. Тибет сизди чоңойтту, окутту, ушул даражага жеткирди! Же андай эмеспи, мырза Ясо? Ачык айтыңыз андай эмес болсо!

- Сөзсүз ошондой, улуу урматтуу таксыр. Бирок дагы бир нерсени унутпайлы. Сиздин да, менин да тагдырым, баардыгыбыздын тагдырыбыз жана ошондой эле бүткүл адамзат тарыхы да бир эле кол менен жазылат эмеспи.

 - Болуптур. Сиз менен философиялашып отурууга убакыт жок, мырза. Менин ишимди ээн эркин басып жүрүү дебейт кызмат дейт. Ошон үчүн кызматты талап кылбай коё албайм. Кимден болбосун. Мына сизден дагы, Бир жыл дайынсыз жок болдуңуз. Бирок дагы эле болсо кечирим берейин. Иштеңиз. Жоопкерчиликти түшүнүп иштеңиз. Бул биринчиден. Экинчиден: түрмөлөргө барып, ал жерде камалып жаткандарга жолукканды токтотуңуз. Бул сизге коюлган мамлекеттик талап.

- Үчүнчүдөн, - деп келип Далай лама Мани Ясону бир карап койду. Сөздөрүмдү угуп атабы же жокпу деген көз караш эле.

Мани Ясо угуп турган болчу.

- Үчүнчүдөн мындай, мырза Лама Ясо. Сиздин дайынсыз жоголуп кеткениңиздин айынан кошуна өлкөлөр менен достук байланыштарыбыз өтө оор абалга кептелди. Дал ушундай, айтып коёюн. Сизди бир-эки күнгө меймандыкка, экинчи чети кызматташтыкка чакырышкан болчу. Мисалы, Кыргызстандан да чакырык келген, сизге. Үч күнгө деп. Өзгөчө Непал, Индия, Кытай сиз менен таанышууга кызыгышкан. Бирок мен аларга эмне деп айтмакмын. Качып жүрөт деймби? Же дайынсыз жоголду деймби? Мына мындай оор авалга калтырдыңыз сиз мени. Айлам кеткенде сыркоолоп атат дешке туура келди. Андан кийин сүкүттө отурат деп жалган айтышка мажбур болдум.

- Жалган айткан эмессиз, - деди Мани Ясо жылмайып.

- Жок, тигил өлкөлөрдүн жетекчилери ишенишпей, шектенишип, акырында таптакыр эле сөздөрү бузула баштады.

«Сиз атайылап жибербестин амалын кылып жатасыз. Бул өзү кошуначылыка жатпайт» дешти. Андан кийин алардын таарынычы соодада, иш маселелеринде, дипломаттык байланыштарда билине баштады. Акырында мен сизди расмий издөөгө берүүгө мажбур болдум. Бирок ошого ишене коёбу тигил зор өлкөлөрдүн башчылары.

«Алдап атасың бизди. Амал кылып атасың» деп түз эле бетиме айта башташты. Сиз түшүнүшүңүз керек, мырза Лама Ясо. Мамлекет аралык иштер өтө опурталдуу болот. Кенедей кынтык кетирүүгө жол берилбейт. Эгерде сиз мекен кылып алган Тибет Азиянын азуулуу жолборсторунан болсо бир жөн. Ошон үчүн мен сизди терең урмат менен биздин ахвалды түшүнүшкө чакырам. Кандай дейсиз?

- Сизди түшүнүп атам, улуу урматтуу таксыр. Тибет кызыкчылыгын биринчи орунга койгонунуз, бул- милдетиңиз. Бирок бул ишти кара сыйкырды колдонбой аткарса болот беле? Кара сыйкыр деген ажал экен, мен да аны, тилекке каршы, кечигип түшүндүм. Ажалды адамга сот кана буюра алат. Ошонүчүн сөзүмдү уксаңыз дейм. Сизге айтаарым - жол бар. Менде ак сыйкырдын нускамасы бар. Ошону колдонушту сизден суранам. Ак сыйкыр менен баардык ишти ойдогудай бүтүрсө болот. Эч бир адамды өлүмгө түртүүнүн кереги жок.

- Эч ким эч кимди өлүмгө түрткөн жок.

– Антип күнөөнү тануу адилетсиздик болор улуу урматтуу таксыр. Өлүмгө дуушар болгон эки адамдын балдары бекер жеринен мени өлтүрөм деп жүргөн жери жок.

- Аларга мен кызмат бердим. Мындан ары унчугушпайт. Коркпоңуз.

- Кеп кызматта эмес. Кези келгенде алардын астында мен күнөөмдү моюнга алып берем. Өлтүрсө өлтүрүп коюшсун. Башка жол жок, улуу урматтуу таксыр. Бирок, сиз менен биротоло макулдашкым келет. Иштеше турган болсок ак сыйкыр менен иштешели. Мани Ясо атайылап унчукпай жооп күтүп турду.

 - Эч кимдин астында күнөөнү моюнга алып кереги жок деп айтпадымбы мен сизге! Кыжыры кайнай түшкөн Далай лама кайрадан шартты унута түшүп Мани Ясону тиктеп калды эле жигит анын оюндагысын дароо окуп койду.

- Ал ойлогонунуз туура, - деди Мани Ясо. Эгерде мен күнөөмдү моюнга алсам, өлгөн эки адамдын балдары менден кийин сизди күнөөлөшөт. Ал турган иш, Далай лама мойнуна чейин кызара түшүп тескери бурулуп кетти.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.