Казат Акматов: Архат
ОН ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
- Пекинге барууда сиздин алдыңызда бир гана максат болуш керек, ошондой эле ал барууңуздан бир гана жыйынтык чыгыш керек, ал деген – Пекин бийлиги менен Тибеттин ортосундагы соода-сатык мамилелердин жакшырышы. Башка жыйынтык болушу мүмкүн эмес. Эгер башка жыйынтык чыга турган болсо, анда иштин ойрон болгону ошол.
- Кадырыңыз жан болсун улуу урматтуу таксыр. Соода менен саясат, согуш менен революция сыяктуу маселелер менен мен түздөн-түз эч убакта алек болбойм. Менин максатым адамдардын пейилин оңдоо, ыйманын тазартуу. Эгер ушул экөө ишке ашса анда тигил жогорку маселелердин баардыгы өзүнөн өзү ордуна келмек.
- Атаганат деңиз. Андай болсо кана! Сонун болбойт беле. Ошон үчүн оңдоңуз, адамдардын пейилин. Өзгөчө мамлекет башчыларынын ыйманын тазарта алсаңыз дүйнөдө бейкуттук өкүмсүрбөс беле.
- Ошон үчүн бул ак тилекти сиз экөөбүз биринчи болуп баштасак деп сунуш кылып жатпайымбы улуу урматтуу таксыр.
- Xe-xe! Мени коюңуз, мырза Ясо. Мен эч кайда качпайм. Анын үстүнө, менден баштагандай - мен эмне дүйнөдөгү эң биринчи карөзгөй жетекчи боло калыпмынбы? Башкаларды оңдоңузчу. Анан, эгер эле жер үстүндөгү кара чүмбөттүн жалгыз түркүгү мен болуп калсам өзүм эле сынып берейин сиздин алдыңызда. Ха-ха-ха!
Мани Ясонун көңүлү дагы бир сапар чөгө түштү. Эгер барган жерлериндеги жетекчилер менен сүйлөшүү мына ушундай жагдайда улана турган болсо, анда иш абдан эле кыйын болоор!..