Казат Акматов: Архат

ОН ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ

Казат Акматов: Архат

Тергөөчү: - Дароо чыктыңбы?! Эмне мылжыңдайсың?!

Чегарачы: - Жылаңач болчумун. Киймимди отко кургатып отургам. Анан мен кийинип чыкканча кетип калыптыр.

Тергөөчү: - Аскердик постто жылаңач отурдуң беле? Уставды билесиңби сен!

Чегарачы: - Киймим бүт суу болсо эмне кылайын. Турсама дейре суу болуп кеткем. Монастрдын ичин тазалап атып тамчынын астында калгам.

Тергөөчү: -Жанагы келгенде эмне, тырдай жылаңач белең?

Чегарачы: - Ооба.

Тергөөчү: - Куралчан беле келген неме?

Чегарачы: - Куралын байкаган жокмун.

Тергөөчү: - Колунда эмне бар эле?

Чегарачы: - Бир таңгак кагаздары бар болчу.

Тергөөчү: - Дагы?

Чегарачы: - Башка эч нерсеси жок болчу.

Тергөөчү: - Кай тарапка кетиптир. Изин кууган жоксуңбу?

Чегарачы: - Куудум. Кар менен он беш метрдей басып барыптыр. Андан ары эч из жок.

Тергөөчү: - Эмне, учуп кетиптирби?

Чегарачы: - Билбейм. Ушуга дейре таңгалам.

Тергөөчү: - Аты же эшеги жок бекен?

Чегарачы: - Эч кандай башка из жок.

Тергөөчү: - Жашырып атасың. Билесиңби эгер жашырсаң кандай жаза алаарынды?

Чегарачы: – Жашырган жокмун дейм!

Тергөөчү: - Мен сурап атам сенден. Билесиңби кокус жашырсаң кандай жазага тартылаарыңды.

Чегарачы: - Билем.

Тергөөчү: - Эми, көргөн адамындын өңү-түсүн айткын.

Чегарачы: - Мына мобул сүрөттөгү эле неме. Бирок мындан кыйла арыгыраак.

Тергөөчү: - Дал өзүбү?

Чегарачы: - Дал өзү. Көздөрү дал ушундай. Мурду да ушундай. Оозу дагы.

Тергөөчү: - Анан эмне чара көрдүң?

Чегарачы: - Биздин постко чалып рапорт бердим.

Тергөөчү: - Эмне деп айттың рапортунда.

Чегарачы: – «Жолдош командир! Сиз бизге таратып берген сүрөттөгү качкын адам азыр эле мага келип кетти» дедим.

Тергөөчү: - Алар кандай чара көрдү?

Чегарачы: - Келишти. Баарын карашты, жазып алышты. Мени болсо изоляторго камап салышты.

Тергөөчү: - А мобул сүрөттөгү адам ким экенин командириң айтты беле сага. Билесиңби ким экенин мунун?

Чегарачы: - Билем. Тибеттин Далай ламасынын эң биринчи душманы Мани Ясо.

Ушул жерге келгенде Далай лама окуп аткан кагазын ыргытып жиберди.

- Былжыраган аскерге-келжиреген командир! -деди анан ал ТККнын башчысына көзүнүн чаарын чыгарып.

Дал ошол тушта Далай ламанын ТКК менен байланышкан кызыл түстүү телефону шыңгырап калды эле

- Сиз алыңыз трубканы. Мен жадап бүттүм силердин дейди звонокторунардан! - деди өкүмдар ТККнын башчысына.

ТККнын башчысы калчылдаган колу менен телефондун трубкасын бирпаска тыңшап турду да өзүнүн оперативдүү штабынын башчысын кекетип коё берди:

- Мээңер биротоло айнып калган болсо тезинен психиатрияга жаткыла! Баарың тең жаткыла!

-Эмне дейт?! — деди аңгыча Далай лама жаман көзү менен тигиге акырайып.

- Айтууга ооз барбайт улуу даражалуу таксыр. Менин эле кызматкериме жин тийгенби десем, бүт эле Тибеттен келип жаткан кабарлар оозго алгыс.

- Эмне дейт, тигиңиз?! Генерал Бхарати чалып атабы? Ошолбу штабдын башчысы?!

-Ооба улуу даражалуу таксыр. Ошол. Кылмышкер Мани Ясо деген неме дал биздин ТККнын борбордук имаратын аралап жүрөт дейт.

- Кармашпайбы андай болсо, дароо!

- Улуу даражалуу өкүмдар! Мага улуксаат бериңиз. Тезинен иш ордума жетейин. Кармоого бардык чараны көрүп туруп Сизге мен өзүм доклад берем. Кармайбыз аны! Эч кайда качпайт!

- А берки Дей деген акмакты качан Пекинден алдырасыңар?!

– Аз күндө, таксыр. Пекиндин аны бизге бергиси жок. Сиз сүйлөшкөндө беребиз деп коюшат. А бирок иш жүзүндө бербей жатышат.

- Аракет керек анүчүн. Аракет. Бүгүндөн калбай алдыргыла!

Эшиктен чыгып бараткан ТКК башчысы Далай ламанын кыйкырыгына кашка башын тез-тез ийкегиледи да жок болду.

- Качып жүргөн дейдибаш, издеп жүргөн кангибаштардын имаратын аралап жүрсө жыргаган экенбиз!

Иш бөлмөсүндө жалгыз калган Далай лама жинденип оң колу менен жүрөк тушун укалады да Пекинде психиатриялык ооруканада жаткан кызын эстеп билинээр-билинбес онтолоп алды.

 

***

 

Качкынды издөө операциясы бүтүндөй өлкө боюнча өтө кызуу деңгээлине жеткен жаздын чыкыроон түнүндө кара репа чапанчан Мани Ясо Лхасанын шаардык көрүстөнүндө, Лама Цунун боз топурак мүрзөсүнүн алдында чөгөлөп отурду.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.