Казат Акматов: Архат
ОН ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
Лама Цудан бул сапар көпкө күттүрбөй эле телепаттык толкун келип Мани Ясонун сезимдерин жылуу аймалап өттү.
«Мен сиз менен баарлашууга даярданып отурам» деди Лама Цунун телепаттык толкундары.
«Мен келдим, ата. Кудурети улук Саки Муна сүкүтүмө Идам болуп берди. Аны мен үчүн ыйык Миларепа жасады. Андан кийин Сиз болбогондо баардык иштин ойрону чыкмак, ата. Кантип өзүңүзгө рахматымды айтаарымды билбей отурам».
«Рахматтын мага кереги жок, уулум. Кеп сиздин нускамада. Кыскача мага түшүндүрө алаласызбы. Канткенде адамдын пейилин оңой турган болдунуз?»
«Эски пергамент жазуулардан мен нускаманын багытын таптым, ата. Тибет элинин буддага чейинки бону ишениминде, заттын ядролук деңгээлдеги термелүүсү жөнүндө илим буга тупатуура келди. Аны мен азыркы динсиз илимдеги молекулярдык генетметиканын тукум тукум куучулук законуна айкалыштырып отуруп мындай жыйынтыкккка келдим. Эгерде биофизиканын ретроспектик усулу менен агни-йога сүкүтүн туура айкалыштырара алсак, кандай гана адамдын болбосун жашын артка карай жылдыдырып отуруп аны түйүлдүк (эмбрион) авалына чейинин жеткирүүгө болот экен. Андан кийинки этапка түйүлдүктүн өзүн эркек жана ургаачы урукка ажыратып туруп ар бир уруктун өзүнүн ядролук термелүүсүн жөнгө салуу, башкача айтканда тең салмактоо керек. Анткени уруктун ядролук термелүүсү анын генетикалык «Эгосуна» жараша - эгерде «Эго» сезими ашыкча болсо уруктун ядролук термелүүсү кескин, бир калыпта эмес, өйдө-төмөн жана чаржайыт. Ошону ыраатка келтирүү - адамдын дилиндеги «мен» деген өзүмчүл сезимди түзөтүү дегендик болуп эсептелет. Кеп урукта болуп жатат, ата. «Эгонун» жашынган «уясы» дал ошол жерде экен.
Сүкүттүн экинчи этабында уруктарды кайрадан түйүлдүккө, түйүлдүктү кайрадан адамга генерировка жолу менен айландырып отуруп каалаган жыйынтыкты ала алабыз».
«Агни-йога деген жаңы нерсе эмеспи, уулум. Ошондуктан нускамаңды тажрыйбалап туруп анан ишке киргизишиң керек го».
«Азырынча өзүмдөн баштадым, ата. Баардыгы жайында болчудай. Андан соң ТККнын түрмөсүндө «эл душмандары» деп камалган баягы үч офицерден баштадым. Бир жумадан бери ошолордун жалгыздан жаткан караңгы камераларында отурдум. Азыр кайрадан ошолорго барам.
«Европага да жайылтасызбы бул нускамаңызды?»
«Адам баласы болгон жердин баардыгына жайылтам, ата».
«Жердин асты-үстүндөгү өзгөртүүгө мүмкүн болгон нерсенин баардыгын тең адам өзү өзгөртүп келе жатат, уулум. Ошол өзгөртүүлөрдүн дээрлик бардыгы тескери натыйжа берсе да болбой өзгөртүп келе жатат. Киши бир гана өзүнүн жан дүйнөсүн өзгөртө албай келет. Ошого сиз бел байлаган турбайсызбы. Кыйын болоор ишиниз».
Нускамамдын үчүнчү баскычы «Толерант» деп аталып музыка менен сөздүн күчүнө негизделет. Адамзаат жараткан бардык акылман, насаат сөздөрдүн ичинен: укканда адамдын денесин дүркүрөткөн, жүлүнүнөн өтүп чучугуна жеткен, канын кызытып эсакылын нес кылган, мээсине кыт куйгандай кадалып, сезимине от койгон тупатуура он сүйлөмдү тандап алып сыйкырлуу музыканын коштоосунда санскрит тамгалар менен шифрладым, ата. Бул мантраны ийгиликтүү өздөштүргөн киши дүйнөдөгү эң зор жеңишке - өзүн-өзү жеңгенди үйрөнөт. Өзүн-өзү жеңе алган гана адам алдына татыктуу максат коё алат жана ал максатына жете билет.
Нускамамдын үчүнчү баскычы «кишилерди» «Адам» атына жеткире турган жол деп эсептейм, ата. Проектимдин жалпы аты «Толерант». Нускамаларымды көп тилдерге котортуп, аларды таратуу, иштетүү борборлорун түзөм, укма кассетага жаздырам. Нускамадагы мантраларды интернетте атайын сайттарды ачып, түшүндүрмө жарнамаларды берип атам. Андан сырткары өлкөлөрдүн бардыгында коомдук уюмдарды түзөбүз. Кыскасы пландарым бүтүндөй иштелип чыккан, ата».
«Жолунуз ачылсын, уулум. Ишиңиз өзгөчө Европа менен Америкада татаал болоор. Алардын келечек пландары таптакыр башкача. Бул дүйнөнүн байлыгы менен бийлигин бүтүндөй колубузга уучтап турабыз деген Англия менен Америка Кошмо Штаттарынын төбөлдөрү мындан бир кылым мурун эле «Массон ордендерине» каршы «Комитет 300» деген жашыруун уюмду түзүп алышкан. Аны эч ким билбейт. Сырын ачыш керек. Ал үчүн сизге өтө билги жардамчы керек. Качан Тынч океандын жээгиндеги шаар биринчи болуп суу астына кеткен күнү менин үчүнчү катымды ачып окуңуз. Сиздин ишинизге колумдан келген жардамым ошол катта жазылат».