Кеңешбек Асаналиев

Жол башы

Кеңешбек Асаналиев

 

Илимий жетекчинин маселеси Москвадагыдай болуп, туюкка кептелип чечилбегенден кийин, биз кетүүгө кам койдук. Колубуздан эчтеке келбейт, башка айла жок. Бирок бизди бөлүм башчысы, жанагы жылдыздуу, жаркын аял, кетирбей, кармап туруп алды. Көрсө, биз Орто Азиядан, айрыкча Кыргызстандан аспирантурага ушундай тобубуз менен биринчилерден болуп келиптирбиз, ушунча алыс жерден окуйбуз деп атайы келсеңер, силерди сөзсүз орноштуруу керек деп улам бир жакка телефон чала баштады. Эң акырында өзбек тили боюнча адис, профессор Боровков төртөөбүзгө илимий жетекчи болууга макулдугун берди. Өзүбүзчө чечтик: ага Кулан Рысалиев, Сейитказы Байгожоев, Мукаш Түлөгабылов, Жаныбек Толеев төртөө бармак болушту. Сагыналы Асанкулов экөөбүз калдык. Көрсө анын максаты башка экен. Ал түз эле философияны кааларын билдирди. Бөлүм башчысы кыйналбай чечти, Асанкуловдун проблемасын. Академиянын Ленинград бөлүмүнүн философия кафедрасынын башчысы, профессор, Б.А.Чагин эч каршылык көрсөткөн жок, телефондон дароо эле каршы эместигин айтты. Ошентип, мен жалгыз калдым. Менин да өз максатым бар болчу. Болбосо, жанагы төртөөнүн, “кызыл дипломчу” катары, эң биринчиси мен болмокмун. Менин оюм, артык баш болуп, айылга кетмей… “Кытмыр” оюм ишке ашты го деп ичимен кымылдап турсам, жанагы жылдыздуу орус аял дагы бир жакка телефон чала баштады. Ушул учурда айта кетүү керек окшойт, жол көрсөтүп, жол башкарып жүргөн жетекчибиз Сейитказы Байкожоев, а мен болсом, кызмат жайына келгенде сүйлөшүүнү мен жүргүзчүмүн. Ошону байкап калса керек, айтор бөлүм башчысы бир “орчундуу жай” менен сүйлөшүп жаткандай болду. Ким экенин кайдан билейин, эчтекеден шек албадым, оюмдун баары айылда. . .

Мына дал ошол күнгө чейин орус адабиятын изилдөө боюнча “Пушкинский дом” деген ат менен дүйнөгө белгилүү өзүнчө бир илимий борбор бар экенин билчү эмесмин, уккан да эмесмин. Бул түркөй караңгылыкпы, же билимдин чектелгендигиби, айтор мааниси боюнча ушуга жакын накта болгон окуяны айтууга туура келип жатат. Биз менен кошо келген тарыхчы жигит бар эле. Археология бөлүмүндө кыйналып жүрдү – өзү менен бирге кирген өзбекстандык уйгур кыз минимумдарын бүтүп, диссертациясын даярдай баштаган. Ал эми биздин тарыхчы жердешибиз экзамендеринен да, тема боюнча реферат жазууда да аябай кыйналды. Көрсө, археологиялык даярдыгы жетишсиз турбайбы. Эң кызыгы, адегенде аспирантурага өтүп, тема тандап аларда, “археологиябы” же “этнографиябы” деп сураса, “археология” деп жооп бериптир. Муну өзү айтып берген, археологиянын мындай татаал экенин билсем, этнографияга эле өтүп албайт белем деп, өкүнүч менен айтып берген. Ушунун эле дагы бир сыңарындай “Пушкинский дом” деген адабий кол жазмалардын, адабий-изилдөөлөрдүн өзүнчө бир дүйнөлүк маанидеги борбору бар экенин билбей жүрүп, эми ошонун эшигин аттаганы отурам.

 

Тагдыр деген ушул. Башкача айталбайм. Аспирантурага өтсөм деп жанталашпадым. Чамынганым деле жок. Ал турмак, айтып атпаймынбы, кайда барып, эмнеге туш келгенимди билгеним да жок. Ойго келбеген жерден эле өзүнөн-өзү бирине-бири жалгашып, бир окуя экинчи окуяга уланып отуруп, акыры түшүмө кирбеген “Пушкинский дом” деп аталган дүйнөлүк илимдин куту орногон аспирант болдум да калдым. Анан, ушул тагдыр эмей эмне! Дагы айтам, кандай жайга, кандай жерге келип туш болгонумду түшүнгөнүм да, сезгеним да жок. Мен муну, орус адабиятынын эң бир ыйык, эң бир бийик мартабалуу мунарасына, кокусунан, бакыт-таалай деген неме өзүнөн-өзү колго түшүп келген күнү туш болгонумду, кийин бир жыл чамасы өткөндө сезе баштадым десем болот.

 

Ал мындайча болду. Аспирантурага кирүү экзаменин бергенимде эптеп эле жөлөп-таяп “үч” коюп беришкен. Төркүндөн келген торпоктой тигил жакты бир сүзгүлөп, бул жакты бир сүзгүлөп аябай эзилгем. Эсимде, суроо деле анчалык оор эмес эле. Тек гана фрунзенин Пединститутун Сталиндик стипендия менен бүткөн чамам ошол болчу. Кийин кандидаттык минимум боюнча “Пушкиндин прозасы” деген темада экзамен тапшырдым. Байкаган эмесмин. Кирүү экзаменин алганда да, кандидаттык экзаменде да негизинен ошол кишилер, көрүнүктүү Пушкинисттер болгон экен. Мени менен кошо Осетин элинин азыркы көрүнүктүү акыны, прозаиги, адабият-тарыхчысы, сынчысы, филология илимдеринин доктору Нафи Джусойты (кийин Джусоев болуп алды) бар эле. Ал анда аспирантуранын акыркы бүтүрүүчү жылында болчу. Осетин элинин улуу акыны Коста Хетагуров жөнүндө диссертациясын жазып бүтүп калган. Илимий жетекчиси П.Н.Берков болчу. Менин артыман Нафи Джусойты (Джусоев) тез эле чыкты. Кавказдыктар бизге, өзгөчө грузиндер, “бийиктен” төмөн карагандай мамиле кылчу. Нафи андай эмес, шартылдаган ачык-айрым болчу. Чыгып келатып түз эле мага кайрылды: “Кеңешбек билесиңби, бул кыргыздын баласы, келгенде кандай эле, эми карагылачы, бир жылдын ичинде кандай өзгөрдү” дешип, сени жерге-сууга тийгизбей мактап жатышат, билесиңби сени кимдер мактап жатышат, болгондо да дүйнөгө атактуу Пушкинисттер. Ушул сөздөрдү, комиссиянын жыйынтыгын угууга кайрадан киргенде, комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү дээрлик сөзмө-сөз кайталашты. Албетте, жерге-сууга батпай кубандым. Баарынан мен үчүн эң маанилүүсү мага берилген проблеманын перспективалуу экендигинде. Пушкиндин прозасы, гениалдуу акындын поэзиясы менен эле бир катар жаңы орус адабиятында башталуунун башталышы. Аны түшүнүш үчүн Пушкиндин прозасы жөнүндөгү улуу акындын замандаштарынан баштап, советтик мезгилдеги фундаменталдуу изилдөөлөргө чейин карап, иликтеп чыгуу зарыл. Мен ошону иштеп чыктым. Эч гиперболасыз айтканда эле ушул жолу өз алдымча “университеттик курсту” бүткөндөй болдум. Адабият илиминдеги жолум ушул чекиттен башталды деп тайманбай айталам.

14.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.