Кеңешбек Асаналиев
Жол башы
Мага ойлонууга мөөнөт берилгени Түгөлбай Сыдыкбеков жөнүндөгү тема көңүлүмө түшпөй койду. Ошондуктан, кыйнабайлы, окумуштуулар кеңешинин кийинки заседаниесине чейин ойлонсун дешти окшойт. Ошол эле жерден П.Н.Берков мени чакырып алды да, отузунчу жылдардагы кыргыз тилиндеги газета, журналдарды баштан-аяк барактап чык, өзгөчө көңүлүңдү А.Токомбаевдин материалдарына бур, анан сүйлөшөбүз деди. Эртеси эле, калган иштеримдин баарын токтотуп, Салтыков-Щедрин китепканасынын “Периодика” бөлүмүнө бардым. Он күндүн тегерегинде тынбай, бир беткей иштедим. “Кызыл Кыргызстан” газетасы менен “Ала-Тоо” журналын согушка чейинкисин өтө тыкандык менен карап чыгууга аргасыз болдум. Анткени, мен издеген материалдар мазмуну боюнча ошончолук татаал, көп жагынан түшүнүксүз да экен. Менин идеяларымдын кыйрашы ушундан башталды. Бөтөнчө А.Токомбаев менен К.Тыныстанов экөөнүн ортосундагы келишпес каршылашуу мени жөн эле таң калтырган жок, эң негизгиси булардын “кимиси ким” дегенге жооп таба албай койдум. Кийинки окумуштуулар кеңеши башталар алдында П.Н.Берковго болгонун айтып бердим, “мына эми, маселени өзүң чеч” деди да, өз эркиме койду. Менин сөзсүз макулдугуман кийин окумуштуулар кеңеши П.Н.Берковдун өткөндөгү сунушун талкууга койбой эле бекитип койду.
Эмне үчүн, адегенде, Түгөлбай Сыдыкбеков жөнүндөгү темага көңүлсүнбөй, ойлоноюн деп мөөнөт алганымдын себеби бар болчу. Ал мындайча. Түгөлбай Сыдыкбековду биринчи жолу студенттик кезимде Кирфандын залында (СССР академиясынын Кыргызстандагы филиалынын залында) болгон кыргыз совет жазуучуларынын адабий талкуусунда көрдүм. Чачын Керенскийдей тикесинен, кыска (“ёжик” деп койчу) койгон, эмне үчүндүр бутунда өтүк, күн жылуу болчу, оорукчалбы, айтор өңү кумсарыңкы, ошол кафедрадагы кебетеси азыр да көз алдымда. Республикалык газетага А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар” романы жөнүндө Ж.Бердибековдун бир беткей “талкалагыч” макаласы жарыяланган эле. Айтор чуу эле түшүп калды. Анда А.Токомбаевдей бийик мартабалуу акын, “Кандуу жылдардай” колдон түшпөгөн окумалдуу китеп жок болчу. Эми ошол Ж.Бердибековдун макаласынын негизинде “Кандуу жылдар” романы боюнча эки күнгө созулган кызуу талкуу жүрүп жатты. Мен ошол учурда ушул чыгарма жөнүндө курстук иш жазып жүргөм. А.Тайгүрөңов агай уюштурса керек, бир кыйла студенттер барыптырбыз, залдын арт жагына барып, чогуу отурдук. Ошондо сүйлөгөндөрдүн ичинде менин эсимде ачык, даана калганы Т.Сыдыкбеков болду. Биринчиден, ал адегенде эле ошол жерде отурган студенттерди кагып-согуп кирди, бул деген жазуучулардын жыйыны, чыгармачыл жыйын, чуулдабай жөн, тынч отургула. Сөздү дароо эле ушундайча агрессивдүү баштаганынын негиздүү себеби, А.Тайгүрөңов агай өзүнө жакын бир топ студенттерден А.Токомбаевди колдош максатында жаат курап барган сыяктуу. Т.Сыдыкбеков муну сезсе керек. Экинчиден, Түкөмдүн ошондогу сөзү менин мурдатан келаткан ишенимиме, ал турмак ыйык туткан мүлкүмө тикеден-тике кол салгандай болду. Студенттик кездеги курстук иш катарында жазылган иште канчалык ой-пикир болмок эле, эсимде жок, бирок примитив экенине көзүм жетет. Ал эми тажрыйбалуу жазуучу (“Биздин замандын кишилери” жазылып бүтүп, жарыялоо маселесинде кыйынчылык болуп жатса керек эле) түз эле А.Токомбаевдин өзүн, анын эң көрүнүктүү жаш кезиндеги жалындаган сезимдерин төгүп жазган эң башкы чыгармасы (мурда да, кийин да) “Кандуу жылдарды” түп көтөрө омкоруп таштагандай болду. Эң кызыктуусу оозеки түрдө, экспромт менен сүйлөгөн жок, алдын ала даяр жазылган текстти окуп берип жатты. Т.Сыдыкбековдун сөзү узакка созулду окшойт, залдан кимдир бирөө чыдай албай кеттиби, же жанагы уюшкандардын бириби, айтор Т.Сыдыкбековго кайрылып, “Кең-Сууну” окуп жатасыңбы, жетишет деп кыйкырып жиберди. Студенттер чуулдап, кол чаба баштады. Оратор көңүл да буруп койгон жок, токтобой эле даяр текстти окуй берди. Эң акырында “Аалыке эсиңиз барда, этегиңизди жабыңыз” – деп, корутундулады. Ошондо, мен үчүн, бул сөз өтө орой, орунсуз, эч кандай негизи жок айтылгандай болду. Талкуунун эң акырында А.Токомбаев сүйлөгөндөргө жооп берди. Ошондо “Түгөлбаев Сыдыкбек” деп анын аты-жөнүн тескери айтып, сага Молдо Кылычтын эки сабы менен жооп берейин деди: