Кеңешбек Асаналиев

Жол башы

Кеңешбек Асаналиев

 

Тагдыр деген ушубу. Сени курчап турган айлана, атмосфера эмне экенин, ал кандай таасир этерин мен ошондо гана билдим. Аздыр-көптүр билим, шык, кызыгуу-жөндөм болсо-болгондур, бирок ошол “аздыр-көптүр” кандай жагдай-шартка туш келди, маселе ошондо экен да. Д.С.Лихачевдун аспиранттарга өткөргөн семинары, М.П.Алексеевдин, Б.В.Томашевскийдин, Н.К.Пиксановдун, А.С.Бушминдин, Б.С.Мейлахтын ж.б. сөздөрү, лекциялары, окумуштуулар советиндеги кызуу талаш-тартыштар, ар бири өзүнчө, жекече эч качан кайталангыс драмалык сценалар экен. Мындайлар бир эле жолу эмес, дайыма үзгүлтүксүз болуп турчу. Анан ушундай атмосферада жүрүп, тимеле “көңдөй чанач” болсо да бирдеме жукпайбы. Маселен, Дмитрий Сергеевич Лихачевдун бир жолку семинарда айткан жөнөкөй бир сөзү али күнчө кулагымда. Ленинграддын Невский проспектиси анда цивилизациянын өзүнчө эле гүлдөп турган жайындай сезилчү. Азыр кандай экенин билбейм. Айрыкча бул көчөдөгү китеп магазиндер өзүнөн-өзү эле тартып тураар эле. Айтор, Д.С.Лихачев китеп магазиндер жөнүндө атайы айтып келип, сөзсүз эле жаңы китепти сатып алуунун зарылдыгы жок, жөн эле авторун, китептии атын, убакыт жетишсе мазмунун кошо карап койгула, эстеп калууга да аракет жасабагыла, керектүүсү кийин өзү эле эсиңе түшөт деди. Бул сөздүн чындыгын мен өзүмдүн турмушумда бир нече жолу аныктадым. Көрсө, чын эле баягыда көргөн жаңы китептин керектүүсүн кадыресе жашоо-турмушуңда жолуктурбай койбойт экенсиң, библиографияда, аннотацияда, рецензияларда ж.б.

 

Ошентип тагдырдын бир буйругу менен “Пушкинский дом” деп аталган орус филологиясынын улуу өкүлдөрү бир жерге жыйналган укмуш жайга туш болгонумду эстеп, мен кийин кыргыз илимдер академиясында иштеп жүргөндө да, иштебей кызматсыз талаада калганда да, далай жолу өкүнгөм, өкүнгөнүм-ошол укмуш жайдын асылзат байлыгын өз учурунда жетишерлик өздөштүрүп, “сиңирип” пайдалана албай калганым. “Пушкинский Дом” деп аталган орус маданиятынын бир чордонунда жүрүп, ал турмак короо жагынан кирчү тарабында төртүнчү этажда жашап (аспиранттардын кошумча жатаканасында), “Тучкова Набережная” тарабында окуп жүрүп, өз учурунда не бир укмуштарды байкабай калганыма кийин көзүм жетип, далай жолу бармагымды кесе тиштедим.

 

Пайдалана албай калганым, мага берилген мөөнөттү (3 жыл) текке кетирип, “тартипсиздик” жасагандыктан эмес, тескерисинче, өзүмө өтө катуу режим коюп, ар бир жуманын алты күнүн Пушкин үйүнүн атайы аспиранттар бөлүмүндө же Салтыков Щедрин атындагы китепканада ишке жумшап, жетинчи күндү гана “өзүмө” пайдаланчумун (мончо, кино, театр, музей ж.б.) Баарына үлгүрө албай калган себебим, эң оболу, өзүмдөгү кругозордун тардыгы, жетишсиздиги, Пушкин үйүндөгү “асылзаттын” эң керектүүсүн, эң зарылын “калгандарынан” ажыратып алалбай, системасыз, экинчи, үчүнчү катардагы маселелерге аралаштырып, убакыттын далайы сырткары кетип калгандыгы. Албетте, диссертацияны өз мөөнөтүндө коргоо (өзүм менен бирге баргандардын ичинен эң биринчи болуп, дал убагында жактадым), бул кантсе да негизги милдет го, аны мен көз жаздымымда калтырган жокмун, бирок ошонун артынан бир беткей түшүп, башкача ала турган, келечекте зарыл болгон жагдайларга көңүл бурбай калыптырмын. “Дүйнөнүн баарын камтый албайсың” деген чындык бар, аны жакшы билем, сөз бул жерде “баарын камтуу” жөнүндө эмес, сөз Пушкин үйүнүн келечектеги адабиятчы менин керт башыма тиешелүү мүмкүнчүлүктү пайдалана албай калыптырмын, сөз ошо жөнүндө. Баары колдо экен, түшүнбөптүрмүн, сезбептирмин, жөн эле билбептирмин. Ошондой болсо да өз учурунда бул шумдуктуу жай мен үчүн күтүүсүздөн колго тийген мартабадай жашоо тагдырыма бүтүндөй бүлүк салды, адабиятка болгон мамилем түп тамырынан коңторулду, мурда аздектеген далай идеялардан кол жуудум.

 

Дал ушундай жагдайда менин адабий тагдырыма адегенде “бизди”, “кыргыздарды” жанына жолотпой койгон дал ошол П.Н.Берков өзү түздөн-түз кийлигишти десем болот. Окумуштуулар кеңешинде менин диссертациямдын темасы талкууланып жаткан. Темам Аалы Токомбаевдин поэзиясына, борбордук проблемасы “Кандуу жылдар” романына байланыштуу болчу. Бул теманы 3-4-курста окуп жүргөндө А.Тайгүрөңовдун жетекчилиги менен курстук иш катарында жазган элем. Эми ошону эле улантып, тереңдетип диссертацияга айландырам го деп ойлогом. Окумуштуулар кеңешинде отургандардын бир тобуна Аалы Токомбаевдин ысымы тааныш экен, жактап чыгышты. Бир оокумда, куп жыйынтык чыгаарда, четтерек отурган ак чач, сары алкак көз айнекчен жапалдаш бойлуу, ортодон өтө жашап калган киши тура калды да, түз эле бул темага каршы экенин билдирди. Өз оюн далилдей баштады. Көрсө, дал ушу киши П.Н.Берковдун өзү экен. Ырас, проблеманын тууралыгын айтты, бирок бул маселенин татаалдыгына басым койду да, менин тажрыйбасыздыгымды, жалпы адабий даярдыгымды айтып келип, кантсе да менин катуу чайналарымды түшүндүрдү. Деги, бул тема бул аспирант үчүн эмес деп күтүүсүз, чукул жыйынтык чыгарды да өзүнүн сунушун дароо киргизди. Формулировкасы мындай эле: “Түгөлбай Сыдыкбеков и его роман “Люди наших дней”. Кыскасы, П.Н.Берковдун сөзүнөн кийин, мына-мына бекий турган темам бекибей, кийинкиге калтырды. Мага ойлонууга мөөнөт берилди. Кийинки кеңешмеде П.Н.Берковдун сунушу талкууланбай эле кабыл алынды.

14.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.