Кеңешбек Асаналиев

Жол башы

Кеңешбек Асаналиев

 

Ошентип менин тагдырымдын эң чечүүчү учуру өзүм эч качан ойлобогондой, эч качан оюма да келбегендей, эч качан күтүлбөгөндөй кескин чечилди да калды. Өзүмдүн эркимен, ойлогон оюман тышкары. Үстүмөн эле бийлеп, өкүм чыгарып коюшту. Бирок, экинчи жагынан алганда жанагы бир көрүп, көңүлүм сууй түшкөн, кабинетке сылтып кирип, сылтып чыгып кеткен, ачуулуу каарданган адамдан кутулдум окшойт деп, бук болбой жеңилдене, сергектене түштүм. Ким билет, ошол Тайгүрөңов агайдан, Сарманова эжейден алган адабий билимим, көз карашым менен ИЯЛИде иштеп калсам, ошол учурдун чуулгандуу сынчысы гана эмес, белгилүү мааниде адабий көркөм процесстин багытын аныктоочудай, кыймылдаткыч күчүндөй болгон Жээнбай Самаганов менен жетекчи катарында мамилем кандайча түзүлөт эле, азыр да көзүм жетпейт (көрсө, дал ошол учурда Ж.Самаганов Кыргызстан компартиясынын Биринчи секретары И.Р.Раззаковдун түздөн-түз колдоосу, патронаты алдында экен).

 

Айтор, кимди-ким билди дегендей, 1950-жылы сентябрдын башында бир топ жаш жигиттер эртең менен эрте Москвага келип түшүп калдык. СССР илимдер академиясынын президиуму орун алган имapaттагы acпирантуpa бөлүмүн оңой элe тaaп, кирип бардык. Жол баштап, башкарып жүргөн Сейитказы Байкожоев бул милдетти Москвада, андан кийин Ленинградда эң сонун аткарды. Аспирантурага кирүүнүн эң биринчи маселеси илимий жетекчинин маселеси экенин ошол жерде билдим. Кыргыз адабияты боюнча жетекчи болууга укугу бар бир гана киши бар экен, ал согуш жылдарында Кыргызстанга эвакуацияланып келген татар аялы Медина Искендеровна Богданова экен.

 

Аспирантура бөлүмүнүн жетекчиси жаш орус аял дароо эле байланышып, М.И.Богданова менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатты. Бизге бул узак диалогдун бир жагы гана түшүнүктүү, экинчи жагы белгисиз. Бирок биз тараптан сүйлөшүп жаткан аялдын репликасынын, же берген суроо-жообунун контекстинен экөөнүн ортосундагы диалог тескери жакка ооп баратканы улам барган сайын дааналанып турду. Бөлүм башчысы, биз баарыбыз көрүп-билип турдук, мүмкүн болушунча М.И.Богданованы жумшартууга, көндүрүүгө аракет жасады. Бирок, ал киши эмне үчүндүр өз оюнан кайтпай койду окшойт, акыры бөлүм башчысы телефонду өз ордуна койду да, бизге карап, М.И.Богданова илимий жетекчи болууга макул эмес, сиздерди көрбөй, кеңешпей туруп эле сиздер менен иштешүүдөн баш тартып жатат, кебетеси сиздер, кыргыздар М.И.Богданованы катуу таарынтып койсоңуздap керек, билбейм, айтор, Кыргызстандан келгендер десем эле “жаа бою” качат. Дал ушинтип, “сиздер, кыргыздар”… деп айтты, бизге кайрылып бөлүм башчысы. Анда, телефон аркылуу бөлүм башчысы менен М.И.Богданова экөөнүн ортосундагы диалогдо, өзүнчө эле бир драмалык сцена жүрүп жатканын биз кайдан билдик. Жеке мен өзүм, калгандары дале ошондой болуш керек, бул окумуштуу бизге жетекчи болууну жөн эле каалабай жатса керек деп ойлодум. А чынында Кыргызстан жөнүндө айткандай эле “жаа бою” качканынын себеби өтө тереңде экенин түшүнүүгө биздин кудуретибиз жетмек да эмес. Биз Москвага келип эле тиешелүү орундарыбызга барып, отуруп калабыз деп ойлогонбуз. Ошон үчүн болуу керек, эмне үчүн ишибиз оңунан чыкпай, тескериленип жатканын түшүнүү, ойлонуу аракети эч кимибизде болгон жок. Камырап да койбодук. Москвадан жолубуз болбогон соң аспирантуранын бөлүм башчысы, айласы да кетти окшойт, Ленинградга барууну, кеңеш этти. Биз да ойлонгонубуз жок, дароо эле ошондой чечтик. Москвалык бөлүмдүн кеңеши боюнча Ленинградга жөнөдүк, ишенич аз болчу, болсо болор, болбой калса эмнебизди жоготтук, мынча болду Ленинградды кошо көрө кетелик дедик. “Кызыл жебе” (“Красная стрела”) деген поезд бар экен, уктап ойгонсок эле Ленинградга келип калыптырбыз. Жаан, туман, сентябрдын башында күн көрүнбөйт. Айный баштадык. Өзгөчө мен. Апама Москвага барам деп айткам да. Анан кокус Ленинград болуп калса, эмне деп ойлойт. Дагы калп айткан экен го дейт да. Вокзалдан трамвайга отуруп (анда Невский проспект менен трамвай жүрчү) академияны тез эле таап алдык. Бизди Москвага караганда Ленинград өтө жакшы кабыл алды. Бөлүм башчысы, жаш сулууча келген аял, телефон чалып сүйлөштү да, мостоюп эле бизди карап калды. Көрсө, анын сүйлөшкөн кишиси да “менин кыргыздар менен ишим жок, дегеле эми эч качан болбойт” деп, кудум М.И.Богдановадай, кескин жооп бериптир. Сүйлөшкөн кишиси П.Н.Берков деген окумуштуу экен. Биз эмне кылдык эле, Москвадан М.И.Богданова, бул жерден П.Н.Берков кыргыздарды жанына жакын жолотпогондой. Эч болбосо, кездешип сүйлөшүп коюшса боло. Же биздин билимибиздин тайкы экенин сүйлөшпөй эле сезип-билип жатышабы. Көрсө, иш башкада экен. Берков Павел Наумович, Богданова Медина Искендеровна coгуш жылдарында бири Ленинграддан, экинчиси Москвадан эвакуацияланып Фрунзеде жашап, Кирфанда тил, адабият жана тарых институтунда эмгектенишиптир, “Манас” эпосу, акындар поэзиясы жана кыргыз фольклору боюнча. Демек, ошол жылдары дал ушул тема, проблема боюнча эмгектенген кыргыздын эң биринчи филологдору Ж.Шүкүров, Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектеновдор менен өнөктөш болгону талашсыз. Бирок булар эч качан П.Н.Берковдун, М.И.Богданованын көңүлүн калтырышы мүмкүн эмес. Экөө тең бийик квалификациялуу окумуштуулардан болгондуктан, алар эч качан жаңыдан калыптанып, өз элинин, өз улутунун адабий-көркөм мурасын изилдей баштаган окумуштуулар менен конфликтиге барышмак эмес. Булардан тышкары ошол жылдары кыргыз филологиясында, өзгөчө адабий сында даңазалуу “Үчөө” (Ж.Самаганов, П.И.Балтин, Г.Нуров) деген бар болчу, балким ушулар менен кездешип, кагылышып калгандыр. Алар эч кимди аяшмак эмес, бөтөнчө ВКП (б) БК “Звезда”, “Ленинград” журналдары жөнүндөгү токтомдон кийин. Эгерде ошондой болгон күндө да, алардын кыянатчылыгын, адабий сындагы ашкере саясатташкан чабуулун жалпы элдин деңгээлинде жалпылаштырууга, синтездөөгө болот беле, эми биз ал мезгилдин окуучулары, анан студенттери эмне үчүн алардын күнөөсүн көтөрүшүбүз керек. Чынын айтыш керек, анда биз эч нерсе түшүнгөнүбүз жок. Баарынан түшүнүксүзү – экөөнүн позициясы сүйлөшүп алдын ала макулдашып алгандай, бир жерден чыгып жатканы. Көрсө, маселенин тамыры алда кайда тереңде экен. Мен аны көп окуялар өткөндөн кийин таанып-билдим.

14.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.