Кеңешбек Асаналиев

Жол башы

Кеңешбек Асаналиев

 

Тагдыр деген ушундай болот окшобойбу, аңгыча болбой эле, ошол күндүн эртеси эле, орто жашап калган секретарь аял (фамилиясы Хрусталева экен, кийин көп жылдар бою бирге иштешип калдык) кирип келди да, сизди Асылбек Алтымышбаевич (Кирфандын председателинин орун басары) чакырып жатат деди. Дароо эле экинчи этажга көтөрүлдүм, оюмда эчтеке жок, ишке киришпей жатсам, эмне болуп кетти дагы деген “шек” кетти. Барсам, Пединститутту мени менен бирге бүткөн Байгожоев Сейитказы, Рысалиев Кулан, Түлөгабылов Мукаш, Төлөев Жаныбек, Асанкулов Сагыналы ошол мен бараткан кабылдамада отурушуптур. Күткөн деле жокпуз, баарыбызды чогуу кабыл алды. Сөз өтө кыска жана чечкиндүү болду. Мурдатан эле үстүбүздөн чечилип калган маселе окшобойбу, Асылбек Алтымышбаевич бир сыйра карап алды да, “баарыңар Москвага аспирантурага барасыңар” деди. Чынында булардын ар биринин кызматка дайындалган путевкасы бар болчу, бири Таласка, бири Жалал-Абадга ж.б. Мен болсом, өз кол алдында иштейм. Булар ушул сентябрь айына чейин көрсөтүлгөн жакка кете албай, ар кандай себептер менен шаарда жүрүшкөн экен.

 

Л.А.Алтымышбаевичтин сунушуна эч ким деле каршылык кылбады, каяша да жооп болбоду, унчукпай тим болдук. Бул учурда мен катуу ойлонуп отурдум, апам жөнүндө, ал кишиге эмне деп жооп берем, эмне деп айтам, мен ушу жөнүндө ойлонуп отурдум. Унчукпаган соң баарыбыз тең макул болдук. Менин оюмча, булардын ар бири ичинен сүйүнүп эле отурушат, анткени бөлүштүрүү болуп жатканда мындай сунуш эч кимисине ыйгарылган эмес. А мен кызыл дипломчу катары, Сталиндик стипендиат – катары өзүмө ыңгайлуу деген жагыма калгам. Демек, баарыбызды шаардын ичинен бирден чогултуп, эч кандай иргебей эле, чогуу бойдон аспирантурага жөнөтүп жатышса, анда бул маселе чоң өкмөт тарабынан чукул чечилген болуу керек.

 

Көрсө, мен муну кийин билдим, иш мындай болгон экен. Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин ошондогу биринчи секретары И.Р.Раззаков ошол күндөрү Москвада болуп, Кыргызстанда өзүнүн академиясын ачуу маселесин кылат. Орто Азияда ошондо академиясы жок жалгыз Кыргызстан калыптыр. Албетте, Москва макул болот, бирок кадрлар маселесин карап көрсө, доктор жөнүндө айтпай эле коелу, кандидаттардын анчейин саны жетишсиз экен. Ушундан улам ошол 1950-жылы Республиканын ВУЗдарын (азыркыча ЖОЖ) жакшы бүтүргөндөрдүн баарын аспирантурага, Москвага, Ленинградга ж.б. жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алынат. Кыскасы, шаардан кетип, ишке орношкондоруна айла жок, ал эми кандайдыр бир себептер менен кеталбай, шаарда жүргөндөрдүн баарын бирден издеп, чогултуп, илимге шыгы барбы-жокпу, ага карабай эптеп санын толтуруп, баарыбызды жөнөтүшмөк экен. Ошолордун арасына Асанкулов Сагыналы кошулуп калыптыр, мен аны үстүртөн, сыртынан гана таанычумун, ал болсо мени атайы изилдеп, болгондо да ата-тегимди, таржымалымды тактап жүргөндөрдүн бири экен. Бул жөнүндө кийин өз учурунда.

 

Асылбек Алтымышбаев менен жолугушуунун аяк ченинде ал кишиге өз жагдайымды айтып түшүндүрүүгө аракет жасадым, окуугa баралбас жөн жайымды түшүндүрдүм, энемдин жалгыз экенин, жашы да келип калганын айттым. Ал киши билет экен, баарыбыздын таржымалыбызды иликтеп, таанып-билген окшойт. Эчтеке эмес, жардам беребиз, Байкожоев экөөңөр бир тараптан экенсиңер (ушуга чейин билип алыптыр) энеңер менен коштошуп келгиле, эртеңки поезд менен жөнөйсүңөр деп, өзүнүн жеңил машинасын берди. Сөз ушуну менен бүттү. Ошентип, председателдин орун басарынын кара “Эмкасын” минип, айылга келдим. Кудай көрсөтпөсүн, окуп жүргөндө райондун борборунан айылга чейин жөө барып, жөө келип жүргөн Кеңешбек эми минтип машине минип, мингенде да жеңил “Эмка” минип, мындай машиналар анда айылда жылына бир көрүнсө көрүнчү, болбосо жок болчу, эми ошондой “Эмка” жүгөрү баяны менен жабылган үйдүн жанына келип, токтоп калса эле кандай болот,.. Биздин үйдүн жанында башкарманын контору бар эле. Баягы “иши оңунан” чыкпай калган жаш жигит эки-үч күн иштеп кеткен контора. “Эмканы” токтотуп, мен чыга калсам эле мени көздөй жабылышты. Арасында согуштан жарадар болуп, бир жак буту тизесинен жогорураак жерден кесилген, протезин кийчү эмес, менин жакын чоң аталаш агайым да бар, айтор келип эле учурашып калышты. Ойлошсо керек, Асаналынын баласы пединститутту “кызыл диплом” менен бүтүп (анын үстүнө айылда биринчи болуп), Кирфанга кызматка орношту дешти эле, “Эмка” минип келгенине караганда, бир “чоң” болгон окшойт… Дүбүрөп келгендерди көрүп, мен өзүм ыңгайсыз абалда калдым. Апамды бөлүп, чоо-жайымды жашырбай түшүндүрдүм. Апам байкуш кантсин, байкады окшойт, өкмөт өзү минтип жаткан соң (машине минип келгеним да ага таасир эткен сыяктуу) кесир болот, окусаң дагы окуп кел, колхоздун жумушун аткарышка азырынча күч-кубатым жетишет, бирок өтө эле алыс экен деп өкүнүчтүү бушайман айтты.

14.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.