АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

УЛУУ ТОО

АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

«Үй деген ушу да,– дедим өзүмчө күлүп, – түндүгүң асман, керегең таш, төшөгүң таш. Квартира деп шаарда сандалып жүргөнчө...»

Ушул абалымда бул оюм өзүмө жакты. Шаарлыктар суктанган, алардын бардык комфортко жеткендери эрмек таппагандан улам тоо деп шыпшынып кыялданган романтикасы менин ушу таптагы чыныгы жашоом болуп жатканыңа корстон болдум.

Таң куланөөк салганда кече кечинде аркарлар жайылып чыккан боорго жөнөш керек. Жеткенче шоола тарап, жарык болуп калат. Андан кечиксем, күндүн мурду көрүнөрү менен аркарлар нары тоо ашып кетет. Жел да күн чыккыча бет алдыман согуп, менин жытымы артка айдайт.

Ушинтип план түзүп койдум да, анан адатымча кыялга баттым: буюрса, түнү менен жуушап, башын жерден албай жаңыдан отко кирген аркарларга өңүп таңга жуук барсам... анан алардын бири кулагын тикчийтип, башын көтөрө калганда ок чыгарсам... Ал куласа... Калгандары качып бергенде узатпай дагы бирин жыгып калсам... Эгер жарадар болуп качса, тайган бар... Эки аркарды атка теңдеп артып кеткенге да куп ылайыктуу... А үчүнчүсү болуп калсачы?.. Ажап эмес да, биринчиси бир эле октон кулап калса, калгандары элеңдеп аны тегеректеп калышса, анда бирин... анан качып бергенде бирин жарадар кылсам, аны тайган тиштеп жыкса...

Байкоостон үн чыга күлүп жибердим. Тайган селт ыргып турду, обол кайдан үн чыкканын баамдай албай, жүгүрчүдөй жүткүнүп, кулак түрүп калды. Мен дагы күлдүм да, аны башын сылап жоошуттум.

Мен кыялыма күлдүм, азыркыма эмес, деги ишке ашпасын билип туруп, дамаамат ушинтип кыялдана берген адатыма күлдүм... Бул өзү эмне мүнөзбү, же жолдон кошулганбы? Качан болсо ушу...

Былтыр шаарда жашачуда не бир кыялдарга берилип, аягында өзүмө далай күлгөм.

Ошол кухняга туруп калган жылы кыш катуу болду. Былтыр эле... жок, мурдагы жылкы кыш экен. Астыбыз пол, полдун асты темир-бетон плиталар экен, подвал – кампа жабдылган да. Кышкы аязда темир-бетонуң муздачу болсо, муздун үстүнө жылаңач отургузуп койгондой. Отунду эптеп камдап алганбыз, бирок быягынан жаксаң, быягынан өчөт. Бет алдың жылыса, көчүгүң менен аркаң муздайт. Кышкы чилдеде аялым төрөп, төрөт үйүндө он күнчө жатып калып, ошондо мен көргөн азапты айтпа. Аялым үстү-үстүнө жагып турганга мурун үй ичи дурус турбайбы. Ал жок, мен эрте менен бир жагып коюп ишке кетем, кечинде келсем үй ичи муздаткычтан бетер болуп калат. Жалгыз өзүмө эчтеме эмес экен, болгон жууркан- төшөнчүлөрдү асты-үстүмө үйүп алып, билбей калам. Наристе бала менен жаңы төрөгөн аялыма кандай болор экен деп, тарткан убайым ушу болду. Жарыкчылыкка жаңы келген бала бу дүйнөңөр өтө суук экен деп, кайра кетип калбас бекен деп корком. Чыгарына эки күн калганда иштен атайын суранып алдым да, кечке меш жактым. Кичине жылымсырап калды. Болгон жалгыз керебетти мештин түбүнө жылдырып келип койдум, мурунку ордуна жылуулук жетчү эмес. Ошону туура кылыпмын.

Иши кылып, баланы жерге тийгизбей кармадык. Жатканда ортобузга алып жатабыз. Оболу уктаганда басып койбос бекенбиз деп, коркуп жүрдүк, кийин көнүп кеттик. Көнгөнүм ушунчалык, азыр да бир жамбашыман жатсам, ошол капталым биротоло уюп оорутмайынча оодарылбай жата берем. Адам көнбөс балээ барбы. Бала да көндү суукка, кайра чыйрак болчудай көрүндү. Иштегилер сураганын баланы ортого алып жатып жүргөнүбүздү жаңы тапкан айла катары мактаныч менен айтсам, бир аял:

– Но это же не гигиенично,[7] – дейт.

Жашоом алардыкындай эле деген кыяз кылып, сыр бербей жүрчү элем, уялып кеттим.

– У нас все микробы замерзли[8], – деп тамаша менен кутулдум.

Бала эчтеме болбоду, ошол кыштан аялым оорукчал болуп чыкты. Жаңы төрөгөн неме баланын кир-когун жууп, колу суудан кургабайт, көмүр жагып, күл түзөөгө чолосу тийбейт. Ал аз келгенсип, айдын аяк ченинде акчадан жуташ адат болуп кетти. Ичкен-жегени дурус болбосо, тыңый элек немеге ал да кыйын экен. Иши кылып кышы менен ооруканага үч жолу жатып чыкты. Андан деле оңолбой, ден соолугу начарлай берди.

Кырсык адамга бир жабышса биротоло төө басты кылып алат эмеспи...

Күн жылымдап, февраль аяктап калган кез эле. Мен дүкөнгө барып, нан, сүт апкелдим. Калган тыйынга сатуучу өтпөй жаткан лотерея билетинен бирди берди. Мейли деп алып алдым. Үйдө да мурун алынган эки-үчөө бар эле. Баарын алып, номерлерин карап отурдум да, өзүмчө кыялга баттым: ушулардын жок дегенде бирөө утса... «волга» утса... Сатып жиберер белем, же минип жүрөр белем? Өзүм төлөмөр үйдө турсам, мингеним «волга» болсо, куп жарашат да... Сатсам... баасына эле сатсам... Жок, баасынан ашыра сатса деле алчулар көп дешет. Бая күнү ким айтты, бирөө «волга» уткан лотерея билетин эки «волганын баасына» сатты дейт. Алар анча акчаны кайдан табат? Жейт да... Азыр жебеген киши жок окшойт, газвода саткандан баштап... Мен өз баасына эле сатат элем. Анан акчасына тамды чекесинен чертип туруп сатып албаймынбы... А эгер ушу билеттерден экөө утуп калсачы, макул, бирөө «москвич» эле болсун... Анда «волганы» сатып, там алып, «москвичти» минип жүрөр элем. Жок, «москвичти» сатыш керек, ошонун кунуна деле ойдогудай там келет, мингенге «волга» жакшы да... Анан горисполкомдун жанынан башымы чыгарып өтсөм... Дем алыш күндөрү үй-бүлөмдү салып алып, шаардын сыртына чыгып кетсем... Азыр минбеген «волганын» кийин картайганда кереги эмне... Кээде аялымдан уурданып, кыздарды салып жөнөсөм...

12.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.