АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

УЛУУ ТОО

АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

Ардемелер ойго түшүп, төмөн илкий бастым.

* * *

Төө-Карын демекчи, аты куп жарашкан. Буржук-буржуктанып домпоюп, араласаң бир жери казан чуңкур, бир жери тоголок дөбөлөнүп, өзүнчө эле тазаланбай жаткан төөнүн карыны. Төмөн алыстан карасаң Төө-Карын сырын айтып тургансыйт. Кыязы, бир доорлордо Манастын чокусунун сол тарабында андан бийик чоку болуп, жер титирегенден уламбы, ал чоку талкаланып, бери төмөн көчүп келип, жумуруланып токтоп калгандай.

Төө-Карынды аралаганымда күн дигер болуп кетти. Манастын чокусунун көлөкөсү Төө-Карынды акырын каптап баратты. Мен туш-тарапты акмалай карап, жай бастырып жүрүп отуруп, наркы күн тийген бетке жеттим. Көлөкө артыман ээрчип бара берди. Төө-Карындын ичи көбүргөндүү, көк-жашаң келет. Кийик оттоор жери көп. Дүрбү салып, жогору мөңгүдөн бери кыркып карап отурсам, жана мен өткөн капталда жайытка жаңыдан чыгып келаткан аркарларды көрүп калдым. Наркы көлөкө түшкөн коктудан улам бир-экиден чубап чыгып, токтой калып чар тарапты сактана карап, боордо келатышты. Көлөкөлүү жерде жүргөндүктөн түсү даана билинбейт, бирок жондору кызгылт-күрөң тартып калганы сезилип турду. Эки аркар башкалардан ирдүүрөөк экен, жанында козугалары ойноктоп, андан-мындан чөп башын бир искеп коюп жүрөт. Алар да багалаңдан өтө баштаптыр.

Көргөнүмө кумарланып карай бердим. Эми аларга жетиш кайдан. Жеткиче эле караңгы кирип кетер. Демек, көз кумарын кандыргандан башка чара жок.

Көлөкө жылып мага жетти, менден өтүп, арттагы бетти таянып кетти. Мөңгүдөн сыдырым жел урду. Аркарлардын карааны үзүл-кесил гана көрүнүп калды.

Ушинтип бүгүнкү мергенчилик тамам болду. Мөңгүнүн музунан ээрдин жумгагындай бир кертим алдым да, түнөк издеп өңөрүп, төмөн бастырдым. Төө-Карынды этектеп келип, чоң жарака таштын түбүнө түштүм. Өзүмө ык, атка оттуу жай экен. Тоо арасы адатынча бат эле көз байланып келди. Ээр-токумду алып, атты тушап коё бердим да, отун терип кеттим.

Бат эле каш карайды. Куураган арчадан бир кучак терип келип, от жактым. Мөңгүдөн сындырып, чайнекке салып, чай кайната баштадым. Түнкү сыдырым суук тартып, тайган экөөбүз тең отко ыктап отурдук. Бүгүн анча көп баспасам да чылгыйлык кылып атка урунуп калгамбы, эки жоон саным салмактанып ооруп, белим уюп, оттун кашында ээрге чыканактап мен жаттым. Күлдүн пыры учса, же арча чатырап, учкун атылса дирт этип коюп, көзүн кыбыңдатып, эки колуна чочоё таянып, тайган отурду. Оттун жарыгынан айлана биротоло капкара болуп, нарытан аттын күртүлдөтө чөп чайнаганы гана угулат. Кээде үстүбүздөн канаттарын шуулдатып, үкүбү, байлубу учуп өтөт. Жогору аскадан таш кулап, бир топко шалдырттап келет да, кайра тымтырс болуп калат. Элейе калган тайган экөөбүз да тынчтанабыз. Ал экөөбүздүн кулагыбыз түндө, көңүлүбүз кайда экенин өзүбүз билбейбиз. Бат эле суу ызылдап кайнап чыкты. От көкүрөккө тээп, тайгандын да тумшугу ысып, кетенчиктеп калганбыз. Чайнекке чай салдым. Куржунду жая салып, ичиндеги үч жапкан нанды алып коюп, үйдөн камдап беришкен түйүнчөктөрдү алып чече баштадым. Бир түйүнчөктө – он чакты кертим чакмак кант, бир түйүнчөктө эки тоголок пияз жүрөт. Мунун кереги деле болбой калды жана көбүргөн тере келгем. Үч түйүнчөктү жазып коюп, калай кружкага чайдан куюп, канттан салып, ышкырылта ичсең, өмүрүңдө эч качан мындай даамдуу тамак ичпегендей болосуң.

– Ах, – дедим чайды ууртап, ысык демин кайра үйлөп, – биз деле Хемингуэйден кем жашабайбыз. – Анан маңдайымда чочоюп, менин кыймылымды ээрчий карап отурган тайганга жарты нан таштадым. – Ме, М' Кола[6].

Хемингуэй демекчи, чай ичип отуруп, оюм анын Африкадагы аңчылыгына кетти. Өзү, эркелеген аялы, кызматчылар, жол көрсөтчүлөрү болуп, бир үйүр журт. Жүктөрүн тарткан машиналар, өздөрү мингенге башка жеңил машиналар, мылтыктын ар түркүмү... Эрте менен даярдап койгон тамактан тоюп алып, жандоочуларын ээрчитип, арстан, буйвол уулап кетет. Олжолуу болсо – олжолуу, болбосо куру кол лагерине кайтып, кол ваннага түшөт, кийимин алмаштырат, анан оттун кашына отуруп алып, «виски с содовой» ичет...

12.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.