АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

УЛУУ ТОО

АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

Ардеме учурунда кыйнаса, оор-жеңилине карабай, дүйнөдө андан өткөн кыйынчылык жок көрүнөт пендеге. Мен да ошондо квартира издегенден кыйын кордук жок деген ойго келдим. Буга чейин дурусураак үйдө турган жаным, дагы Иван Карповичтикиндей үй жолукчудай жүрүпмүн обол. Өтө жаманына кирбей сыртынан кеткем. Кийин жиңкеним куруганда кайра барып, ошол жаманга жетпедим. Анткени жай аяктап, айылдан шаарга умтулгандар көбөйүп, мага окшоп, үй издегендер арбын экен, илип кетишет. Ошентип эки-үч күн эмес, арадан бир апта өттү. Күндө ишке барарда бир саат, иштен чыкканда эки саат издеп жүрүп, бир кемпирдин көңканага окшогон квартирасына туш болдум. Кемпир өзү турган үйдөн бөлөк, жепирейген жалгыз бөлмө экен. Жадап бүткөн мен кайыл болдум. Кемпир жалгыз экен. Короосу кенен, бир бурчта иткана, бир бурчта ажаткана, бир бурчунда өзү турган үй, бир бурчунда алиги «көңкана», ортого чакан алча бак, калган жерине козу кулак, пыяз айдаптыр. Жанагы көк базардын кемпирлеринен болсо керек деп жорудум.

Мен квартиранын ичи-сыртын айландыра карап жүргөндө, кемпир эшик алдында ордунан жылган жок, бек буулган чаначтын оозундай бырышы көп оозун кымтып, көзүнүн төбөсүнөн тиктеп отурду. Карап бүтүп, анан акысын кестик. Чынында ошол акынын үч айлыгын чогултса ушунчалык жер кепе жасап алууга болор эле. Бирок макул болдум. Анан кемпир сурап калды:

– Дети есть?

– Нет, – дедим оюмда эчтеме жок.

– Жена работает?

– Нет, – дедим.

– Ну ладно, переезжайте...[3]

Ошону менен жаман да болсо баш калканыч тапканым үчүн балдарына эт тиштеп келаткан мышыктай кудуңдап аялыма жөнөдүм. Сүрөттөп айтып берсем, обол ал көңүлдөнбөдү. Бирок кожоюн да шаштырып жатканын ойлоду окшойт.

– Деги бир көрүп келеличи? – деди.

Эртеси ээрчишип бардык. Үйүндө күймөнүп жүргөнбү, кемпир көрүнбөдү. Ит байлануу, жетпейт. Өз үйүбүздөй короого киргиздим да, көргөздүм. Аялым «жаңы тамынын» оозуна токтоду да, ичинде жылан бар экенин билгенден бетер кирбей койду. Чын эле көңүлүнө жакпай турду. Тиштеп келген эти сасык чыгып калган мышык кейиптенип, жанында мен турдум.

Качан келгенин байкабаган экенбиз, аңгыча артыбыздан кемпир унчукту:

– Нет, нет, милые, не пойдет... я вас не пущу...[4]

Чочуп кеттик. Чүрүшүп артыбызда туруптур.

– Что ты меня обманывал? – деди мага кемпир. Анан аялымдын чедирейген курсагын чукуду. – Это что? Не котик же родится... Шум-плач, а еще подрастет, будет топтать зелень... Нет, милые мои. Поищите другую квартиру, я вас не пущу...[5] – деп кемпир жебирей берди. Биз нес болуп калыппыз, оозго сөз кирбеди. Үрөйүбүз учуп короодон чыкканча шаштык.

Үйгө жеткенче аялым экөөбүз унчугуша албадык. Баланын үмүтүндө жүргөн кош бойлуу аялыма мен атайлап ээрчитип келип алиги жаман сөздөрдү угузгансып, өзүмчө шылкыйып бардым...

Квартира эптеп табылды. Бирөөнүн жайкы кухнясы бар экен. Асты кампа, үстүндөгү бир бөлмө балакана биздин жай болду.

Андан кийин канча квартира алмаштырбадык. Бирок кыз алган жарың сыяктанып, биринчи турган квартираңа жетпейт экен. Баягы көчөдөн өтүп калсам, Иван Карповичтин тамы көзүмө жылуу учурап, киргим келчү. Анан Александра Васильевнанын тагдыры эске түшүп, азыр кандай абалда болду экен деп, аяп ойлонор элем...

Жогору аскадан таш кулады. Акактабай тынчып калган тайган селтең этип ыргып турду. Ойго алаксып көп жатып калыпмын, таштын коңулунан мен да турдум. Күн түштөн кыңкая берген экен. «Мергенчи болсоң мендей бол» – деп, өзүмө күлдүм. Эми мөңгүнүн түбүндө кийик калды дейсиңби. Бирок ушунча болуп чыгып келген соң барып кайтайын дедим. Кереге сакал мөңгүнүн түбүнө бардым. Үстү жак көк жалама зоо, асты шагыл, туш-тарап аска. Жанараак төмөнкү тектирде сарыккан суусунан башталат. Бирок ачык агып жаткан суу жок, шагылдын асты шуулдап, эки жактагы аскалар жаңырыктап турганы турган. Эки асканын ортосунда бет алдыдагы эшилген мөңгүнү аңырая тиктеп турган тайган экөөбүздү ушул чокунун жумгагына салыштырып, сырттан көргүм келди. Адамга караганда чиркей менен кумурска чоң да, күчтүү да экен. Байкуш адам!.. Анын тагдырына кейисе да, сыймыктанса да болот.

12.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.