АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

УЛУУ ТОО

АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

Кийиктен дайын жок, менин көзүмө эмес, тайгандын жытчыл мурдуна эчтеме илинбеди. Бүгүн бу жерге жуушабаса керек, жаңы коргол көрүнбөйт. Бирдемеден үрккөнбү, же башка себеппи, айтор, бүгүн да, кече да келбептир.

Ага мен кейиген деле жокмун. Тайганды агытып жиберип, ташка көчүк бастым, бир азга отурдум. Тайган алыстап шимшилеп кетип, шагылдын таштарын шылдыраткан шыбырты угулбай калганда көрүнбөгөн, суунун шары кайрадан бүт ааламга толуп, мени курчап алды. Сүрдүү доош. Бул доош ушул улуу чокуга гана жарашкандай. Чоку болсо көкүрөк керип заңкаят, эгер ал болбосо үстүндөгү калдыркан асман кулап түшчүдөй. Кең көкүрөгүндө анын сүрүнө билинер-билинбес калтаарып, улуулугуна апкаарып мен отурам. Бул бийикке канаттуу учуп жетпейби, асманда нокоттой тирүү караан жок. Бирок ушул бийикке жеткен тайган экөөбүз эле десем, жакаман жеңиме учуп-конуп бир чымын жүрөт... Маңдайдагы улуулукту ага ыраа көрбөдүм, кагып өлтүрүп салдым: ыйык, улуу жер болсо да адам эмнелерди илештирип келбейт...

Канча миллион жыл, канча миңдеген кылымдардан бери турат болду экен ушул тоо, ушул чоку? Геологдор муну жаш тоо, көп болсо элүү миллионго чыкты дешет. Кызык, миллион деген сан мага аз көрүнөт, андан көрө нечен миң десе кыял жетпечүдөй алыс. (Сезим менен эсептешпей, факт деп кашайган илимпоздор мунумду кыргыздын терең эсеп, чоң илимден артта калганы дешер. Айтса айта беришсин, кимдин оозун ким тыймак, өзүнө ынсап бербесе.)

Ошентип мен ушул карт, ушул жаш чоку менен бетме-бет, оозмо-ооз сүйлөшкүм келет. Бул чокунун көз алдынан кандай доорлор өттү экен? Адамзат жарала электе эле азыркыдай болуп шагылдын астынан көрүнбөгөн суу шаркырап, аскалары ушинтип жаңырып турду бекен? Адам акыл-эсине киргенден бери бу чокуга убайын көрсөттү бекен? Ал чокунун убайын гана көрүп, эсесин кайтарбай келатабы? Бизден кийин бу чоку канча кылымдар турар экен?.. Атаң көрүп, бу дүйнөдө түбөлүктүү деген нерсе болсо, ушул тоо, ушул жаратылыш, ушул дүйнөнүн өзү го. Анын жанында адам өмүрү бир жылт этип өчкөн учкун тура. Аны ойлобой дагы айлыктан айлыкка жетиш үчүн күндүн тез өтүшүн каалайбыз. Азыркы чымындай болуп...

Чоку тоготпойт, теңине алып жооп бербейт, шуулдап жаңыргандан башка тили жок. Же ушул доош анын тилидир? Адам өзүн гана акылдуу, тилдүү ойлоп, башка макулуктарды төмөн санайт эмеспи. Балким, бу таштын да тили бардыр, мунун тирүүлүгү адам тирүүлүк деп эсептеген тирүүлүктөн башкача тирүүлүктүр?.. Болбосо, жаратылыш акыл-эсти учкун мисал аз өмүрлүү адамга гана берип, түбөлүктүү өзүн куру калтырды дейсиңби? Түбөлүктүүнүн акыл-эси, тили биздей күнүмдүктөргө түшүнүксүздүр...

Мындай ойлордун түбү, тыянагы болчу беле. Бул ойлор жалгыз менин башыма келди дейсиңби, илгертен бери нечендер баш катырып өткөн ойлор да... – деп ордуман турдум, артыма кайттым. Күн кечтей электе Төө-Карынга өтүп, кечки жайытты карап, болсо-болбосо да эртерээк түнөк жай таап алыш керек. Атка бет алдым. Жогору асканын түбүнө шимшилеп кеткен тайган менин басканымды көрүп, жете келди. Менден озуп, таштардын коңулдарын шимшип жөнөдү.

Күн бешим болуп калды.

Шагылдан өтүп, кайра жанагы корумду аралап келатсам, тайган бирдемени кажылап жатат. Барсам, кулжанын башы. Чоң кулжа экен, мүйүзү эки оролуптур. Кече күнү атылган го, мүйүздүн шакектенген түбүндөгү сөөк кызарып жаңы. Тиги жуушоодо кийиктин жыты калбаганы ушу тура, бирин окко берип, үркүп кеткен белем. Кулжанын башын мүйүзүнө кызыккан неме эле артынып кетпесе, мергенчилер алып жүрбөйт, чарчаган атка өзүнчө жүк. Бирок бу баш жаңы болгону менен көзү, мээси оюлуп, маңдайында бир чымчым куйка жок. Түлкү акең түнү менен ары оодарып мүлжүп, бери оодарып мүлжүп, биротоло тазалаган соң эки мүйүздүн дал ортосуна, как чекенин үстүнө саңдап кетиптир. Карап туруп, түлкүнүн кылыгына күлдүм. Кээде кыжырың келгенде аргасыздан күлөсүң. Чоң кулжанын как чекесинин калыңдыгы бир элидей болот, анча-мынча жерден чып этменин огу теше албайт дешет мергенчилер. Өзүм атайлап атып көргөн эмесмин, болсо болот. Эми ошол ок өтпөгөн как чекени түлкүнүн кордогонун карабайсыңбы. Кулжанын бир шыйрагына тең келген түлкү... Жадегенде бекер эт жегенине ыраазы болуп кете берсе не. Жок, өлгөндүн жазасы – көмгөн кылып, кулжа жамандыгынан өлгөнсүп... Адалды арамдык жеңгенсип... О, жаратылыш, сенин адилдигиң да, адилетсиздигиң да ушу го!..

12.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.