АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ
УЛУУ ТОО
Жок, анын аңчылыгынан меники кызыктуу сыяктанды. Же азыркы абалымдан ардандымбы, иши кылып Хемингуэйге суктангым келбеди. Аныкы тим эле мырзалык сейил көрүндү.
Анан дагы: кандай кыйын, акыйкат, жазуучу болгону менен төрөлүк тегин коё бербейт экен го. Бөтөн жерде көп атар мылтыкчан аңчылык кылып жүрүп, жергиликтүү элден жаа, найзачан аңчылык кылган бирөө-жарымын көрүп калса, алардын аңын алардан кызганат.
Неси болсо да, эрин күйгүзгөн калай кружкадан ширин чайды «виски с содовой» деп ичип отурдум.
Чайды ичип бүтүп, «дасторконду» жыйнап, отту дагы күчөтүп койдум да, «төшөгүмү» салдым: ээрди жаздап, «жумшактап» үстүнө желдикти коюп, ичмек тердикти астыма төшөндүм; көрпөчө менен бөктөрүнө келген купайке жуурканым болду. Бирок азыртан жатыш эрте өңдөнүп, «жууркандын» үстүнө бүкүлү бойдон– чалкаман түшүп, талыкшыган денемдеги чарчоонун ырахатын тыңшап, ободогу жылдыздар менен оттон учкан учкундар аралашып, асман-жердин ортосунда уюлгуп ойноп жатышкандай...
Ошентип жатып уктап калыпмын.
Түн бир оокумда ойгонсом, тишим тишиме тийбейт.
От алдагачан өчүптүр. Тайган бүрүшүп аягымда төшөктө жатат. От өчкөнгө асман чаңкайып, жанагы жылдыздар жанагы эле орундарында жетигендин кочушу гана казандан бирдеме сузуп алгандай чалкалап калыптыр, жана чыга элек ай алдагачан түштөн ооп, Манастын чокусунун далдаасынан шоолаланып турат. Тоо арасы ала көлөкөлөнүп, сүрдүү: жогорку мөңгү ай нуруна чагылышып кашкаят, мен турган жерди чокунун көлөкөсү калдайып басып турат.
Аттан дайын жок, карааны да көрүнбөйт, шыбырты да угулбайт. Болсо-болбосо төмөн сууга түшүп кетсе керек.
Бүткөн боюм тырышып калыптыр, чиренип жазылгым келет, чиренсем тарамыштарым үзүлүп кетчүдөй чоюлат. Атка аябай урунганым азыр катуу билинди, отту кайра жакмакчы болуп басайын десем, эки жоон саным сүйрөлбөй, жамбашым, белим ооруйт.
Аттан теке-тука болдум. Отту кайра келгенде жагармын деп, төмөн бастым. Эгер ат төмөнтөн суу ичкен соң, тетирисине алса, андан ары айыл кайдасың деп жүрүп кетиши ыктымал. Аттан айрылсам, ээн тоодо менин күнүм эмне болот. Мылтыкты алдым да, ооруган жериме карабай акырындап ылдыйладым. Бир аз бара түшкөн соң сол жагым капилеттен шыбырттап калды. Байкоос бараткан жаным, чочуп кеттим. Карасам, тайган, ал артыман жете келери эсимде жок. Жаныма тайган пайда болгондон кийин аны караан тутуп, тоо түнүнөн сүрдөбөй калдым.
Айтканымдай эле ат булакка жетип токтогон экен. Суусунун кандырып, дагы бир аз чөп чалган окшойт, азыр курсагын кампайтып, үргүлөп туруптур. Таанышына менден мурун жете барам деп, тайган аны да бир чочутуп алды. Булак менен менин түнөгүмдүн ортосу да итапкан жер экен, кайра атты жетелеп жөө чыгып келатканда билдим. Жакшы жери, үшүгөнүм өтүп, өр талашканда кайра күйүгүп, тердеп чыктым. Куураган арчалардан тере келдим да, отту жаңыртып жагып коюп, «төшөгүмдү» таштын жаракасына жакыныраак ыкка жылдырып, чындап жатмак болдум. Бирок уйку жок. Арча чатырап, учкундары мага чачырап, күйгөнүн карап жаттым.
«Жана «төшөккө» учкун түшпөгөнүн кара».
Бирок уйку келбеди. Жамбашыман таш өтөт, колумду сойлотуп, улам бирин алып таштайм, бир аздан кийин кайра эле башка жеримен өтөт.
«Жана уктаганда бу таштардын өтпөгөнүн кара».
Уйку келбес болду. Туруп отурдум. Ай чокунун далдаасынан дагы нарылап, жогорку мөңгү да эми кашкайбай, күңүрттөнүп калды. Тоо коюну дале уйкусунан ойгонбой, тынч, сүрдүү. Бу сүр – сырдуу сүр. Адамды коркутпайт, түрлөнтөт, апкаарытат. Улуулугунанбы, ээндигиненби, же ушул экөөнөн теңби, айтор, мен апкаарып отурам. Шаардын түнкү ээн көчөлөрү эске түшөт. Анда капыстан хулиган жолугабы деп, чочулап басасың. Же өзүң кичине алагүү болуп алсаң, бирөө жарым жолукса тумшукка коюп өткүң келет. Биерде кимден чочумак элем. Ээн тоодо жалгыз адам – өзүм. Бирок апкаарыйм.
Таң атары жакындыгын билгизип, мөңгүдөн сыдырым суук жел жүрдү. Тайган бүрүшүп келип, жаныма жатты. Анын да уйкусу жок, кыбыңдап отту карайт. Улам арчанын сыныктарынан отко таштап коюп, табына денем кеңирсип мен отурдум.