АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ
УЛУУ ТОО
Бирок кээде Иван Карпович кайта айтар эле:
– Ушу силер, кыргыздар, абдан жалкоосуңар. Кымызга ныксырап, боордо жамбаштап жатып көнгөнсүңөр. Болбосо, карачы, шаарда менчик үйлүү кыргыздар кол менен саналат. Ха-ха...
Кадыралы жашоо-тиричиликке ыкчыл болуп чыкты. Көп өтпөй бир күнү айтып келди:
– Шаардын четинен участок кестирип алдым. Там салыш керек...
– Кантип саласың?
– Э, баштап койсо, акырындап бүтө берет да... сени ашарга чакырам...
Мен ойлоп-ойлоп акылым жетпеди: байлыгыман арылайын десең там сал, күнөөмөн арылайын десең – катын ал дегендей, там салыш оңой иш бекен. Кирпичи, жыгач-тактайлары, жадегенде мыктарына чейин... түгөнбөгөн түйшүк да. Анын үстүнө баары бекер келмек беле, же «арылайын» дегенге батпай жаткан байлык бар беле? Кадыралынын кызматы дурус, башка да ишенген жери бардыр. Менин айлыгым эки кабат болуп, иштен калып калган аялым экөөбүздүн тамагыбызга араң жетет... Жок, куру убараны башка үйбөй, коммуналдык квартиранын кезегин күтүш керек. (Иштеген жерде кезекке туруп койгом, онунчу болуп.)
Кадыралы жаркылдап сөзгө кыйын, ачык-айрым, кишинин ичи-койнуна бат эле кирип кетчү жигит. Сүйлөгөндө эки жамажайынан шилекейи чыгып, аны качан жутат деп мен быякта кысталып ооз кургатам. «Алтын шилекей» деп койчу өзү. Чакырган коноктору ар түркүм: кээде салынып жаткан тамдын ашарына катышкан студенттер келет; кээде мен иштен келатып, эшиктин алдынан жеңил машине көрөм.
Бир күнү келди ал сүйүнүп:
– Квартира алдым!
– Коммуналдыкпы?
– Ананчы.
– Тамыңчы... салып жаткан тамың?..
– Анын дубалдары туруп калган, сатып жиберем да.
Баарыбыз ал үчүн кубандык, ажыраш аяк ичип, жабыла көчүрүп койдук.
Үйгө келгенде аялым капаланат.
– Эмне болду?
– Биз качан жетер экенбиз...
– Оо... ошого элеби?
– Жакшы квартира экен, баары ичинде.
– Бизге тийгени сыртында болмок беле. Шашпа...
Бир күнү сөз ортосунда Иван Карпович айтты:
– Көрүп турам, сен эч качан жакшы жашай албайсың...
– ?..
– Кадыралыны көрдүңбү? Киши – киши менен киши дейт го силерде...
Мен эчтеме дей албадым.
Кээде чын сөз да адамды корунтуп коёт. Өзүнчө ойлонуп басып турган Иван Карпович кайра жаныма келди да, ийниме колун коюп айтты:
– А впрочем и не надо так, как он. Здесь что-то не чисто[1].
Күзүндө Иван Карпович дүйнөдөн кайтты. Алыстагы балдары келип, шаардан эски кызматташтары, башкалар болуп, көп эл чогулуп урматтап көмүштү. Чоң көчөдө веноктор чубалып, сөөктүн артынан эл чубап, элдин артынан «волгалар», «москвичтер», башка машиналар чубады.
Кадыралы экөөбүз бир катар баратат элек:
– Атаң көрү, өлгөндө артыңан ушунча машина ээрчисе, жакшы эле өлүм болот экен.
Денем «дүр» эте түштү: «Что-то не чисто» деген Иван Карповичтин сөзү эсиме кылт этти.
Баарынан да Александра Васильевнага кыйын болду, күйүтүнө өзүнүн эски кесели кошулуп, катуу жыгылды. Балдары акылдашып, энесин көчүрүп кетмей болушту.
Тамды сатууга бүтүм чыкты.
– Биз эмне кылабыз? – дейт аялым.
Бул суроо менин көкүрөгүмдө да турган.
– Эмне кылмак элек, отура беребиз...
– Там менен кошо сатылгансып... кызык болот экенсиң.
Мен аргасыздан күлүп жибердим. Аялым да айтарын айтып алып, кайра өзү күлдү.
Бирок биз ал тамда отурбадык. Жаңы кожоюн келди. Жакшылап карасаң, адамды сырт кебетесинен улам мүнөзүн, кесибин боолголоп билүүгө болот. Жаңы кожоюнубуз, сыйкы, соода тармагында, болгондо да сатуучу эмес, завхоз сыяктуу жумушта иштеген неме көрүндү: богогу ээгин тээп семиз, кандайдыр кир сезилип, ачык жерде, күн астында көп болобу, назили сары өңү тотуккан, тамак жесе ууртунан майын сарыктырып, бурдап жеген адам экен.
Кадыралынын ордуна эч ким кирген эмес, бир чоң тамда аялым экөөбүз гана турчубуз, ал келди да:
– Ну что ж, дорогие гости, придется вам освободить дом, – деди. – Нахлебников у меня достаточно, чтобы заполнить его[2].
Эмне кылмак элек, ээси келсе бээсин бер деген. Эки-үч күн тура турууга уруксат сурап алып, квартира издөөгө кирдим. Жакын тегеректи аялым арытты, алысты мен кыдырып жүрдүм. Остановка сайын акыйып зым карагайларды карай берем, квартира берилет деген сөз жазылган алакандай кагаз болсо, жулуп чөнтөккө салам (адресин көчүрүп жазып алса деле болор эле, дагы бирөө окуп, менден мурун илип кетпесин деп, жетпей жатып кызганам).