АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

УЛУУ ТОО

АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

Албетте, аркар антип ойломок кайда, жонунан мыкчылып, төрт аягы төмөн салаңдаганы менен мойнун кейкейтип, жерди карагысы келбегендей, өйдө, бүркүттү карап баратканынан улам мен ошентип ойлодум. Эки бүркүт улам бир колу талып кеткенде шаңшып таштап жиберди, элүү метрче ылдый кулаган аркарды экинчиси шуулдап жетип, андан ары илип жөнөп, менин үстүмөн алып баратты. «Баракелде!» – дедим мен алардын күчүнө, күчүнөн мурун да эрдигине, ушундай бийик үчүн жаралганына суктанып, өзүмчө толкундап.

Аздан соң бүркүттөр аркарды Саятчынын аскаларына алып кирип кетти. Кыязы, анда уясы, уясында балапандары бар го.

Биздин шаарга кээде, көбүнесе кышкы чилдеде ажайыпкана, орусча айтканда, зверинец келип калар эле. Кышында келген себеби анда ысык өлкөлөрдө жашаган пил, маймыл, тоту куш өңдүүлөр үчүн биздин түштүк ыңгайлуураак болсо керек. Ыңгайлуу болбой курусун (кышкы чилденин биздеги суугу оңой бекен), алар титиреп, жүдөп турчу. Ажайыпкана кызык жай. Бирок качан барбайын, бүркүткө, арстан менен жолборско, пилге боорум ооручу. Менин түшүнүгүмдө: бүркүт ачык асман, бийик обонун баатыры, пил болсо дүйнөдөгү айбандардын эң күчтүүсү болуп туруп, эң айкөлү, момуну. Ушул төртөөнүн кор болгонун көргүм келбейт, ушул төртөөнү кордогон адам алардан пас көрүнөт. Кор болбогондо эмне, бүркүт бийик асманынан, арстан менен жолборс жаңы кандан, пил чүйгүн отунан ажырап, кол карап, дайым камоодо. Ошондо ойлоор элем: «Ушулардын ордуна төрт жаман адамды отургузуп, көкүрөктөрүнө «Чыккынчы», «Кара мүртөз», «Мансапкор», «Кошоматчы» деп жазып койсо...»

Азыр тиги эки бүркүттү көргөндө ошол ойлоруман улам толкундап, суктанып кеттим. Бирок ажайыпканада жүргөндө башка нерсени ойлобопмун: аркар байкушта эмне жазык, жерге чыккан чөптөн башкага зыяны жок бир асыл жан, а бирок ал күчтүүлөргө жем болуш үчүн гана жаралган. Асмандагы бүркүттөн, жердеги карышкырдан коркот; азыр мылтык күчөгөн кезде адам ал үчүн карышкырдан нараак жоо болуп калды. Аркар байкуш кайда барып жан сактайт?.. Табият аны атайы күчтүүлөргө жем болуш үчүн жараткандай, аны жеш үчүн күчтүүлөрдү жараткан.

Табияттын адилеттиги да, адилетсиздиги да ушул экени кайрадан мени ойго салды.

Быйыл жазда, шаарда жүргөндө... Бир күнү иштен келаткам. Жаңы сур «волга» жаныман зуу өтө берип, токтоп калды. Ичиндеги бирөө арткы терезесинен кол булгалады. Барсам, Кадыралы экен.

– Кел, түш, – деди саламга сунган колумду тартып.

– Каякка?

– Түшө берсеңчи.

«Волга» көрсөм сүрдөп кетмей жайым, Кадыралыдан мурун да, ушундай жаркыраган машине мени күтүп калганына оюму жыйнабай түшө калдым.

– Бу кандай, же өзүң мейманга чакырбайсың, же мен чакырсам кыйыласың? – деп Кадыралы адатынча ачык-айрым күлкүсүн салды. Мен бирдеме деп күңк-мыңк эткиче кайра өзү үстөмөндөп тамашалай берди:

– Сеникине барсам чакыртпай деле барып коёт элем, кедейсиң да, жөндөп коноктой албай кайра өзүмдү уят кыласыңбы дейм. Ыя, чынбы?.. Ха-ха-ха!..

Айтканы чын эле. Мен да күлгөн болдум.

– Кандай, иштер жакшыбы? – деди кайра кадимки жөпжөнөкөй боорукерлиги менен.

– Алынча.

– Салкын кандай жүрөт? Жентекке качан чакырасыңар?

– Жүрөт... Дагы төрт-беш айдан кийин.

– Өзүң кандай?...– дедим мен кезегим келгенде.

– Көрүп турбайсыңбы, – деп ал тамашалуу үнгө салды да, эстей койду окшойт:

– Квартира эмне болду? Качан жеткидейсиң? – деди.

– Дайны жок, али баягы он кишинин бири ала элек.

– А тиги... управлениеңердин замначы албадыбы.

– Ал министерствого тийген квартираны алды дешпедиби.

– Кайдагы министерство... Быйылкы жылдын эсебинен силерге тийген квартира болчу, ошону беришти.

– Кантип?.. Ал жаңы эле келбедиби?

– Жаңы эле келип алып коёт да.

– Бизге быйыл квартира бөлүнбөй калды деген директор.

– Оо, мадыра баш... Ошол үчүн директор да, чоңуна каршы чыгууга анын башы экөө бекен.

Бир азга унчукпай бардык. Мындай иштер турмушта боло берчү эле. Бирок дал биздин оозубуздан жулуп кеткенине таң калып, туталана баштадым. Кадыралы олуттуу сүйлөдү:

12.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.