АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ
УЛУУ ТОО
– Ашказаным ооруйт... Гастрит... Ичкенде оорутууга күчү жетпей калат окшойт, унчукпай жымылдап калды. Бирок эртең азабымы берет... Кандай дейсиң, Жумаш Сакеевич жакшы киши ээ?
Мен баш ийкеп турдум окшойт.
– Мен жакшылап жөнөтө албай калдым, башкалардай болуп... Жүздү эле араң таап салдым чөнтөгүнө... Бирок жакшы киши, көңүлүнө албайт. Көрүп турбайбы менин абалымды...
Мен баш ийкеп турдум окшойт.
Анан билбейм. Арык киши кайда кетти, Кадыралы кайда кетти?.. Ал, кыязы, менден адашып калган го, болбосо машинеси менен жеткирип коёт эле. Ал мени таштап кетиптир деп ойлоодон ардандым.
Ошентип караңгы, ээн көчөдө жөө бараттым. Эсиме келгеним болбосо, коньяктын күчү кадимкисиндей эле экен. Барар үй ыраакта, башкача айла жок, кере-кере арыштап, жөө жүрүп отурдум.
«Атаң көрү, – дедим өзүмө, – мына, күчтүүлөр кандай жашайт!..»
Мен да күчтүү болгум келди. Күчтүү болсоң адилдикти да багынтып аласың, ал сага көз каранды болуп, кайра өзү кызматыңы кылат. Караңгы көчөдө өзүмчө эрдемсип, башын жерге салган начарлардан жолукса, «начарсың!» – деп ургум келип, чоң-чоң арыштап бараттым. Дүнүйөм түгөл, бар максатыма жеткендей көңүлүм көтөрүңкү. Ырас, тереңимде мен күчтүү эмес экеними, табиятымда күчтүү жаралбаган соң атайлап боло албасымды, андыктан бу кыялдарым жөн эле каалоо экенин, эртең башым шылкыярын билип бараттым. Бирок аны моюнга алгым келбеди.
Үйгө түн бир оокумда жеттим. Аялым жатып алыптыр, бирок уктабай, чырак өчүрбөй жаткан экен. Үйгө кирип, мен өзүмдү бир кызык ойдун үстүнөн кармадым: аялым менин кечиккениме таарынып, айдын аягы болуп, үйдө тыйын жок жутап турган чакта карыздап акча таап келет деп үмүттөнүп жаткан байкуштун таарынар жөнү бар экенин билип кирдим, бирок күчтүүлөр менен стакандаш болгонума корстон экеними, демек, аялымдын таарынар жөнү жок экенин сездиргим келгеними байкабадым.
Төшөктө жатып бетим ысыды.
«Атаң көрү, – дедим өзүмчө, – кунарың ушунча эле беле?..»
Эртеменен ойгонсом, башым жаздыктан көтөрүлбөй калыптыр, кече күнкү дүйнө бүгүн башкача, мурдагы күнкүсүндөй.
– Ишиңе кечиктиң го... – деди аялым. – Бала түнү менен ыйлап чыкты. Эмчегимен сүт чыкпай калыптыр...
Мен онтоп, башымы жаздыкка каттым.
Шар суунун шапатасында кичине чыйралып алган соң, тиги чокудагы тайпаңга жөнөдүм. Мергенчилер чыкчу көнүмүш жолго салбай, жана айткандай түрдүн алкымына жетип, анан имерилип жүрүүдөн ышынып, түз бетке салдым. Тиктиги болбосо, аска-зоонун аралары ачык эле көрүнүп турат, салт адам чыгып кетчүдөй.
«Кыйналып калбас бекем?» – деп ойлодум да, кайра: «Жок дегенде бир жолу бирөөнүн изин эрчибей, өзүмчө жол издейинчи», – деп өзүмдү тамашалап койдум.
Ат алыс, төмөндө калды. Тайган да менин бу жоругумду жактырбагандай улам бир жалпак ташка жетип отуруп алат да, көптө артыман көңүлсүз келет. Улам көкүрөк ачышып, тизеден кубат кеткен сайын өзүм да көңүлсүздөнө баштадым. Бирок өжөрлөндүм. Күн түштөн кыңкайып кетти. Мен чокудагы тайпаңга жеткиче бешим ооп калар. Чарчаганымы, жолдон орун тандап алганымы ойлобоюнчу дедим. Антпесең ого бетер чарчай бересиң. Асманды, туш-тарабымды карамыш болуп, ой алаксытуунун аракетинде бастым. Ар-ар жерде экскаватор челгенсип суурдун ийнин казган аюунун изи жатат. «Жолуман аюу жолукса...» – деп, андан ары эмнелер болорун ойлойм. Бирок буларга алаксый албадым, тизем бүгүлүп, жүрөгүм жарылып кетчүдөй какканда алсыз адам экеними ойлоп, аргасыз токтоп калам. Артыма карасам, байкабай кыялап жүрүп отуруп, чыккан жеримен бир топ капталдап кеткеними көрөм: тору ат биякта калыптыр. Төмөнтөн белгилеп алган багытым да туурада калып, мен азыр башка аскаларды аралачудаймын. Булар деле жанагыдай көрүндү, арасынан өтүп кетер жолу бар сыяктанат. Жанагы белгилеген багытым дурус көрүндү эле, бирок ага жетем деп, кайра артыма саламбы. Мынча чыккан соң кайтыш жок, кичине отуруп дем алып, дагы кыялап жөнөдүм.
Ошентип беш кадам аттап, бир токтоп жүрүп отуруп, дагы башка аскалардын түбүнө жеттим. Аскалар анча бийик деле эмес, бирок жалама тик, араларында ит секирип өткүдөй кычыктары бар. Ошол кычыктар менен өтүп кетермин деп, дагы тырмыштым. Кызык мына ушунда башталды, аскалардын бери түбү куюлган шагыл эле, бир кадам өөдө тырмыштым, эки кадам кайра төмөн жылбышам. Кетпеген жеримен тер кетип, күшүлдөп-бышылдап, төрт аяктап жан алакетке түшүп жатканымы сыртыман бирөө көрсө күлөр беле, же аюу деп атар беле. Өзүм өйдөлөй албай жаным кашайып жатып ушуну ойлосом, тереңимдеги чарчабаган сезимдер күлөт. Тайган күлүп турдубу, же түшүнө албай таң калып турдубу, мен эптеп аскага жетип жабышканымча артымда ордунан жылбай кадала карап тура берди. Мен калтырап-титиреп асканы таянганымда: «Ой, жаман десе, минтип чыгат» – деп акыл үйрөткөнсүп, эки-үч секирип чыга келди. «Адам төрт аяктап айбан болуп жашай албагандан кийин эки аяктап адам болуп алса керек», – деп ойлоп, тереңимдеги чарчабаган сезимдер дагы күлдү.